Он жылдыкка он долбоор-демилге

January 31, 2022, 23:30

Мындан он жыл мурда экс-президент Роза Отунбаева тактыны өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондду негиздеген. Фонддун артыкчылыктуу багыттары — мамлекеттеги адам ресурсунун сапаттуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү жана коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет. Он жылдын ичиндеги эң ири он долбоор тууралуу фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева айтып берди. 


— Догдуркүл Шаршеевна, он жылдагы ири он долбоор тууралуу айтып кетсеңиз.


— Эрте курактагы балдардын потенциалын калыптандыруу жана аны өнүктүрүү, жеткиликтүү, сапаттуу билим берүү мамлекеттик саясатын алдыга илгерилетүү маселеси 2012-жылы 23-ноябрда ачык парламенттик угууда талкууланган. Парламенттик угууга карата маанилүү иликтөө жүргүзүлүп, кенже курактагы балдардын абалы жана өнүгүү муктаждыгы далилденген. Парламенттик угууда мектепке чейинки балдардын абалы каралган жана аталган  курактагы балдар үчүн улуу бурулуш жылы болгон десек жаңылбайбыз. Дал ошол угуудан кийин балдар үчүн өзөктүү чечимдер кабыл алынып, натыйжалуу иштер жүргүзүлө баштаган.  Канча деген менчикке өтүп кеткен бала бакчалар кайтарылды, 240, 420 сааттык “Наристе” программасы киргизилди. Ошол кезде Роза Исаковна бардык облус, райондорду кыдырып, 1700 кездешүү жасады. Ал кездешүүдө балдардын абалы боюнча иликтөө менен коомчулукту тааныштырып, балдарды өнүктүрүүнүн  кандай гана варианттары болбосун уюштуруу зарылдыгын ачып көрсөткөн.

ОН ЖЫЛДЫККА ОН ДОЛБООР-ДЕМИЛГЕ

Каржы министрлигинин күчтүү адистери республикалык бюджеттен балдарга бөлүнгөн каражаттарды анализ жасашкан. Ошондон кийин гана парламент Өкмөткө, Өкмөт министрликке тапшырма берип, болуп көрбөгөндөй чоң иш жүргүзүлө баштайт. Адан соң кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча донорлор тартылып, аларга ушул багытта иштөө зарылдыгын белгилеп, инвестиция тартыла баштайт.

ОН ЖЫЛДЫККА ОН ДОЛБООР-ДЕМИЛГЕ

Алгачкылардан болуп  Кыргызстанда жайлоо шартында  кыска мөөнөттүү балдарды өнүктүрүү борборлорун уюштуруп, коомчулукту мобилизациялаган. Бул демилге көп адамдарга  жайлоодо бала бакча ачуу жомоктогудай сезилген. Бирок коомду өнүгүүгө тартуу эң биринчи маселе экенин далилдөө менен “Жайлоо бала бакча” демилгеси ийгиликтүү иштей баштады. Жылына 100 же андан ашык борборлор иштеп, 3000ден ашык баланын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт. Ага мамлекеттен эч каражат кетпейт.  Учурда ата-энелер жана жайыт комитеттери жайлоонун эң мыкты жерлерин балдар үчүн деп эч кимге бербей, малдардан коргоп, мыкты иштерди жүргүзүп келатышат.


— Менимче, чет өлкөгө да жетекчилерди, мугалимдерди тажрыйба алмашуу боюнча тур уюштуруп турасыздар. Натыйжасы барбы?


— Беш жылдан бери 12 кишиден Түркия, Австрия, Кытай мамлекеттериндеги бала бакчаларын көрсөттүк. Түркияга 2015-жылдан баштап 12  бала бакчанын кызматкерлерин жөнөтүп, алардын тажрыйбасы менен тааныштырып келатабыз. Пандемия гана үзгүлтүккө учуратты. Кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемесин  уюштурууда көп каражаттын деле кереги жок. Көп кабаттуу имарат, өзүнчө ашкана, уктоочу бөлмөнүн деле кереги жок деп түшүндүрүп келатабыз. Вице-премьер болуп иштеген А.Өмүрбековага да  факт катары сүрөттөр аркылуу далилдеп бердик. Көп өлкөлөрдө спорт аянтчасындай бир чоң бөлмөнүн бир бурчунда уктагысы келгендер үчүн матрацтар жыйылып турат, бала чарчаса барып бир бурчта уктай берет,  бир бурчунда ойноп жатышат, бир бурчунда окуп, бир бурчунда технология менен алектенип жаткан балдарды өздөрү көргөндөн кийин жетекчилер таң калышты.  Экс-президент Р.Отунбаева мындай деп айтканы бар: “Бир жайда биз 2200 бала менен иштедик, бирок алар эӊ ылайыктуу куракта сапаттуу таанып-билүү иши менен алектенип, болгону кыска, бирок жай мезгилинин ичинде балдардын өнүгүүсү жана таӊ калаарлык өзгөрүшүн көргөн ата-энелердин тарбияга болгон кызыгуусу ойгонду – бул жайлоодогу балдар бакчаларындагы биздин түйшүктүү эмгегибиз үчүн чыныгы сыйлык! Биз, кыска аралыкта билим алууга балдардын кызыгуусун, умтулуусун кандай шартта болбосо да ойгото алдык жана коомго далилдей алдык.  Коомубуздун жалпы бакубаттуулугуна жана коопсуздугуна жетишүү үчүн — бул балдарды, алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан теӊдөөнүн формасы”.


— Балдарды өнүктүрүүдөгү уникалдуу долбоордун бири – балдар филармониясы. Ушул тууралуу кеп кылсаңыз.


— Глобалдаштыруу мезгилинде дүйнө жүзүндө маданиятты өстүрүүгө, балдарга арналган маданий иш-чаралардын улам-улам жаңы формалары өздөштүрүлүүдө. Мисалы, Австриядагы, Германиядагы балдар музейлери, балдар театрлары, Нью-Йорктогу балдар филармониясы — булардын бардыгы ийгиликтүү иштеп жатат жана алар абдан популярдуу. Муктаждык, же зарылдык бар болсо, демек сунуш да өз деңгээлинде болууга тийиш. Бул максатта фонд Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен биргеликте “Балдар филармониясы” аттуу жаңы уникалдуу долбоорду баштадык.


“Балдар филармониясы” Кыргызстанда алгачкылардан балдар жана ата-энелер үчүн, үй-бүлөлүк эс алуу жана бийик искусствонун жолун көрсөтүү үчүн тарбиянын баштапкы кадамы болгон уникалдуу долбоор. Демилгенин максаты — балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын музыкалык билимин калыптандыруу, инсандык өнүгүүсүнүн негизгилеринен болгон эстетикалык табитин өстүрүү жана музыкалык маданиятынын өнүгүүсүнө салым кошуу. Классикалык музыка аспаптары, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берүүдөбүз. Мисалы, туташ бир концертти ошол инструмент менен тартуулайбыз. Духовой/үйлөмө оркестр деген да биздин турмуштан сүрүлүп баратат. Аны азыр аскердик мекемелер гана колдонуп калды окшойт. Мурун ал ар бир мектепте бар эле. Ал тууралуу да кезегинде сөз кылдык. Балдар филармониясында популярдуу музыканттар балдар, өспүрүмдөр менен болгон жолугушуусунда өздөрүн педагог катары да көрсөтө алышат. Агрессия курчап турган чөйрөдө окуучуларды музыка аркылуу бириктирүү,  чыгармачылык изденүүсүн жана умтулуусун ойготуу.


Бул долбоордун алкагында П.И.Чайковскийдин жомок дүйнөсүндө, Барокко музыкасы — Франциянын жана Италиянын, Германиянын жана Австриянын монархтарынын ак сарайларында жаңырган музыка, М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин симфониялык оркестринин концерти, Норвегия жомоктору ж.б.у.с. ар бир композиторлорго арналган концерттер тартууланганын айтып кетүү абзел.


Өмүрү консерваторияга, филармонияга кирип көрбөгөн жаңы конуштун балдары музыка укканды үйрөнүштү.  Кандай сонун концерттерге күбө болушту.


— Балдарга астейил, аяр мамиле жасоо үчүн дагы кандай иштер аткарылып жатат?


— Мен Арменияга барганда таң калдым, бала бакчанын тарбиячысы үнүн жаздырып коюп эле, бала уктагысы келгенде ырды коюп коет экен. Бизде ал алмустактан бери келаткан – бешик ыры.


Бул адамзаттын өнүгүшүндө абдан чоң феноменге ээ болгон бешик ырын бүгүн биздин энелерибиз ырдабай калды. Ушул өксүктү, бөксөнү толтуруу үчүн бешик ырларын жандандыруу, жайылтуу, жаңы сапат берип, жаңы баскычка көтөрүү үчүн бешик ырына сынак жарыялаганбыз. Бешик ырын уккан баланын тили бат чыгып, дүйнөнү кабылдоосу дагы бат болуп, угуу сезими бат өнүгүп, жүрөгү жумшак болот. Бешик ырын угуп, магдырап жаткан бала энесинин үнүн угуп отуруп, андан күч алып, уйкусу тынч, ал эми ара төрөлгөн бала бешик ырын укса бат торолуп, ден соолугу да жакшы болот. Бешик ырын энелер ырдай берсе, эненин мээрими төгүлүп, эненин сүтү да жакшы чыгат экен. Адистер эне менен баланын, ата менен баланын ортосундагы өз ара мамилелери канчалык жакын болсо, ошончолук баланын өнүгүүсү үчүн баа жеткис каражат экенин, бала тарбиялоодо чоӊ сапаттык секирик болорун белгилешкен. Балдарга бешик ырын ырдап, жаңыча тартип, ирээти менен жашоого даярдашыбыз керек. Балдар 10-12 саат укташы зарыл. Балага жомок окуп, бешик ырын ырдаганда ал тартиптүү, ирээттүү болот. Музыка абдан маанилүү экенин композиторлор айтып жатышат. Илимдин негизине таянып балдарды өстүрсөк, Кыргызстаныбыз сабаттуу, күчтүү, илимдүү республика болот.  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун дагы бир долбоору -2012-жылдан баштап уникалдуу билим фестивалы ар түрдүү темада өткөрүлүп келатат. Эң башкы максаты — билим ярмаркасы. Ар бир баласына билим издеген ата-эне так ушул жерден өздөрү издеген өнүгүү кызматтарын таба алат.


Фонддун дагы бир демилгеси — ири экологиялык ишмердүүлүк Ордо калаабыздагы  бардык билим берүү мекемелеринде бактарды отургуздук.


— Акыркы кездерде STEM кыймылына өзгөчө басым жасап жатасыздар.

ОН ЖЫЛДЫККА ОН ДОЛБООР-ДЕМИЛГЕ


— Учурда дүйнө жана биздин өлкө экономикалык ресурстарды издеп жаткан мезгил. Эң натыйжалуу жана пайдаланбай жаткан ресурс катары аялдардын кудурети аныкталды. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумунун билдирүүсүндө 2030-жылдардан кийин  планетада 400-800 млн адам жумушсуз калат экен. Анын ордуна жасалма интеллект, роботтор келет. Ошол шартта эң биринчи жабыр тарта турган кыз-келиндер. Акыркы мезгилде иликтөөлөрдө кыргызстандык кыз-келиндердин миграциясы  өсүп жаткандыгы далилденди. Жумушту тыштан издебей STEM кесибин алуу менен, дүйнөлүк жана ата мекендик жана эл аралык эмгек рыногунда татыктуу жумуш ордун ишенимдүү түрдө таба алат.  Кыргызстандын өнүгүү Стратегиясында негизги жумуш орундары тоо-кен компанияларын иштетүү, суу, табигый ресурстарды башкаруу, санариптик технологияларды өркүндөтүү, күн энергиясын пайдалануу ж.б. каралган.  Дүйнөдө сууга болгон каатчылык келатат, азык-түлүк коопсуздугу, КОВИД коркунучу бар. Бул маселени чечүүнүн бирден бир жолу STEM (Илим, технология, инженерия, математика) тармагындагы кесипке байланыштуу. Фонд тарабынан АКШга, Индияга ондогон  окумуштуу кыз-келиндерди, мугалимдерди  жөнөтүп, тааныштырып, 2015-жылдан  бери STEM кышкы, күзгү лагерлерин уюштуруп жатабыз. Андан тышкары Интелл компаниясынын вице-президенти Шейла Эскинин, Индиядан атактуу окумуштуунун лекторийлерин уюштуруп, дүйнөлүк ири акылдуу технологиялар компанияларды иштеген мекендештер менен тааныштырып,  Аялзатын илимге, технологияга, креативдик индустрияга багыттап иштөөнү жүргүзүп жатабыз. Билимдүү эне – билимдүү өлкө экенин унутпашыбыз керек.


ОН ЖЫЛДЫККА ОН ДОЛБООР-ДЕМИЛГЕ


Фонддун дагы бир чоң ири демилгеси – Жылдыздар китеп окуйт. PISAнын иликтөөсүнө Кыргызстан 2024-2025-жылы кайра киргени жатат. Мурдагы эки иликтөөдө кыргызстандык окуучулардын окуу жана түшүнүү көндүмдөрү начар деп берилген. Себеби китеп окушпайт. Албетте, китеп окубагандан кийин түшүнүү көндүмдөрү начар.  Коом жана ар бир ата-эне балдарына китеп  окусун деп демилгени көтөрүп чыктык. Бул жерде мамлекеттик расмий уюмдар өтө жалкоолугун көрсөтүп жатат. Тынымсыз, үзгүлтүксүз, сабаттуу, сапаттуу көз жүгүрткөн, жакшы менен жаманды, ачуу менен таттууну, эмоция менен практиканы аныктай билген адамдар көбүрөөк болсун десек, сөзсүз окууга көңүл бурушубуз керек. Кошумча өнүктүрүүчүлүк китептерди чыгаруу керек. Жалпы коомдо китеп окуу маданиятын жана муктаждыгын жаратуу зарыл.


Биздин фонд Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулап келатат. 2015-жылдан бери 100 акындын кечесин өткөрдүк. Маселен, фонд бир канча тилдерде чыгарма жараткан Мукан Асаналиевдин кечесин өткөрүп, көрөрмандардын алкышына арзыды. Анткени М.Асаналиев кыргыз поэзиясын англис тилинде сүйлөткөн акын экендиги менен уникалдуу инсан. Ошондой эле аймактарда тематикалык акындардын “Поэзия — ынтымакка чакырат”,  Поэзия — зомбулукка каршы” каравандарын өткөрдүк. Эл батпай, туруп угуп жатты. Биз маданиятты эле жайылтууда жаңы форматтарды сунуштап келе жатабыз.


Ар кандай тагдыр менен ар кайсы мамлекетте жашап иштеп, күчтүү өнүгүү тажрыйбага ээ болгон Мекендештерибизди баш коштуруп, мамлекет, бизнес менен “Мекендештер” форуму деп аталган баарлашуу аянтын уюштуруп, төрт жолу форум өткөрдүк. Бул жерде мекендештер чогулушат, таанышат, өлкөнүн өнүгүшүнө кайдигер карабаган мекендештер бирдиктүү ишмердүүлүктү, кызматташууну уюштуруу боюнча  бир топ жигердүү сунуштарды беришти жана өлкөгө өз салымдарын кошуп келе жатышат. Кездешүүдө Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өздөрүнүн суроо-талаптарына жооп ала алышат.


Фонд чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин турмуш тажрыйбасы жөнүндө үч  китеп чыгардык. Лекторийлер уюштурулду. Аларда акыркы он жыл ичинде республикабыздын бардык булуң-бурчтарында мекендештерибиз аткарган конкреттүү иштери баяндалган.


Мындан сырткары «DiscoverAsia» маалыматтык-билим берүү демилгеси, ата-энелер, педагогдор, тарбиячылар, психологдор, студенттер үчүн ачык туруктуу лекциялардын жана тренингдердин «Балалык мектеби» цикли дагы бар.


Андан тышкары эң маанилүү китептерди чыгаруу, музыка — элдин жан дүйнөсү, балдар ырлары. Жаңы конуштардагы ишмердүүлүк, Жибек жолу- интерактивдүү көргөзмө, арт- лагерлер, фестивалдар жана мектеп тамактануусун жакшыртуудагы натыйжалуу иштерди белгилесек болот.


Бардык маалыматтарды толугу менен www.roza.kg сайтынан таанышсаңыздар болот.


ОН ЖЫЛДЫККА ОН ДОЛБООР-ДЕМИЛГЕ

— Юбилейге карата кандай иш-чараларды өткөрөсүздөр?

— Мааракеге карата бир нече  демилге долбоорду ишке ашырганы турабыз.

  1. Бүт — Кыргызстан китеп окуйт.
  2. “Бешке чейин үлгүр” балдарды өнүктүрүү сайты ачылат.
  3. “Бактылуу үй-бүлө, акылдуу аталар” деген долбоор Нарын облусунда ишке ашат.
  4. Бактарды отургузуу. Бак тигүү салтын жандандыруу.
  5. Билимди, элди өнүктүрүүгө болгон ири демилгелер.
  6. Юбилейлик фестиваль өтөт.
  7. Ошто STEM фестивалы.
  8. STEM лагерлери.
  9. Спонсорлорду таап, ким арт-лагерлерди уюштурат деген идеяларды беребиз.
  10. Конкурстар уюштурулат. Билим берүүнү кантип өнүктүрсө болот деген чоң конкурс уюштурулуп, чоң белектер тапшырылат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”