Айсулуу Атаканова жөнүндө

February 28, 2021, 14:31

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан  блогер Аильчинова Бегимай материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 




В моей конкретно истории, у меня возник такой вопрос: «Что я конкретно сделала для своей страны?» Я поняла, что пришло время, когда моя помощь действительно требуется.
              Айсулуу Атаканова врач-доброволец во время пандемии COVID-19 в Кыргызстане.

Кыргызча котормосу

Айсулуу Атаканова: «Жыйынтыгында сенин акылыңа баа берип карашат, канчалык эрте түшүнсөк, ошончо өзүбүзгө жакшы.»

2010-жылы мен бюджеттик окууга таанышсыз жана бай ата-энемсиз медициналык академияга тапшырдым. 10-11 класста химия жана биология сабактарын кошумча көбүрөөк окуш керек болду. Академияны бүтүрүп жаткан жылы, ординатурада тар адистиктер бөлүмүнө (кардиология, гинекология ж.б) бюджеттик орундарды кыскартып коюшту, бекер, үй-бүлөлүк медицинада гана окуу болот болчу. Ошол убакта, кызыл дипломум менен, көптөгөн олимпиада жана конференцияларга катышканым менен өзүмө орун таппай кыйналгам. Ошондо Н. И. Пирогов атындагы Москвадагы РНИМУга тапшырууга аркет кылдым да өтүп кеттим. Ата-энем менин медицинага канча күч коротконумду түшүнүп, менин көчүп кетүүмдү колдошту.

Көчүп кетүү ойлор мени коркутчу, мен  буга чейин башка мамлекетте жашап көргөн эмесмин. Негизгиси, чечим чыгарыш керек. Анан сен бир чемодан менен жаңы мамлекетте өзүңдүң жашооңду куруп жатасың.Кыргызыдын көпчүлүк кыздарынын өзүн өзү баалоосу төмөн. Мен дагы баратып: «Москвада студенттер акылдуу, мен укпаган нерселерди дагы билишет», деп ойлогом. Келип, студенттер жана ординаторлор биздин эле деңгээлде билишет экенин түшүндүм. Бул жакта биздин кыздар өзүнө көбүрөөк ишениши керек. Мына ошондо баары болот.

Азыркы учурда мен аспирантурада окуп, ошондой эле Москванын шаардык ооруканада дежурный врач болуп эмгектенем. Эгерде жараандыгын жок болсо, бул жактан медицина сферасында жумуш табуу кыйын болот. Бирок, Россиянын башка регонунда табууга мүмкүн. Москвада врачтардын айлык акысы биздиникен жана Россиянын башка региондоруна караганда он, кээбир учурда 20-30 эсе көбүрөөк. Ошондуктан баары бул жактан орун тапкысы келет.


Конкуренциянын көптүгүн унутпашыбыз керек- бул жака Россиянын баардык доктурлары келишет, кыргызстандыкка эмес, россиялыка дагы жумуш табуу кыйын.


Мен бул жакта ординатура өтөгөнүм жардам берди, мен көбүнчө врачтар менен иштешкем. Кыргызстандыкка, башкаларга караганда мыкты экенин көргөзүш үчүн, көпчүлүктөн алдыга озуп чыгышы керектиги айкын. Ал «жергиликтүүлөрдөн» мыкты болуш керек, ошондо ийгилике жетишет. Кыргызстандан көп убакытка кетсе адгы, башка өлкөнүн жараандыгын алса дагы, кыргыздан Кыргызстандын жашоонуна активдүү катышышашаарын тааныштарымдан байкап калам. Бул белгисиз ооруу сыяктуу.

Менин  өзүмдүн тарыхымда мындай суроо жаралды:« Өлкөм үчүн мен эмне кылдым?». Менин жардамым керек болгон учур келгенин ошондо түшүндүм. Мен врач-ыктыярчы катары Бишкеке 2020-жылдын жайында келдим. Эпидемиянын туу чокусунда мен Кыргыз-Түрк оорууканасында реанимация бөлүмүндө иштедим. Россиядан жана Турциядан кыргыз врачтары мекенине жардам бергени келишти. Врач-реаниматолог Омуралиева Эльвиранын сунушу болчу. Пандемия учурунда врачтар өзүнүн профиссионалдуулугун көргөзүштү. Лаборатория, КТнын, дары-дармектин жок шартта, биздин врачтар оорулууларды айыктырышты. Биздин коллегаларыбыздын көбү ошол учурда үй-блө мүчөлөрүн, жакын туугандарын жоготушту. Алар тажияга кетишип, кайра жоготууга карабай келип иштешти. Эс алууга эч ким кеткен жок.

Ошондой эле, биз жайында Ыссык-Көл облусунда COVID-19ду кантип туура даарылоону үйрөттук. Алар баардыгы эмнеге эртерээк бул жамандык келгенге чейин келген жоксуңар деп сурап жатышты. Мунун баарын керек болсо биздин мамлекет эмес, донорлор уюштуруп беришти. Мен бир айылда болдум, 4 медик-апалардын моюнунда бүтүндөй бир айыл (1000 үй-бүлө) кармалып турган экен.  Биз айтып жүргөн кадр дефицити-абдан чоң. Региондордо көптөгөн жумуш орундар бар, бирок шарттын жоктугуна, айлыктын азына байланыштуу апалар ал жакта өмүр сүрүүгө мажбур. Бул маселени чечкенге болот, бирок калк аны талап кылбай жатат. Баардык врачтар пандемия учурунда эмне болгонун көрүштү, бирок, унчукпоону чечишти. Мен аларды түшүнөм, алар эртең эле жумушка кайра чыгат.


Кыргыз кызынын ролу-бир гана ийигиликтүү күйөөгө тийүү гана деп эсептебейм. Жана бул ойдан кайтыш керек. Биздин ролубуз бир канча эсе кененирээк. Бүгүн кыргыз айымы-экономикалык звено. Жүз миңдеген биздин айымдар чет өлкөлөрдө иштеп, мамлекеттин экономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылып турушат. Аларга таазим этиш керек. Аларга мамлекет эмне кылды? Ток этээрлик эч нерсе. Биздин мекенде айымдар кандай кыйналса, ошондой эле кыйналып жатышат.

Азыркы учурда кыздар карьераны сулуулук индустриясында куруп жатышат, бирок сулуук ийгилиги убактылуу гана. Сен-бул ичиңдеги сен. Жыйынтыгында сенин акылыңа баа берип карашат, канчалык эрте түшүнсөк, ошончо өзүбүзгө жакшы. Биздин кыздар билим алуу тармагына көңүл бүрүшу керек. Мен абадан кыздарыбыздын кыздарын биология, химия, физика, ветеринария, космос же Тынч океанындагы акуларалды изилдеп жатканын көргүм келет.