STEM: жаңы багыт, жаңы түшүнүк

March 31, 2022, 13:25

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси  жана  БААУнун Инновациялык колледжи “Илимдеги кыздар” долбооруна кирген 81 пилоттук мектептин  директорлору менен өткөргөн консультативдик жолугушууда STEM-билим берүүнүн учурдагы абалы жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, STEM предметтер боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, кыздарды табигый илимдерге тартуу, гендердик теңчилик тууралуу маселелер каралып, талкууланды. Жолугушууга онлайн форматында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

Билимдүү эне – билимдүү өлкө

Семинардын модератору “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева жолугушууну ачып жатып, учурда дүйнө жана биздин өлкө экономикалык ресурстарды издеп жаткан мезгилине токтолуп, ал эң натыйжалуу жана пайдаланбай жаткан ресурс катары аялдардын кудурети аныкталганына токтолду. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумунун билдирүүсүндө 2030-жылдардан кийин  планетада 400-800 млн адам жумушсуз калат экен. Анын ордуна жасалма интеллект, роботтор келет. Ошол шартта эң биринчи жабыр тарта турган кыз-келиндер.

Акыркы мезгилде иликтөөлөрдө кыргызстандык кыз-келиндердин миграциясы  өсүп жаткандыгы далилденди. Жумушту тыштан издебей STEM кесибин алуу менен, дүйнөлүк, ата мекендик жана эл аралык эмгек рыногунда татыктуу жумуш ордун ишенимдүү түрдө таба алат.  Кыргызстандын өнүгүү Стратегиясында негизги жумуш орундары тоо-кен компанияларын иштетүү, суу, табигый ресурстарды башкаруу, санариптик технологияларды өркүндөтүү, күн энергиясын пайдалануу ж.б. каралган.

— Дүйнөдө сууга болгон каатчылык келатат, азык-түлүк коопсуздугу, КОВИД коркунучу бар. Бул маселени чечүүнүн бирден бир жолу STEM (Илим, технология, инженерия, математика) тармагындагы кесипке байланыштуу. Фонд тарабынан АКШга, Индияга ондогон окумуштуу кыз-келиндерди, мугалимдерди  жөнөтүп, тааныштырып, 2015-жылдан  бери STEM кышкы, күзгү лагерлерин уюштуруп жатабыз. Аялзатын илимге, технологияга, креативдик индустрияга багыттап иштөөнү жүргүзүп жатабыз. Билимдүү эне – билимдүү өлкө экенин унутпашыбыз керек, — деди ал.

Жаңы стандартка жаңы түшүнүк кирет

Андан соң онлайн форматта жолугушууга чыккан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда он жылга карата жаңы мамлекеттик стандарт бекитилип, ошонун алкагында программалар, Базистик окуу планы түзүлүп чыгаарын баса белгиледи.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

— Бул жолку өзгөчөлүк – биздин стандартка жаңы түшүнүк STEM предметтери кирип жатат. Буга бийликтин да, окуучунун да  мамилеси өзгөрөт деген ойдобуз. Башка предметтерге салыштырмалуу STEMдин артыкчылыктары кайсы деген суроо жаралышы ыктымал.  STEMге ылайыкташып окуган балдардын эмгек акылары 26%га жогору болот. Эгерде пандемия беш жылга чейин уланып кете турган болсо, мен эмне кызмат кылам, эмне иш кылып жан сактаймын деген суроо өзү эле келип чыгат. Адамга көндүм, критикалык ойлонуу болбосо, маселени чечүүгө багытталган бир көз караш калыптанбаса абдан кыйын болот. Андыктан биз тарбиялап жаткан мектеп окуучуларын дагы XXI кылымдын талап кылган көндүмдөрүнө окутушубуз керек. Көндүмдөрдүн философиясы бүгүнкү STEM предметтерине байланышкан. Анткени техникалык багытка кызыгууну көбөйтө турган STEMди киргизүү менен биз эртеңки маркеттин, базар экономикасынын талабы болгон муктаждыктарды жапканга шарт түзүлөт. Кыргыз жарандарыбыз өлкө рыногунда эмес, дүйнөлүк рынокко чыгып иштеп жатышат. Маселен, АКШдагы мекендештерибиз көбүнчө таксист болуп иштеп баштаса, учурда алар жаңы кесипке өтүп, алты айда же бир жылда массалык түрдө IT адистерге айланып жатышат, — деди министр.

Анын айтуусунда,  STEM профессионалдарынын көбөйүшү – бул экономикалык өнүгүү дегенге барабар. Министр  өндүрүшкө импульс берген тармак STEMге байланыштуу болуп жатканына,  андыктан балдардын илимий изилдөөгө көз карашын, технологиялык түшүнүктөрдү, инженериялык көндүмдөрдү  жана адамдын мээсинде математикалык мейкиндикти калыптандыруу маселеси  алдыбызда турган милдет экенин баса белгиледи. 81 мектепти пилоттук кылып тандап, STEM предметтер боюнча жаңы түшүнүктөр калыптансын, окуучуларга берилип жаткан билим берүүнүн ыкмасы алмашсын деген демилгени министрлик жигердүү колдоорун айтты. Мындан тышкары жакында өлкө башчы өзү мугалимдердин эмгек акысы жогорулаганын, ошондой эле STEM предметтерге өзгөчө маани бурулаарын, аларга стимфонддон кошумча каражат каралаарын жарыя кылаарын айтып өттү.

— Эң аз алган мугалимдин эмгек акысын окладка теңдейбиз. Педагогикалык училищаны бүтүргөн жаңы адистин айлыгы 20400 сомго барабар болот. Жогорку айлыктар аябай эле көтөрүлөт. Ошонун ичинен STEM предметтерге басымдуулук кылдык. Мунун баарын өлкө башчы өзү айтат. Мындан тышкары Өкмөт башчы демилге көтөрүп,  ар бир окуучудан бирден дарак деген акция башталып жатат. Ар бир бала жыл сайын бирден дарак отургузса, окуучулук күнүндө кичинекей бакчасын негиздеп кетет. Мугалимдер толтурган 14 документ алынып салынды. Документке кеткен убактыңарды балдардын келечегине жумшагыла, — деди А.Бейшеналиев.

“Илимдеги кыздар” долбоору

Андан кийин “Илимдеги кыздар” долбоорунун өнөктөштөрү ушул убакка чейин жасалган иштери боюнча презентация жасашты. Алсак, “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун кызматкери Роза Кайыкованын билдирүүсүнө караганда, ЮНИСЕФ менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Меморандумдун негизинде Бишкек шаарынан 51 мектеп, Чүй облусунан 10 мектеп жана Ош шаарынан 20 мектеп, жалпы 81и пилоттук мектеп болуп долбоорго бекитилген. Ушул мектепте окуган социалдык жактан начар үй-бүлөлөрдүн кыздары долбоорго тартылган. Аларга менторлук кылуу үчүн технология, илим, креативдүү экономика, медиа, искусство, бизнес тармагында ийгиликтүү эмгектенип жаткан белгилүү 113 айым тандалып алынган.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

«Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасына Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен 3000 кыз катышкан. Насаатчы айымдар өздөрүнүн бардык билимдерин, жөндөмдөрүн, өздөрүнүн кесиптик жана жашоодогу тажрыйбасын кыздар менен бөлүшүп, «айымдарга тиешеси болбогон» кесиптер жөнүндө стереотиптерди жоюуга жардам берип келатышат. Ошондой эле STEM-билим берүүсү жөнүндө айтып берип, өз тагдырын аныктоо жана келечекте кесипти тандоо жагынан да жардам берилгенин айтты. Бул долбоордун дагы бир компоненти — 2020/2021, 2021/2022-окуу жылында 400 кызды Жалпы республикалык тестирлөөгө акысыз даярдап, техникалык багыттагы адистиктерге барууга үндөп, бир топ профориентациялык иштерди жасоо.

— Өткөн окуу жылында 215 кызды SECOM окуу борборунда даярдадык, окуттук, алардын ичинен 11 кызыбыз ар кандай себептер менен ЖОЖго тапшыруудан баш тартышты. Калган 204 кыздын 197и жогорку окуу жайларга өтүштү. Бул кыздардын 72% табигый-техникалык адистиктерди тандашты, — деди Р.Кайыкова.

Ал эми Инновациялык колледждин долбоор боюнча координатору М.Самыкбаева   гендердик сезимтал модулдарды STEM предметтери боюнча иштеп чыгуу, мугалимдерди окутуу, аны ишке киргизүү, билим берүү борборлорунун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, мугалимдерге колдонмону таратуу ж.б.у.с. иштерди аткаруу милдеттендирилгенин айтып, аткарылган иштерине токтолду.  Мектеп мугалимдери үчүн БААУнун эксперттери STEM сабактарынан берген мугалимдери менен биргеликте STEMди кантип сабактарга киргизүү керек деген жаңы колдонмону иштеп чыгышкан. Колледж 20 пилоттук мектеп менен түздөн-түз иштешет. Ошондой эле  “Балдар коргоо борбору” 8-класстан 646 кызды тренер катары даярдашкан. Даярдалган тренерлер өздөрүнүн курдаштарын окутуп, 2,5 жылдын ичинде 30000 кызды доид-тренингден өткөрүшөт. Анда кыздардын лидерлик сапаттарын өстүрүү, кесип тандоодо багыт берүү, ар кандай турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу, ата-энелерге түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүү боюнча тренингдер  өтүлгөн.

Илимдеги кыздын, лидер директордун образы

Жолугушуунун катышуучулары бир нече топко бөлүнүп, акыл чабуул тапшырмасында  “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучуларынын образын түзүшсө, экинчи тапшырмада лидер директордун образын чыгармачылык изденүү менен түзүп, андан кийин гана мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына, тарбиялык планга STEM түшүнүгүн киргизүү боюнча презентацияларды жасашты.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

 

Жолугушууда “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун эң чоң компонентинин бири — КР билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын (2012-2020) анализдөө, ошондой эле Базистик окуу планын, мамлекеттик стандарттагы предметтик стандарттарда, мектептен тышкары билим берүүдө STEMдин орду канчалык бар экен, анын билим берүүнүн өнүгүү саясатындагы орду кандай деген иликтөө жүргүзүлгөнү тууралуу эксперт катары профессор Абакир Мамытов терең иликтөөсү  боюнча презентация жасады.  Ал бул документти анализдеп, иликтеп, өзүнүн сунуштарын Билим берүү жана илим министрлигине тапшырганын айтты. Ошондой эле ал 2021-2040-жылга чейин Билим берүүнүн өнүгүү стратегиясы тууралуу долбоорду да толук анализдеп, иликтеп чыкканын, бир топ прогрессивдүү сунуштар берилгенин баса белгиледи. Биргеликтүү аракеттердин негизинде Билим берүүнүн өнүгүү стратегиясында STEM тууралуу түшүнүк орун алып, жайыла баштады.

— STEM — илимдин, технологиянын, инженериянын жана математиканын жетишкендиктерине негизделген билим берүү багыты. Тарыхый өнүттө 1991-1992-жылы Америкада башталган. 2000-жылдары кеңири таркады. Азыркы мезгилде маанилүү тренд, маанилүү саясаттын багыты. Илим деген чоң тармак. Анын өнүгүү этабында табигый илимдердин орду өзгөчө. Ошондуктан калыптанып калган илим – физика, химия, биология, география предметтерине көпчүлүк учурда негизделет. Негизги кемчилик – биздин долбоордун алкагына келгенде STEM деген түшүнүк 2000-жылдан баштап приоритеттүү болгонуна карабастан, стратегиялык документтерде бул сөз колдонулган эмес (БӨС 2012-2020). Стратегияны иштеп чыккан долбоордун өкүлдөрү, чет өлкөлүк эксперттер  же атайылап буга басым жасабай койдубу же билбестиктен болдубу, айтор, STEM деген сөздү стратегияда таппайсың. Ушуларды аналитика кылгандан кийин «Илимдеги кыздар» долбоору тарабынан берилген расмий сунуштар министрликке берилди: 1. Стратегиялык багыт катары STEM билим берүү идеясына  басым жасоо.  Бул сунуш кабыл алынды; БОП  (табийгый илимдерге, математикага жана технология  предметтерине татыктуу орун берүү). Бирок Базистик окуу планы кардиналдуу өзгөрүүгө бара элек. Бул предметтердин мугалимдеринин статусун, айлыгын көтөрөбүз деген билдирүү болду.  Предметтик стандарттар (компетенттүүлүккө негизделген жаңы муундагы жана көз карашта жазылды) жана окуу программалары. 2. STEM ыкманы (подход) сабак өтүүдө кеңири колдонуу.  Бул предметтер арасындагы байланыш. Бул сунушту мектеп директорлору, директордун орун басарлары колго алып, предметтик аралыкты күчөтүү  чоң каражатты талап кылбайт. Бирок мазмундук, сапаттык деңгээлге алып келет. Заттарды талдоо учурунда анын физикалык, химиялык, биологиялык                              касиеттерине токтолуу, кай жерде орун алышын (география) жана иштеп чыгуу жолдоруна (технологиялык) басым жасоо. Ушуларга басым жасап сабакка даярданса СТЕМдин идеялары ишке ашып калат деген ойдомун, — деди эксперт.

Андан ары ал «Илимдеги кыздар» долбоору тарабынан аныкталган көйгөйлөргө токтолду.  Методологиялык деңгээлде көз карашты өзгөртүү: 1. Күтүлүүчү натыйжада окуучунун окуу жетишкендиктерине  басым жасалат (негизги жана предметтик компетенциялар бааланат) 2. Окуучунун тарбиялык жетишкендиктери бааланбайт, аны баса көрсөтүп  жана  анын кийинки турмушунда эч кандай роль ойнобойт деп берилген сын-пикирлерди министр толугу менен колдоп турганын баса белгиледи. Ошол себептен бүтүрүүчүнүн моделин иштеп чыгууда эске алуучу жагдайлар да министрликке сунушталган. Ал окуучунун окуу жетишкендиктерин максат кылып алуу (негизги жана предметтик компетенциялар);  адеп-ахлак жана руханий жетишкендиктерине басым жасоо (расмий мүнөздөмө жана бир өнөрдүн ээси болуу) жана окуучунун физикалык жетишкендиктери (Ата-Мекенди коргоого жана эмгекке даяр бол комплексинин нормативдерин аткаруу).

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомамбетов “STEM предметтер боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу” темасындагы кызыктуу презентациясы катышуучуларды кайдигер калтырган жок.  Ал STEMдин артыкчылыктарына, предметтерди окутуу жолдоруна, кандай иштер аткарылды, кандай иштер аткарылышы керек ж.б.у.с. маселелерге токтолду.

— STEM-предметтерди кошо алганда, табигый-илимий циклдагы предметтерди окутуунун методологиясы (орто мектептин мугалимдери), түзөтүп окуу жана түшүнүү (башталгыч класстардын мугалимдери) боюнча иштелип чыккан программалар боюнча, анын ичинде электрондук форматта да окуган педагогдордун саны көрсөтүлөт. Эгерде 2021-жылы  – программаларды иштеп чыгуу жана апрробациялоо иштери жүргүзүлсө, 2022-жылы  – 4 000, 2023-жылы  – 5 000 мугалимди STEM предметтери боюнча билимдерин өркүндөтүшөт, — деди А.Токтомамбетов.

Жыйынтыктап айтканда,  STEM адистерге дүйнөлүк эмгек рыногунда суроо-талап жогору экени белгиленди.

— АКШда 10 жылда STEM адистерге муктаждык 76%га жогору болуп, 10 млн STEM адис керек болот, STEM студенттерге 36 айга кеңейтилген виза берилет. Америка Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болууда, айлык акысы жылына орточо – $86 980, ал эми жылдык орточо айлык – $39 810. Россия Федерациясында санарип технологиялар жаатындагы адистерге муктаждык учурда 222 миң, 2024-жылы 300 миң болот. Кытай Республикасынын өнөр жай ишканалары санарип технологияларды колдонуунун натыйжасында 2020-жылы $4 триллиондон ашык кошумча каражат тапты, — деди А.Токтомамбетов.

Катышуучулар эмне дейт?

Жыпара Имаматова, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун гендер боюнча адиси:

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

— Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун “Илимдеги кыздар” долбоору 2020-жылдан бери Бишкек, Ош шаарларында, Кара-Суу районунда жана Чүй облусунда ишке ашырылып келе жатат. Негизги максаты – өспүрүм кыздарды илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана кантип аны тандап алып, кандай жаңы кесиптерди алууга мүмкүнчүлүктөр бар экени тууралуу айтып берүү. Бул долбоордун алкагында министрлик, мектептер, мугалимдер, директорлор, ата-энелер менен дагы иштеп келатабыз. Анткени кыздардын кесип тандоосунда  ушул адамдардын ролу өтө чоң. Семинарда үч жылда жасап келген жумуштардын жыйынтыгын көрсөттүк.  Долбоор болгон үчүн жалпы Кыргызстан үчүн иштей албайбыз. Болгону инновациялык ыкмаларды, кандай иштесе болот деген метод менен гана бөлүшө алабыз. Ошон үчүн директорлорду чакырып, жыйынтыктар менен бөлүшүп, мындан ары дагы бул долбоорду кантип алып кетсе болот, кандай мүмкүнчүлүктөр бар деп жолугушууну уюштурдук.

Буга чейин мектеп директорлорун чогултуп, долбоор тууралуу айтып, план жөнүндө баарлашканбыз. Бир жылда эки жолу чогулдук.

Консультативдик жолугушуунун максаты  – биз жасаган жумуштар туруктуу болсун, ушул иштерди директорлор улап кетсин деген тилек. Ата-энелер менен сүйлөшүп көргөндө, алар дагы ушул маалыматка абдан муктаж экен. Балдарга келечекте кандай кесиптер керек жана биз кандай багыт берсек болот деген маалыматка алар муктаж. Чынын айтканда, балдарда дагы толук кандуу маалымат жок. Биз карап чыккан маалымат боюнча,  2050-жылы бүгүнкү күндөгү жумуш орундарынын жарымы жок болот. Анткени жасалма интеллект дегендер келатат, адамдын жөнөкөй жумуштарды жасаганы кереги жок болуп калат. Ошол эле учурда биз ойлоп көрбөгөн, билбеген кесиптер чыгып жатат. Ошолорду билүүгө, толук даяр болууга, биринчиден, көз карашты өзгөртүү керек. Негизинен STEM багытына басым коюу зарыл.

Ата-энелерди чогултуп, алар менен жумуш жүргүзүп, балдардын психологиясы, кесип тандоо тууралуу айтып бердик. Анткени балдарды түздөн-түз кесипке багыттаган ата-эне болот. Буга чейин биз 600 кызды тренер катары даярдадык. Алардын 90% жогору STEM багытына кызыгып, кесибин тандап, анын жолдорун издеп, планын иштеп чыгышкан. Андан тышкары өздөрүнүн мектептериндеги  курдаштарына, классташтарына сабак өтүшөт. Сурамжылап келгенде 80% ашык окуучу балдар лекцияга катышкандын натыйжасында STEMге кызыгуусу жогорулады.

Жаркын Бапанова, “Алтын түйүн” Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын директору:

— Биз жыйырма жылдан бери эле “XXI кылымдын интеллектуалдары”, “Жаш Пифагор”, “Жаш техник”, илимий-техникалык олимпиада, математика боюнча сырттан өткөрүп келген олимпиада ж.б.у.с. жети номинация боюнча сынактарды өткөрүп келатабыз. Ушунун баары  STEMге байланыштуу. Өткөн жылы топтогон тажрыйбабыз тууралуу чоң эл аралык конференция өткөрдүк.  3-8-класска чейин математика боюнча сырттан өткөргөн сынактын тапшырмалары PISAнын тапшырмаларына үндөшүп кетет. Андыктан биздин балдар бул эл аралык изилдөөгө катышканга даяр десем болот. Өткөн жылы биздин академияга Президент С.Жапаров келип, жакындан таанышып кеткен. Ошондо академиянын филиалдарын жети облуска ачуу керектигин тиешелүү чиновниктерге тапшырган болчу. Буюрса, АБРдин жардамы менен керектүү жабдыктар, материалдык-техникалык база камсыз кылынды. Болгону жергиликтүү бийлик филиал жайгашканга имарат издеп жатышат.  Бул ийрим эмес, толук кандуу биз кандай форматта иштесек, филиалдар дагы ошол нукта иш жүргүзүшөт. Инженердик класстар ачылат, өзүбүздүн базабызда IT классты ачканы турабыз. Кыскасы, жумуш абдан көп. Жогорку окуу жайлар менен сүйлөшүү жүрүп жатат, балдарга жөн эле мугалимдер эмес, окумуштуулар сабак бериши керек. Алардын эмгек акысын биз төлөп беребиз. Биздин академияда алты техника илимдеринин кандидаттары иштейт. Илгери  Нигматулин деген окумуштуу “Акылдуу балдарды алыскы  айылдан издөө керек” деген эле. Буюрса, айылдык балдарга техника, технология жактан билим алганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Маселен, биздин бүтүрүүчүлөр жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү белгилүү окуу жайларда окуп, билим алып, кайра ошол жакта иштеп калгандар бар.

Чынара Давлетова, окумуштуу, эксперт:

— “Билим берүү мыйзамында” кыздар менен балдардын сапаттуу билим алуусу бирдей: укуктары да, мүмкүнчүлүктөрү да. Бирок кыздардын мүмкүнчүлүктөрү чектелип турат. Бул эмнеден байкалат? Табигый илимдер — балдардын илими. Эркек бала инженер, геолог боло алат. Ошол нерсе кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон. Анткени мугалимдер дагы ошол стереотиптер менен жашайт, бирок аны байкабайт. Көнүмүш адат болуп калган. Математикадан балдарга, ал эми адабияттан кыздарга көп көңүл  бурулат. Бул туруктуу өнүгүүгө чоң коопсуздук жаратат. Кыздар ушул илимде жок болгон үчүн  15-30 триллиондогон долларды адамзаты жоготуп жатат. А эгерде кыздарды кошсо, биринчиден, жакырчылыкты азайтууга алып келет. Экинчиден, кыздардын келечеги кеңири болот. Тилекке каршы, автоматташтыруу, роботташтыруу, жасалма интеллекти колдонуу кесиптеринде көбүнчө эркектер иштейт. Келечекте жумушсуз калуу коркунучу эркектерге караганда кыздардыкы беш эсе көп. Ошондуктан директорлор мектептин укуктук-ченемдик документтерине,  пландарына STEMди  киргизсе иш аткарылып, алдыга жылат. Маселен, мектептин администрациясы гендердик сезимтал билим берүү чөйрөсүн түзүүдө окуучулардын биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кыздар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү (гигиеналык бөлмөнүн болушу; эшиги, илгичтери, таштанды челектери бар өзүнчө даараткана кабиналары); мектептин, айрыкча STEM предметтеринин кабинеттерин (математика, физика, информатика, химия, биология) өткөн жана азыркы учурдагы аял илимпоздордун портреттери менен жасалгалоо; мектепти гендердик өнүгүүгө жана теңдикке байланыштуу афоризмдер жана учкул сөздөр менен тариздөө. Ушундай өңүттө эле методикалык кеңеш, класс жетекчилер, социалдык кызматкерлер, мугалимдер тиешелүү иш-чараларды аныктап, жазып алып ишке ашырышы зарыл.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

Ошон үчүн STEM предметтин маанисин жогорулатуу, ченемдерди гана киргизбестен, кыздарды да ошого тартуу керек.  Биринчи иретте STEM — бул келечекте турмушка керектүү билим катары кабыл алуу зарыл, б.а. келечекте STEM билбесең эч нерсе билбейсиң. Анткени бул адамзатка пайда алып келет. Экинчи жагынан гендер адиси катары айтсам, мугалимдердин  90%  аялдар. Эгерде STEM предметчилердин айлыгына дагы кошумча акы төлөнсө бул кесипке эркектер да бара баштайт. Педагогикалык окуу жайларга да сынак жогорулап, абитуриенттер тандалып алынат. Ошондо чыныгы тың окуган  балдар, кыздар педагогикалык окуу жайларга келе баштайт.

Шайыр Жунушова, №94 мектептин директору, Бишкек шаары:

— “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары биздин мектепте эки багытта иштеп жатышат: менторлук жана ЖРТга даярдоо боюнча. 7-11-класска чейин теңдеш тренерлер окуучулар арасында “Үй-бүлөдө жашай билүү”, “STEM: дизайн ой жүгүртүү же кесипке тандоо”, “XXI кылымдын көндүмдөрү”, “Гендердик саясат аркылуу тең укуктуулукка жетүү” ж.б.у.с. темаларда тренингдерди өтүштү. Он кыз кирген, анын алтоосу иштеп жатышат.  Алар “Илим жана техника” сынагына катышып, өздөрүнүн иштерин жактап келишти. 2022-жылдын башында зордук-зомбулукка каршы акцияны өткөрүүдө “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары чоң жардам беришти. ЭлТР жаш ойлоп табуучулар деген программада биздин  кыздар тууралуу чакан  сюжет тартып кетишкен. Бул кыздар мастер-класс өтүп жатышат. “Бай элим” компаниясы  менен экскурсияга барышты. Абдан активдүү кыздарды атап кетсем: Турдаалы кызы Айданек, Асанова Сайкал. ЖРТга даярдык көрүүдө үч кыз жогорку балл алып, акысыз даярданып жатышат. Ал кыздарыбыздын бири, келечекте программист болом деген Тыныбекова Кулпунай, Болтакунова Роза, Жаңыбай кызы Медина.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

“Аврорада” өтүп жаткан жолугушууда көп маалымат алдым. Буюрса, мектепте технология багытына, илимге өзгөчө басым жасалат. Келечекте класстык сааттарда, тренингдерде STEM-билим берүү боюнча көп иш-аракеттер жасалат.

Алтымыш Топчубаев, №87 инновациялык мектеп-гимназиянын директору, Кара-Суу району:

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

— STEMдин негизги максаты – келечекке, кесипке  окуучуларды даярдоо, багыт берүү. “Илимдеги кыздар” долбоору боюнча өткөн семинарда уюштуруучулар жакшы багыт беришти. Бул долбоорго биздин мектептен 12 кыз жазылып, азыркы учурда ЖРТга даярдануу боюнча акысыз окуткан курстан өтүп жатышат. Жумасына үч күн долбоор уюштуруп жаткан сабакка барышат. Былтыркы окуу жылында үч бүтүрүүчү кызыбыз жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө өтүштү. Дегеле ушул долбоорго катышкан кыздар 100% жогорку окуу жайларда окуп жатышат.

Чынара Мамбеталиева, №1 Новопокровка мектебинин директору, Чүй облусу:

— Биздин бир кызыбыз былтыр ЖРТнын жыйынтыгы менен Кыргыз-түрк “Манас” университетинин инженерия факультетине өткөн. Бул программанын таасири өтө зор. Мектеп өзүнөн-өзү эле табигый предметтерге бурулдук. Быйыл ЖРТга даярдык көргөн бүтүрүүчүлөрдү карап көрсөм, көбүнчөсү физика, математиканы тандап алышыптыр. Бул абдан кубанычтуу. STEM программасы биз үчүн жаңылык эмес — бул багытта биз көптөн бери иш алып барып жүрөбүз.

Салтанат Шүкүралиева №80 мектептин директору, Бишкек шаары:

— Бул долбоорго былтыртан баштап кирдик. Төрт кызыбыз 7-10-класстын окуучуларына, ошол эле кезде башка мектептерге барып да лекция окуп, тренер болуп жүрүшөт. Бир айда бир жолу чогулуп, долбоор тууралуу сүйлөшүшөт. Тоскоолдуктар болгон жок. STEMде билим алып жаткан  кыздарга бардык шартты түзүп берип, колубуздан келген жардамды берип  жатабыз.

Нурниса Жансариева, №52  мектептин директору, Бишкек шаары:

— ЖРТга кыздарды акысыз даярдап берүүсү долбоордун жетишкендиги деп эсептейм. Тренингге катышканда дагы көп нерсе алып келет, ал дагы жетишүү. Келечекке багыт алуу, профориентация кыздар үчүн абдан керек. Анткени кыздардын көптөрү жогорку класска чейин билбейт эмне болом, кайсы кесипке барам деп. Көп тренингге катышканда адамдын өзүнө-өзү ишенүүсү жогорулайт, ишмердүүлүккө да багыт алат. Ошону менен жөн отурбастан, ал бир проектиге катышса эле кийин дагы башка проектиге катышып, өзүн-өзү ишмердүүлүккө үйрөтүп жатат. Ата-энелерге чогулуш жасагандан кийин 18 кыз долбоорго кирип, билим алып жатышат. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, анткени  ЖРТга акча төлөп бере алышпайт. Бир кызыбыз инженерия боюнча химия, физикадан онлайн сынакка катышып, 5000 сом утуп алды.

Айжамал Убайдуллаева, №50 мектептин директору, Ош шаары:

— “Илимдеги кыздар” долбооруна катышкан 25 кызыбыз ЖРТдан акысыз өтүп, окуп жатышат. Ата-энелер долбоорду колдоого алып, кыздарына окуганга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатышат. Долбоорго катышкандан кийин кыздардын лидерлик сапаты жогорулап, жакшы иштер аткарыла баштады. 8-класстын кыздары дагы ОшМУга барып, тренингге катышып келишти. Жыйынтыгы жакшы. Былтыркы бүтүрүүчү кыздардан 15и жогорку окуу жайга бюджетке өтүштү.

Нурила Абдрахманова, №17 Гагарин атындагы мектептин директору, Кара-Суу району:

— Эки жылдан бери STEM боюнча иштеп жатабыз. Жугумдуу болуш үчүн семинарлар уюштурулган, ага ата-энелер активдүү катышып, өз ойлорун ортого салууда. Кыздар кесипке багыт берүү боюнча маалымат алышты. Долбоорго киргенден кийин кыздар бири-бири менен мамилени чыңдап, топто иштеп, видеороликтерди тартып, ар кандай иш-чараларга катыша башташты.

STEM: ЖАҢЫ БАГЫТ, ЖАҢЫ ТҮШҮНҮК

Нурмухаммед Токтоназаров, Озерное мектебинин директору, Алай району, Ош облусу:

— Биздин мектепке бул долбоор 2020-жылы келген. Биздин райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тартканга аракет кылдык. Биринчи жылы онлайн форматында кесипке багыт берилди. Былтыр 11-класстын бүткөндөн кийин төрт кыз жогорку окуу жайга өтүштү, болгондо да бюджетке. “Илимдеги кыздар” долбооруна катышкандан кийин окуучулардын көз карашы өзгөрдү. Учурда жети кыз ментор болуп, 7-11-класстын арасында тренинг өткөрүп жатышат. Бул багытта жакшы жылыштар бар. Консультативдик жолугушуудан кийин менин да көз карашым аябай өзгөрдү. Мен өзүмө максат койдум — так жана табигый илимдерге өзгөчө басым жасап, педагогикалык кадрлар менен камсыз кылып, ийримдерди иштетем деп. Бизде кыз балага тыюу салгандар көп. Эми барганда ата-энелер арасында түшүнүктү калыптандырып, терең иш алып барабыз. Техникалык ийримдердин сапатына көңүл бурабыз. Кыскасы, STEMди башкача терең окутуп, керек болсо башталгыч класстан баштоо зарыл.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бишкек – Чолпон-Ата — Бишкек