Балдар аянтчасы, энелер мектеби ачылды

May 21, 2021, 23:03

22-май күнү аталган айыл аймагынын Үч-Булак  айылында  "Энелер мектеби" маалыматтык кеңеш берүү борбору ачылды.  Бул борбор,  "Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбоорунун алкагында СДА альянсынын 100 миң сомдук финансылык колдоосу менен ачылды. Элеттик лидер айым, "Ийгиликтуу айымдар" өз ара жардам тобунун башчысы Айнура Жаманкулованын айтымында борбор аркылуу элеттик аялдарга маалыматтык-укуктук жардам берилип, окутуулар  өткөрүлөт. Иш чарага "Р. Отунбаеванын демилгеси " эл аралык фондунун жетекчилиги,  CDA уюмунун жана   жергиликтуу коомчулуктун өкүлдөрү катышты.