"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кызматташуунун ийгиликтерин жана келечектеги пландарын талкуулашты

August 29, 2024, 11:13

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) Кыргызстандагы башчысы Кожиро Накай менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкованын жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү маселелери талкууланды. 


"Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун бул уюм менен кызматташууда мыкты тажрыйбасы бар. Роза Жазыбаевна Кыргызстанда Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ишке ашырып жаткан долбоорлорунун маанилүүлүгүнө токтолду:“Биз мектептеги тамактанууну жакшыртууда олуттуу ийгиликтерге жетиштик, бул балдардын ден соолугуна жана окуудагы жетишкендиктерине оң таасирин тийгизүүдө. Биздин аракеттерибиз сезилээрлик натыйжаларды берди жана биз жетишкен натыйжалар менен сыймыктанабыз", — деп белгиледи Роза Кайыкова. 


Өз кезегинде Кожиро Накай аткарылган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирип, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун ишмердүүлүгү БУУнун ЮНИСЕФ жана БУУ аялдар сыяктуу башка агенттиктеринен жогору бааланган пикирлери менен тааныш экенин айтты. Ал Кыргызстандагы Балдардын жана үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу үчүн мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 


Жолугушуунун соңунда Роза Кайыкова Кожиро Накайга фонд тарабынан чыгарылган "Өмүрү өрнөк инсандар" сериясындагы китептердин топтомун сый-урматтын жана кызматташтыкка ыраазычылыктын белгиси катары тапшырды. 


"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду Кыргызстанда адамдардын жашоосун жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда биргелешкен күч-аракеттерин улантышат.