Билим берүүнү түп-тамырынан алмаштырууга мезгил жетти

February 1, 2022, 23:02

Салман Хандын “Дүйнө мектеби” китеби кыргыз тилине которулду. Бул китеп каалаган адамга, каалаган жеринде дүйнөлүк деңгээлдеги акысыз жеткиликтүү билим берүү феномени жөнүндө.

Китептин котормосуна Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева баш сөз жазып, кыргыз тилинде жарык көргөн бул китеп билим алууда калыптанып калган көз карашты түп-тамырынан өзгөртөрүн белгилеген.

Надянын окуясы

Атактуу агартуучу жана ишкер, 2012-жылы дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын катарына кирген Салман Хан АКШнын Жаңы Орлеанына келип отурукташкан мигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Бангладештин Барисала, ал эми энеси Индиянын Калькутта шаарынан келген эле. Салман Хан математика, электротехника, компьютердик илим боюнча магистрдик даражага ээ.

Салман Хандын альтернативдүү билим алуу, болгондо да планшеттен алуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышына жээни Надя себепкер болгон. Салмандын үйлөнүү үлпөтүнө келген 12 жаштагы Надя менен баарлашканда, анын математикадан болгон тесттин жыйынтыгынан басынып, өзүн өтө төмөн баалап турганын билет. Ал канчалык аракет кылса дагы математика сабагын өздөштүрүүдө эч майнап чыкпай кыйналып жатканын билет. Эгерде ийгиликтүү окубаса, улам артта кала берүүсү шексиз экендигин сезген Салман, анын апасына Надяны аралыктан (жээни Жаңы Орлеанда, Салман Бостондо жашайт эле) окутам деп убадасын берет.

Надяга өзүнө ишенүүгө, өз алдынча билим алууга жардам берип, өзүнүн күчүнө ишенимин кайтарып келүүгө шарт түзүү зарыл болчу. Ошентип алгачкы интернет аркылуу математиканы окутууну баштаган.

Албетте, алгач кызга да, Салманга да өтө оор болгон. Бирок натыйжасы өтө жогору болду. Надя математиканы эң мыкты өздөштүрүп, өзү каалаган окуу жайына өттү.

Салмандын телефон, скайп анан барып YouTube каналына иштеп чыккан сабактарын учурда миллиондогон адамдар пайдаланып, ал сабактар 51 тилге которулуп, анын ичинде 51-котормо болуп кыргыз тилине которулганын баса белгилегим келет.

Демек, 51 тилде планетанын балдары, анын ичинде кыргыз балдары эң жогорку сапаттагы билимди планшеттен, телефондон алып, болгон кемчиликтерди жоюп, өнүгүүнүн ири мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.


Салман Хандын “Дүйнө мектеби” китеби.

Сапаттуу билим алууга баарынын эле шарты жок

Салман Хан өзү иштеп чыккан онлайн платформадагы предметтерди таанып билүү жана үйрөнүү сабактарынын мыктылыгын атактуу Билл Гейтс баалап, колдоп жана өз балдарын ушул платформа аркылуу окутуп жатканын сыймыктануу менен айтып чыккан.

Эгерде Билл Гейтс сыяктуу атактуулардын балдары ушул жерден билим алып жатса биз эмнени күтүп жатабыз? Эгерде биз издеген нерселердин бардыгы эчак эле даяр жана бекер болсо, дагы эмнени ойлоп чыгышыбыз керек?

Планетаны COVID-19 каптап, айласыздан аралыкта окутуу солгун темпте болсо да жүрө баштаганда, Салман Хан түзгөн окутуунун онлайн платформасы – "Хан Академия" сокурга көз табылгандай эле болду.

Ал эми кыргыз тилинде жарык көргөн бул китеп билим берүүгө жана билим алууда калыптанып калган, мугалимден, мектеп партасынан башка жерден билим алууга болбойт деген көз карашты түп-тамырынан бери өзгөртөт.

Окуучу өткөн сабактардан ар кандай себептер менен өксүп жетише албай калса, эми "Хан Академиянын" YouTube каналы аркылуу каалаган учурда, каалаган шартта, каалаган сабактан билим алса болот. Айрыкча так илимдер боюнча эң мыкты сабактар бар. Кыргызстан экономикалык өнүгүүгө муктаж. Учурда сапаттуу билим алууга бардык эле окуучулардын шарты жок. Бирок дүйнөлүк эмгек рыногу өтө катаал талаптарды коюп жатат.

Башкача айтканда, акыл эмгеги, технологияларга жана аны жарата алган жаратмандарга абдан муктаж. Биздин өлкөдө Надя сыяктуу окуучулар өтө эле көп. Алар ата-энеси миграцияда жүргөн жүз миңдеген окуучулар, турмуш түйшүгүн эрте моюнуна илип, үй-бүлөсүнө көмөктөшүп иштеген балдар. Жакырчылыкта жашаган балдар өтө эле көп.

Алар борбордогу баасы кымбат, шарты мыкты мектептерде билим алуусу дегеле мүмкүн эмес. Борборубуздагы Ош базары, "Дордой" ж.б базардан баштап, элеттеги, тоо ичиндеги иштеген балдарды байма-бай кездештиребиз. Алардын билим алуусу үзгүлтүккө учурап жатат. Ал эми тышта миграцияда жүргөн балдарчы? "Хан Академия" YouTube каналынын өзгөчөлүгү дал ошол балдарга өз алдынча билим алууга толук шарт түзгөндүгүндө. Бул китепти ар бирибиз окуп, жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Эмне үчүн даяр нерсени пайдаланууга багыт албайбыз?

"Хан Академия" онлайн платформасынан билим алуу өтө деле кымбат эмес. Ал бардыгына тегиз жеткиликтүү. Интернет жок жерде да иштөө мүмкүнчүлүгү эске алынган. Ал же бул деген шылтоонун баарына жообу чечилген. Баса, учурда дайым айтылып келген, мыкты мугалим жетишсиздиги дагы чечилген. Каалаган ар бир инсан талаадан, түздөн, шаардан, айылдан, тоодон, ооруканадан билим ала алат. Бул иштелип чыккан сабактарды пайдаланууга, билим алууга биздин мугалимдерди туташ үйрөтүү зарыл жана окуучуларга милдеттүү түрдө пайдаланууга багыт беришибиз керек. Айрыкча айрым методикалык жабдуулары же тажрыйбалары жетишпеген мугалимдер үчүн Салман Хандын предметтик тасмаларын пайдалануу чоң олжо жана тез жемишин берет деп ишенем. Болгону пайдаланууга эрк гана керек. Эмне деген ири өлчөмдөгү суммалар донорлордун колдоосу менен келип жатат жана ал эмгиче өз жемишин бере элек деген коомдун дооматтарын угуп эле жатабыз. Эмне үчүн ошол донорлордун каражатына ушул технологияларды колдоп, даяр нерсени пайдаланууга багыт албайбыз?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 пандемиясынын дагы белгисиз убакка чейин уланарын белгиледи. Мындай шартта балдарга сапаттуу билим берүүнүн бирден бир жолу болгон Салман Хандын YouTube каналы дагы билим тасмаларын пайдалануу менен окуучулардын билим алуудагы өксүктөрүн толтуруу зарыл. Биз уялбай эле ал материалдарды кыргыз тилине которууну мамлекеттик деңгээлде колго алышыбыз керек.

Кыргызстан ар дайым тобокелчиликте турган өлкө. Чек ара, табигый кырсыктар, миграция, жаңы диний чектөөлөр шартында мындай аралыктан окутуу даяр технологияларын пайдалануу учурдун кечиктирилгис талабы. Китепти окугандан кийин, билим алууга, берүүгө болгон саясатты, мамилени жана багытты түп тамырынан бери өзгөртүү зарылдыгын түшүнөсүздөр.

Өнүгүүнүн чакырыгы

Кыргызстандын эң башкы байлыгы, болгондо да кайталанып орду толуп тура турган байлыгы – адамдары. Өлкөбүздү байытып, өнүктүрүп өргө сүйрөй турган фактор жана дүйнөлүк ареналарда теңтайлаша турган ири күч сапаттуу адам ресурсуна көз каранды. Бул – өнүгүүнүн чакырыгы. Биз бул чакырыкка жооп бергенге даярбызбы? Албетте, жок. Креативдүү экономика, STEMге негизделген акыл технологияларынын атаандаштык доору келе жатат. Анда стандарттык ой жүгүртүүдөн алыс, чыгармачыл, сынчыл ойлому терең, жогорку коммуникациялык жана креативдик көндүмдөргө ээ болгон адистерди даярдоо зарыл.

ЖОЖду, мектепти бүткөн жаштардын аткаруучулук сапатын калыптандырбастан, лидердик сапатын калыптандыруу, плюралисттик пикирин кабыл алууга багыт алууда Салман Хандын педагогикалык технологиялары баа жеткис. Жөпжөнөкөй жол менен жөнөкөй адамдардын жүрөгүнөн түнөк алды. Турмушка көз чаптыралычы: физика, математика, геометрия предметтерин билген эмесмин, дегеле окууга кызыккан жок элем деген эчендеген жаштарыбыз эң мыкты куруучу, сантехник, электрик болуп иштеп жүрүшөт. Билим берүүнү түп-тамырынан бери алмаштырууга мезгил жетти, анткени жаңы сабаттуулук доору келди.

Китептин автору тууралуу
Салман Хан - америкалык агартуучу жана дүйнө элине онлайн билим сунуштаган акысыз платформа Khan Academy уюмунунун негиздөөчүсү. 1976-жылы 11-октябрда АКШнын Луизана штатында (атасы Бангладеш, апасы Индиядан келген) мигранттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Grace King High School мектебинде окуп жүрүп, мектеп гезитинде карикатурист болуп иштеген. Кээ бир классташтары түрмөгө барышса, кээ бир классташтары эң алдыңкы университеттерде окушкан.
Дүйнөнүн эң алдыңкы университеттери Массачусетс Технологиялык Институту жана Гарвард университетинен математика, электротехника жана компьютердик билим боюнча бакалавр, компьютердик билим – магистр даражаларына ээ болгон. Oracle компаниясында жана Силикон өрөөнүндөгү стартаптарга инвестиция тартуу жана инженерия тармактарында иштеген. “Хан Академияны” түптөгөнгө чейин хедж фонддо венчур капиталист (инженер-финансист) катары иштеген. Бостондо жашап жүргөндө, Хан өзүнүн жээнине математика сабагынан жардам берип, убактысы тардыгынан сабактарды видеого тартып, YouTube каналына жүктөп турууну сунуштайт. Видеосабактарды миллиондогон адамдар кызыгуу менен көрүп, татаал математикалык формулалардын жөнөкөй түшүндүрүлгөндүгү көпчүлүктү дароо өзүнө тарткан. Окуучулар жана алардын ата-энелеринен ыраазылык каттарын ала баштаган.
Алар мектептеги татаал, түшүнүксүз формулаларды Хандын видеосабактарынан оңой эле түшүнүп алышкандыктарын жазышкан. Бул ой-пикирлер Хандын пландарын кескин өзгөртүп, өз жумушун таштап, окуучуларга зарыл болгон видеосабактарды жаратууга бардык убактысын жумшоого түртөт. Ошентип беш "Хан Академиясын" негиздейт. 2021-жылдын июль айына карата “Хан Академиясынын” YouTube каналына 8035 видеосабак жүктөлүп, 6,7 миллион адам жазылып, 1,8 миллиарддан ашуун жолу көрүлгөн. 2012-жылы TIME журналы Салман Ханды дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамынын катарына кошкон. Ошол эле жылы, Forbes журналы “1 триллион долларлык мүмкүнчүлүк” повести менен өзүнүн мукабасында Ханды чагылдырган.

Китепте ар кайсы өлкөдөгү билим берүү моделдерине токтолуптур, мени айрыкча "прус модели" ойлонтту. Учурда мезгил, доор, экономика, технология өзгөргөн заманда дагы эле инсанды калыптандырууда жаратмандарды эмес аткаруучуларды даярдоого, инсандын эркиндигине эмес, аларды башкарууга ыңгайлашкан, көп түрдүү ой жүгүртүүгө эмес, бир тараптуу гана көз карашка ээ, жеке позициясы жок, ээрчиме мүнөз калыптоого багытталган консервативдүү жана императивдүү ыкманын туруктуу жашап келе жатышы кооптондурбай койбойт.

Сөзүмдүн аягында коомдун ар бир мүчөсү ушул китепти сөзсүз окуп чыгуусун сунуштайм. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштарды тарбиялап өстүрөбүз десек, замандын талабына жооп берүү зарыл. Билим берүү министрлигин бул китептин автору тарабынан иштелип чыккан, жакында эле кыргыз тилине которулган "Хан Академиянын" предметтик иштелмелерин, сабактарын ар бир мектепке, окуучуга жеткирүүгө бирге аракет жасоого чакырам.

Бул китепти которуп басып чыгарууга аркасынан түшүп шымалана изденген "Китепстан" басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаевге, кыргыз тилине которуп элибизге жеткирген котормочу Алтынай Токтоматовага терең ыраазылыгымды билдирем. Планетанын, өлкөбүздүн келечеги билимдүү гана инсандардын колунда экенин унутпайлы! Элибизде "Биз эмнени эксек, ошону алабыз" деген макал бар. Жаштарга билим үрөнүн гана себели, алардын өсүп-өнүгүүсүнө болгон мүмкүнчүлүктү багыттайлы.

Роза Отунбаева, экс-президент


Источник