Мекенге күйгөн мигрант айымдар

February 1, 2021, 14:13

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Касиет Кубанычбек кызы материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 


Угулай Гапарова кичи мекени Баткен облусунун Орозбеков айылына пандемиядан бери кайрымдуулук кылып келет. Бул максатта ал  Кыргызстанда жана чет өлкөдө эмгектенген жетимишке чукул кыргыз айымдарынын башын бириктирген. Угулай айым, бизге берген маегинде миграциядагы турмушту баяндап берди.


Айылым көз алдымдан кетпей койду…

 

Угулай айым, пандемиядан улам кайрымдуулук фонд түзгөн экенсиздер. Эмне үчүн мигрант айымдар бириктиңиздер?

«Бардык эле мигранттардын жүрөгү мекен деп согот. Быйылкы жылдын тилсиз душманы — коронавирус болду. Бүт дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып, канчалаган жоготууларга учурадык. Пандемия учурунда мен борбордо болчумун. Шаар хаос болуп, даары дармек, даарыгерлер, ооруканалар жетишпей, өлүмгө дуушар болгон учурлар көбөйүп жатканда, туулуп өскөн айылым көз алдымдан кетпей койду. Ошол учурда өзүм да ооруп турган болчумун. Көзүмдөн айыл өтүп, оюмдан ата -энем, айылдаштарым туруп алды. Айылдын шарты көпчүлүккө эле белгилүү эмеспи. Бирине тартса, бирине жетпейт. Ошонуктан, айылга жардам көрсөтүү үчүн тез арада “Кара -Кечүү кыздары” кайрымдуулук фонд түзүлдү. Курамыбыздагы кырк айым чет өлкөдө эмгектенген мигранттар болсо, отузу Кыргызстанда».


Кайрымдуулукту кайсы тармактарга багыттайсыздар?

«Пандемияда түзүлгөн коомдук фондубузга 5 айдан ашыптыр.  Билинбеген менен айылда жардамга муктаж үй-бүлөлөр арбын эле экен. Алгачкы жардамыбыз аймактык ооруканага жылуулук системасын орнотуудан башталды. Коомдун ар бир мүчөсүнө терең ыраазычылык билдиребиз. Коомубуздун кыздары  жумуш ийгиликтүү бүткөнүн көрүп аябай кубанышты. Ошол күндөн тартып коом өз ишин токтотпой улантууда. Жардам сурап коомго кайрылгандар көп».


Бөтөн жерде эмгектенүү өзгөчө кайратмандыкты талап кылат


Бир канча жыл мурун сиз да миграцияда болгон экенсиз. Миграциядагы ишмердүүлүгүңүз, жашооңуз жөнүндө айтып берсеңиз…

«Ооба, турмуштун муктаждыгынан, Орусияга барып иштеп келүүгө туура келди. 2013-жылы Мекенден чыгып кеттим. Бронницкий шаарында жашадым. Албетте, биринчи бөтөн элге барып отурукташып, жумушка орношуп бир калыпта иштеп калуу үчүн убакыт талап кылынды. Биринчи жумушум жабык дүң базар мекемесинде 2 күн пол жууп иштедим… Жумуш жакпай, кыйналганымдан, жумуштан соң башка жумуш издеп жүрдүм. Анан, кийим сатуучу дүкөнгө кеңешчи-сатуучу керек деген жарнама боюнча барып, ошол дүкөндө иштеп калдым. Ал жерде 3 жыл толугу менен сатуучу болуп иштедим.  Ар бир жумуштун өзүнчө түйшүгү бар эмеспи. Бөтөн жерде жүрүп эмгектенүү өзгөчө кайратмандыкты талап кылат экен. Менин жумушум эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин болчу. Үч балам менен жумушка да, мектепке да, бакчага да бир күндө чуркап жетишет элем. Турмуш кыстаса адам баласы баарына чыдайт экен. Бирок жакшы жашадым. Балдарымдын окуусу ийгиликтүү болуп,  жалаң “беш” деген баага окушту. Ал жакта балдардын билим алуусуна шарт аябай жакшы түзүлгөн».


Балдарыңызды мектепке киргизүүдө кыйналган жоксузбу?

 «Мектепке алабы же албай коёбу, классынан артта калабы?», — деген түркүн ойлор болду. Бирок, мен ойлогондон да жакшы болду. Бронница шаарындагы №3 лицей мектебине баламды окууга алышты. Алгач балам менен оозеки баарлашып, билимин канааттандырарлык деп баалады. Ошол эле замат арыз жаздырып, баламды окуучу классына алып кирип кетишти. Балам аябай жакшы окуду. Ата-энелер чогулушунда дайыма мактоо сөздөрүн угуп, өзүмө кубат алчумун… Кошумча сабактардын баары бекер жана балдарды кызыктырып өтүлөт эле. Экинчи балам да ошол лицейде окуду. Кичүү балам бакчага барчу. Эртең менен баарын сабактарына жеткирип, анан өзүм жумушка барчумун».

Миграциядагы кыргыз кыз-келиндерин кандай сыпаттайсыз?

«Баары эле турмуш зарылчылыгынан барып иштөөгө туура келип жатат. Аял үйдүн куту демекчи, аял киши өз мекенинде балдарынын жанында болгонуна эч нерсе жетпейт. Бирок, кыргыздын кыздары кыйын, чыдамкай  болгон үчүн чет өлкөдө да эмгектенип, ийгиликке жетип жаткандары абдын жана кубандырат«.

Кыргызстанга кайтып келген соң, кайсы тармакта иштеп жатасыз?

«2016-жылы Кыргызстанга кайра келдим. Өкмөт жумушунун айлык маянасы аз болгондуктан, жеке ишкерликти баштадым. Балдардын келечеги, жумушсуздукту алдын алуу, айтор ушул жагдайлар жеке бизнес ачууда түрткү болду деп айтсам болот. Мен чакан ишкерлик менен алектенем. Бүгүнкү күндө 20 аял, 4 эркекти жумуш менен камсыз кылам».


http://kyrgyzmedia.kg/