19 апреля, 2019 г. День Афганистана на выставке "Жибек Жолу"

April 19, 2023, 09:01

Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүнүн 19-апрелдеги күнү Афганистанга арналды.

 

Иш чаранын расмий бөлүгү «Афганистан» деген даректүү фильм менен башталды. Андан соң ушул күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Афганистан Ыслам Республикасынын Тышкы Иштер министри Салахуддин Раббани Көргөзмөгө да өзүнүн делегациясы менен келип катышып, куттуктоо сөзүн айтты. Ал өзүнүн ушул «Жибек жолу» көргөзмөсүнө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону үчүн КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаевага ыраазылык билдирди.

 

Р.Отунбаева өзүнүн сөзүндө Афганистан менен биздин өлкөнүн ортосунда байланыштарыбыз аз экенин, бизге бир жактуу гана маалыматтар жетип жатканын, ал эми биздин эл Афганистан эли менен соода-сатык, маданий байланыштарды каалай турганын белгиледи жана Афганистандын Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Исса Месбахты биргелешкен маданий иш чараларды өткөрүп турууга чакырды.

 

Андан соң Афганистан Ыслам Республикасынын Тышкы Иштер министри Салахуддин Раббани Кыргызстанда окуп жаткан афганистандык алдыңкы студенттерге жана мектеп окуучуларына Ыраазылык каттарды тапшырды. Расмий бөлүктүн соңунда көрүүчүлөргө Афганистан элинин улуттук бийлери, ырлары, поэзиясы тартууланды.

 

Күн бою мехенди( кыздардын колдоруна, беттерине ар кандай сүрөттөрдү түшүрүү) жана афган оюндары боюнча мастер –класстар өткөрүлдү.