Гулиза Акматсияева: «Москва чынында эле көз жашка ишенбейт» мигранттардын укугун коргоо боюнча юрист

February 27, 2021, 14:42

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан  блогер Аильчинова Бегимай материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 



«Потом мне стало интересно: имеет ли полиция право так делать? Я перевелась на ночную смену и поступила здесь в университет. Днем я училась, ночью работала в магазине. Мне нужен был диплом РФ, чтобы я могла защищать соотечественников», - так начинается история Гулизы, которая на данный момент работает юристом по защите прав мигрнатов в Москве.


Кыргызча котормосу

Гулиза Акматсияева: «Москва чынында эле көз жашка ишенбейт» мигранттардын укугун коргоо боюнча юрист.

Москвада 14 жылдан бери иштейм. Менин өзүмдүн жеке бизнесим бар, бирок андан тышкары Борбордук Азия мамлеккеттерден келген мигранттарга бекер юридикалык жардамымды көргөзөм. 2009-жылы Кыргызстанда катуу кризис болуп, стабилдүү жумуштун жоктугуна байланыштуу Москвага кеткенге мажбур болдум. Бул жерде эжем бар болчу.

Мен эң алгач Москвага кеткенде балам 4 жашта эле. Биз поезд менен кеткенбиз, ал учурда учак ашкерелик. Азыр балам 17де, ал мен жок өстү. Ал азыр чоңоюп жигит болгон курагы. Мени ойлонткону  мен балама  жетиштүү энелик мээрим бере албагандай сезилет. Мени көрбөгөн үчүн балдарыма боорум ооруйт. Бул жерден жумуштарды бүтүрүп, өзүмдүн туулуп өскөн Кыргызстаныма, балдарыма баргым келип жатат.

Ал учурда Москвадан жумуш табуу кыйын эле. Москва чынында эле көз жашка ишенбейт. Ар бир экинчи адам сенин улутуң үчүн жаман сөз айтышы мүмкүн эле, азыр гана жакшы болуп баштады. Биз укуктук аянттабыз: диаспоралар иштеп жатат, элчилик жардам берип келет. Мен эң алгач  келип, дүкөндө кассир болуп иштедим. Кээбирлери жаман сөз айтчу, ал эми кээ бүрөөлөр тескерисинче жакшы сөз айтып, көңүлдү алып мактачы. Албетте кыйынчылыктар болчу, тагыраагы биздин улутубузга ишенбөөчүлүк. Жаман сөз айтып «Бул жака эмнеге келдиңер?» дешчү. Мен көп жолу ыйладым. Эч кандай себепсиз эле улут үчүн полиция токтотуп,  паспорт текшерген учурлар болон. Кийин мага кызык болду: Алар ушундай кылганга акысы барбы? деп. Мен кечки сменага которулуп, университетке тапшырдым. Күндүзү окуп, кечкисин дүкөндө иштедим.Өзумдун укугумду коргой билүү үчүн мага РФнын диплому керек болчу.


Мурда мага мекендештер көбүнчө полиция кармап алганда кайрылышчу. Азыр мекендештер жаңы бизнес ачканда же кыймылсыз мүлк сатып алганда кайрылышат. Бул жерде ар дайым адамдар жыңы нерсе үйрөнүүнү самашат. Мына ошондой мүмкүнчүлүктөрдү көрүш үчүн, көздү ачуу керек. 


Бул жакта ар кандай жагдайлар болот. Мисалы:  2 айдан бери тууганы менен байланышы үзүлүп,  таба албай жаткан Кыргызстандан Москвадагы туугандарын издеп, мага кайрылышат.

Мен алардын өкүлү болуп, арыз жазам. Мунун баары бекер. Эгер адам эч нерсе кыла албаса анда жумуштан эс алуу күн алып, жумуштарын бүтүрүп берем. 


Айымдарга бул жактан жумуш табуу жеңил, ал эми айымдарга салыштырмалуу эркектер үчүн бир аз кыйын. Алар көп учурда оор жумуштарга, курулуш иштерине барышат, бирок көбүнчө алданууга дуушар болот. Мына ошолордун бири болуп, жайында бир окуя болуп өттү. 


Курулуш компаниясы мындайча айтканда 197 миң мигрант жумушчуну «уктатып» кеткен. Мен аларга айлык акы боюнча көп чуркадым. Жумуш берүүчүлөргө миграциялык кызматка кайрылам деп айтып, ишчилердин айлык маянасын кайтарып берүүгө жардамдашып келем. Байкелер, акчасын алгандан кийин көзүнө жаш алып, рахматын айтышчу. Мындай окуялар көп. 


«Адамга күн сайын адам болуу», деген Чыңгыз Айтматовдун сөзүн ар дайым эстеп жүргөнгө аракет кылам. Менин жумушум абдан кыйын, себеби ар бирине физикалык жактан жардам бергенге жетишпейсиң. Бирөөнө жетишесиң, а бирөөнө жок.


Жакында эле бир бала жөн гана арыз жазуу үчүн кайрылды. Ал бала тамга таанымактүгүл жада калса калемди туура кармаганды да билбейт экен. Ал 22 жашта. Өкүнүчтүүсү 1-класска барбай кат сабаты ачылган эмес. Бул биринчиси эмес. Мындай окуялар көп болгондугу мени өкүндүрөт. 


Мигранттардын балдары да көбүнчө мектепке барбайт. Мекенинде балдары билим алышына көңүл бурбаган мигрант ата-эленер дагы күнөлүү. Мен Кыргызстанда билим берүү тармагындагы проекттер менен иштегим келет. Мен мекенчил патриотмун, менде РФнын жараандыгы жок, бирок мен Кыргызстандын жараанымын. Мен ар бир кыргызстандык үчүн ар дайым күрөшөм. Мен өзүмдү мекенимде гана көрөм. Мекенибиз өнүгүп, улуу держава болушун каалайм. 


Кайрылуу: Кыргызстанга кайткыла! Айымдар, кыздар жана апалар гана мекенибизди өнүктүрө алат.