Кара-Буурада Смарт-парк ачылды, шахмат оюндары болуп өттү

May 21, 2021, 22:55

Үстүбүздөгү жылдын  21-22-май кундөрү Талас облусунун Кара-Буура айыл аймагында  “Коомдун тынчтыкта жана инклюзивдүү өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында бир канча иш чаралар болуп өттү.


21-май күнү  Кара Буура айыл аймагындагы Семетей кинотеатрынын алдында жергиликтуу жашоочулар, жаштар жана балдар учун Смарт-парк ачылды. Мындай аракет , "Гулпери" өз ара жардам тобунун жетекчиси Салкын Карбозованын демилгеси менен ишке ашырылды. Салкын Карбозова эс алуу жайын ачуу, балдарды китеп окууга кызыктыруу , элеттик аялдардын аймакты өнүктүрүүгө  салым кошуусун активдештируу максатында жогоруда аталган долбоор алкагында уюштурулган сынакка өзүнүн демилгесин сунуштап,  286 миң сомдук каржылык колдоого ээ болгон. Кечээ жергиликтуу бийлик жетекчилеринин, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун жетекчилигинин, СДА альянсынын , жергиликтүү коомчулуктун  өкүлдөрүнүн  катышуусунда инновациялык Смарт-  паркты расмий ачуу өткөрүлдү.  Бул парктын өзгөчөлүгү  ал  интернет менен камсыз болгон,  эс алганы келгендерге  интернетти бекер пайдаланганга мүмкүнчүлүк түзүлду.


Ошондой эле бул күнү  атайын окутуулардан кийин тузүлгөн өз ара жардам топторунун көргөзмө ярмаркалары, шахмат сүйүүчүлөр үчүн Азиянын үч жолку чемпиону Айжан Съездбекова тарабынан мастер класстар өттү жана  ачык асман алдында жаш сүрөтчүлөр өз чеберчиликтерин таанытып, жергиликтуу коомчулукка кубаныч таартуулашты. “Туруктуу өнүгүүгө бирге жетебиз” аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.


Иш чаранын жүрүшүндө “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду тарабынан  даярдалып чыгарылган “Мекенге мээримин арнаган аялзаты” китебинин бет ачаары жана китептин каармандары менен жолугушуусу да  уюштурулду. Иш чара соңунда  Фонд тарабынан катышуучуларга  жаш бөбөктөр, ата энелер үчүн чыгарылган   атайын китептер белекке берилди.