Мамкызматтан мигрантка, андан ишкерге айланган аял

February 5, 2021, 14:58

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан  Айдай Беделбекова материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 



Өз айылынын, районунун, шаарынын, өлкөсүнүн өнүгүүсүндө мигрант айымдардын салымы эбегейсиз. Алар үй-бүлөсүнө гана эмес бүтүндөй мамлекеттин экономикасына чоң жардам кошуп келишет. Кыргызстанда акыркы жылдарда эмгек миграциясына чыккандардын 40%ын аялдар түзүүдө. Миграция өлкөдөгү бардык аялдарга таасир этип жатканы менен ал процесске көбүнчө 20-40 жашка чейинки аялдар тартылат.


Мигрант аялдарда балдарына болгон кусалык жашайт. Мындан башка, калыптанып калган стереотиптер жана көптөгөн кыйынчылыктар чыгат. Бирок, кайраттуулугу, эрктүүлүгү менен чет жактан тажрыйба, каражат топтоп келип, өз мекенинде ишин баштап, башка аялдарга жумуш орун түзүп жатышат.


Биздин бүгүнкү каармандарыбыз убагында миграцияда жүрүп, кийин мекенине кайтып ишкерге айланган аялдар.


Патилахан Исмаилова 30 жыл медицина тармагында иштеп, кийин миграцияга жөнөп, андан ишкерге айланган.


Учурда айылда тигүү цехин ачып, 50 адамды жумуш менен камсыздап келет. Анын ишканасында даярдалган кийимдер Россиянын базарларында сатылат.



Исмаилованын цехи Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө жайгашкан. 4 жыл мурун ачылып, кыз-келиндер үчүн кийим кече тигилет.




«Сезонго карап тигебиз. Бир мезгил алдыда жүрөбүз. Мисалы, азыр кышта жазга даярдайбыз. Жазда жайга. Ошол сыяктуу болуп кете берет. Кытайдан материалдарды алдырып, бул жакта тигип, Россияга салабыз. Ал жактагы базарларда сатылат», — дейт Патиллахан Исмаилова.


Ишкер айымдын бул — үй бүлөлүк бизнеси. Баарын баштоо оңой болгон эмес. Алгач медицина кызматкери болуп Оштогу балдар ооруканасында 30 жыл эмгектенген. Андан соң, 2010-жылдары көпчүлүк сыяктуу эле Россияга кеткен.


«Башында балдарым кетти. Кийин менин да барышыма туура келди. 2010-жылы алгачкы жолу бардым. Баарыбыз иштедик. Неберелеримди карадым. Балдарым, келиндерим иштеди. Эч жөн олтуруп калбадык. Биринчи үй-бүлөбүз ар кандай иштерде иштешсе, кийин каражат чогултуп, өз алдынча бизнес кылалы дедик. Ошентип ал жакта тигүү цехин ачтык. Анан ойлонуп өзүбүздүн мекенибизде да жумуш орун түзөлү деп чечтик. Азыр баары биригип цехте 50 адам иштейт».


Патилахан Исмаилова Орусияга 8 жылдай каттап иштеген. Кийин мекенине кайтып өз жеринде ишкерлик кылууну тандашкан. Ошентип 2017-жылы атайын тигүү цехин ачышат. Тигүүчү машиналарын орнотуп, айыл аймагынан үйдө олтурган кыз-келиндери жумушка чакырат. Аларды үйрөтүү үчүн Өзбекстандан, Түркиядан атайын чебер, технологдорду алып келет.


«Башында жумушчуларга өзүбүз үйрөттүк. Даяр келгендер аз эле. Тамак-аш, үйлөрүнөн ишканага ташуу үчүн транспорт уюштурдук. Көбүнчө кыз-келиндер иштешет. Ошол эле учурда балдар да бар. Биздин цехти бул жакка ачканыбыздын дагы себеби жумушсуздукту жоюуу болгон. Айыл аймакта олтургандарды чакырып үйрөттүк. Көбүнчө мурда Россияга барып ар кандай иштерде иштеп жүргөндөр келишти. Алардын балдарын, карыган ата-энесин кароого эч кимиси жок болуп миграцияга чыга албагандары калды. Айлык акы кылган жумушуна карап 15 минден 25 миңге чейин берилет», — дейт Патилахан Исмаилова.


Мамлекеттик кызматкерден миграцияга жөнөп, андан ишкерликке өткөн каарманыбыздын эки уулу чет өлкөдө эмгектенсе, эки баласы менен үй-бүлөсү бул жакта иш алып барышат. Баары тең тигүүчүлүк жаатында эмгектенишет.


Мындан сырткары, Патилахан Исмаилова айылда дарыкана да иштетет. Учурда ал үй-бүлөсү менен соода борборунун курулушун бүтүрүү алдында турат.


«Баарыбыз иштейбиз. Үй-бүлөбүздүн баардык мүчөсү эмгектенет»


Дүйнөнү каптаган илдет, коронавирус пандемиясы бул үй-бүлөнүн ишкердигине да таасирин тийгизбей койгон эмес. Чек ара, карантиндик чектөөлөрдөн улам, жумушчуларды убактылуу кыскартканга туура келген. Бирок ошол эле учурда беткап, атайын кийим кечээлер жетпей жаткан убакта анын цехи өз аймактарындагы ооруканаларга жардам колун сунган.

Мед кызматкерлер үчүн атайын кийимдер менен беткаптарды тигип таратып жаткан.


 



 «Бир гана тынымсыз эмгек, адамды ийгиликке жеткирет»


Патилахан эже, адам таза эмгек менен эле тынымсыз иштей берсе ийгилик өзү эле келет деп эсептейт. Эч качан бош убактысы болбойт. Ар дайым тынымсыз эмгектин үстүндө. Алдыда 50 жумушчу орунду дагы да көбөйтүп, чоң фабрикага айлантууну пландап жатат. Өзү жашаган аймакта аз да болсо жумушсуздукту жоюууга аракет кылсам деп максат кылган. 60 жаштагы каарманыбыз 4 уул, 8 неберенин апасы, чоң энеси.





Ал эми Хилола Холматова Россияда миграцияда 4 жыл жүргөн. Үч баласы үй-бүлөсү менен Кыргызстанда калган. Бул жылдар аралыгында келип-кетип жүргөн. Бирок жаш балдарын сагынып кыйналган.


Андан соң, өз жеринде балдары менен калууну план кылган. Тапкан каражатын чогултуп, 2 жыл мурун миграцияга кетүүнү токтоткон.


«Москвада ар иште иштедим. Тигүүчүлүктө да бардык баскычтарда эмгектендим. Анын артынан каражат таптым. Үй алдым, машина алдым. Бутума турдум. Кийин балдарымды сагындым, аларды өзүм карашым керек эле. Ошентип кайтып келдим», —дейт Хилола Халматова.


Хилола Холматова миграция ага көп нерсени үйрөткөнүн айтат. Маянасы жогорку айлык менен кошо эле көп саат да иштеген. Акыры турак-жай, кошумча каражат чогултуп алган соң, бул жакта эмне иш кылышы жөнүндө ойлонот.


«Россияга кеткенге чейин үйдө өз алдымча чеберчилик кылчуумун. Ал жакта да чоң цехте иштеп калгандыктан ошол тажрыйбамды колдонойун деп чечтим. Россиядагы цехтерди иштетилгендей тигүүчү машиналарды алдым. Аймактагы кыздарды чакырдым. Азыр 2-4 кыз чакан ательеде иштеп жатабыз. Кошумча атайын тигүүчүлүктүү үйрөтүүчү курстарым да бар».


Хилола Холматова менен Патилахан Исмаилова миграцияда жүрүп таанышышкан. Чет жакта жүргөн мекендештердин бири-бирине болгон тилектештиги, колдоосу ийгиликке жол ачып берген. Же болбосо мигрант аялдын ийгилигине, тажрыйба топтоп мекенине кайтышына кайра эле мигрант мекендеши себепкер болгон.


Хилола Москвада Исмаилованын цехинде иштеп, көптү үйрөнгөн. Учурда өзүнүн да чакан чеберканасы бар. Алдыда Хилола Холматова да, Патилахан Исмаилова да жумушчуларынын санын көбөйтүп, кыз-келиндер үчүн өз аймагында да жогорку айлыкка иштей турган шарт түзүүнү тилек кылышкан.