"Кечки лира" поэзия кечеси аншлаг менен өттү.

June 5, 2023, 07:56
2023-жылдын 2-июнунда Ынтымак 2 паркында "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду уюштурган "Поэзия кечеси" өттү.

Иш-чарада А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси-Алтынбек Исмаиловдун, Республикалык "Алтын калем" адабий сыйлыгынын лауреаты-Улукбек Омокеевдин, Маданияттын мыкты кызматкери,Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты-Нуркыз Рыскул кызынын чыгармалары жаңырды. Ошондой эле акындардын чыгармаларына жазылган обондуу ырларды кеченин коноктору-Түмөнбай Колдошев, Азиза жана Баян Акматов аткарышты.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" Фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова өз сөзүндө 2016-жылдан бери 100 акындын 40 "Поэзия кечелери" өткөнүн белгиледи. "Үч жыл мурун Пандемиядан улам бул демилге үзгүлтүккө учурап калган. Бирок "Поэзия кечелери" кеңири жайылтылып, көптөгөн поэзия кечелери өз алдынча өткөрүлүп жатат. Фонд дагы бул демилгени мындан ары көрүүчүлөргө жаңы форматта сунуштай бермекчи"-деди Роза Жазыбаевна.

Иш-чарада көрүүчүлөр арасында акындардын ырларын жатка окугандарга “АсылМЕД” клиникасынан белектер ойнотулду. Бул компаниянын атынан "Поэзия кечесинде" Алтынбек Исмаиловдун, Нуркыз Рыскул кызынын жана Улукбек Омокеевдин апаларына гүлдесте жана сертификаттар берилди.

“Поэзия кечелери” Кыргызстандын белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган. КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке демилгеси менен Фонд 2016-2020-жылдары Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы белгилүү акын жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын эл-журтка кеңири тартуулап келген. Бул аралыкта 100 акын катышкан 40 поэзия кечесине 15 миңден ашык адам акысыз катышты.