Журналисты немецкой газеты Die Zeit ознакомились с деятельностью Центра развития на джайлоо "Бал таттуу"

July 12, 2024, 21:55
Германиянын Die Zeit гетитинин журналисттери Жети-Өгүз районунун Балтабай айылындагы “Бал таттуу” Жайлоо өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Жайлоо өнүктүрүү борборунун тарбиячылары адаттагы сабактарынан сырткары ата-энелер менен биргеликте улуттук каада-салт боюнча маалымат берип, тамак-аштарды балдар менен биргеликте даярдашты. Тамак-аш мастер-класстарында балдар курут,кымыз,талкан, бадырак,боорсок,быжы сыяктуу улуттук даамдардын кандай жасалаарын гана көрүп тим болбостон,өздөрү дагы активдүү катышышты. Балдар мастер-класстарга кызыгуу менен мамиле кылышып,тамак-аштар абдан даамдуу болгонун сүйүүнү менен бөлүшүштү.

Журналисттер бул “Бал таттуу” Жайлоо өнүктүрүү борборунун мисалында долбоор жана анын эрте курактан билим берүүдөгү,улуттук баалуулуктардын кийинки муундарга өткөрүүдөгү орду тууралуу материал даярдашууда.