Экс-Президент Роза Отунбаева баткендик балдар менен жолугушту

June 2, 2021, 06:09

КР экс-Президенти Роза Отунбаева Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларда жабыркагандар үчүн  Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулган лагерге барып окуучулар жана мугалимдер менен жолугушту.


Роза Отунбаева лагердеги окуучулар үчүн уюштурулган мастер-класстардагы арт-студия, скульптура, вокал, бий, кинематография, компьютердик сабаттуулук сабактарынын жүрүшү менен таанышты.Лагерге балдар менен иштөөгө Чолпон-Ата шаарындагы тажрыйбалуу педагогдор тартылган.


Роза Отунбаева бул лагерде балдар жамандыкты унутуп, жакшы ой тилектерге, бактылуу көз ирмемдерге толуп кетишине тилектеш экенин билдирди.Ошондой эле Роза Исаковна аймактар аралык балдар үчүн лагерлерди уюштуруу зарылдыгын белгилеп өттү. “Бизде Кыргызстанда балдар болобу, чоң адамдар болобу аймактар аралык  бири бирине тааныштыруу практикаланбай келет. Билим берүүдө  системалык түрдө мындай иш-чаралар каралган эмес. Көп өлкөлөрдө мындай атайын программалар ишке ашырылат. Биз түндүк-түштүк маселеси болбосун десек ушинтип бири бирибизге саякат жасашыбыз керек”-деди Роза Исаковна.


Ошондой эле Роза Отунбаева Баткен жана Лейлек райондорунан лагерге келген мугалимдерден кабар алды. Роза Исаковна мугалимдер берекелүү Ысык-көлдөн дем күч алып, жаңы курулган мектептерде жаңы окуу жылын аманчылыкта башташсын деген тилегин билдирди. “Сиздер Ысык-көлдөгү алдыңкы мектептердин иши менен тааныштыңыздар, ошол тажрыйбаны Баткенге барганда колдонуп, окутууда жаңы ыкмаларды киргизиңиздер. Азыр 21-кылымдын кесиптери STEM тармагында болуп жатат, балдарды ошол илим, технология, инженерия жана математика тармагына тартыңыздар”-деген сунушун айтты.


Мугалимдер үчүн өзгөчө кырдаалда балдар жана чоң адамдарга биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуу программасы дайындалган. Психолог, психиатр Ламира Русланова коркунуч жана стресстен чыгуу боюнча темасында мугалимдер үчүн өзгөчө кырдаалда жабыркагандарга биринчи психологиялык жардам көрсөтүүчү окуу курсун өтүп жатат.


Ошондой эле мугалимдер үчүн “Рух Ордо” маданий борборуна, Петроглифтер музейине, Чолпон-Ата шаарындагы алдынкы гимназия мектептерге экскурсиялар каралган.Ошондой эле программада “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун долбоорлорунун алкагындагы “Ковид 19” темасында жана Экология боюнча лекциялар өттү.


Ал эми кенже класстын окуучулары үчүн Экс-Президент Роза Отунбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан чыгарылган “Ынтымак сыры” китебин окуп берди.


“Кыргызстаныбызды кыдырабыз” жана “Ынтымак сыры” китеби ар бир окуучу жана мугалимге белекке берилди.


2021-жылдын 27-майынан 5-июнга чейин Ысык-көл облусунун Бостери айылында Баткен жана Лейлек райондорунда чек арада жабыркаган 70 окуучу жана 20 мугалим үчүн  10 күндүк эс алууну “Роза Отунбаеванын демилгеси”  Эл аралык коомдук фонду  Эл аралык “Жетиген” лагери менен биргеликте уюштурду.  Иш-чара Бириккен улуттар уюмунун Аялдар түзүмүнүн жана “Ядран” компаниялар тобунун колдоосу менен өтүүдө.