Элнура Иманалиева: “Кыргызстандын күнү берекелүү экен”

February 26, 2021, 12:44

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында журналисттер арасында жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан  Сымбат Максутова материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.



Миграциядагы аялдар темасын улай, 17 жыл Россияда соодада жүрүп, азыр Кыргызстанда ишкерлик кылган Элнура Иманалиеваны кепке тарттык.


Россияда иштөө

Элнура эрте жашында эле колунда 1 жашар кызы бар экенине карабай миграция агымы менен 1999-жылы Новосибирскиге барып, Кыргызстандан салынган товарларды сатып, базарда соода кылууну баштайт. Ал учурда кыргыздар аз, кандай товар барса өтө берет. Кызын сагынып зыркырап жүрүп, эки жылдан кийин экинчи кызын төрөйт. Соодага берилип, акча табуунун кыныгын алгандан кийин кыйналса да кыздарын таштап, Россияга кайра жөнөйт. Эки жыл Новосибирскиде соода кылып жүрүп, алгачкы 3 бөлмө үйүн жолдошу экөө Бишкектен алышат. Ошондо болгону 26 жашта эле. Бардык кыйынчылыктарды жолдошу Алтынбек оорун колдон, жеңилин жерден алат.

Кыйынчылык

Москвада Люблино чоң соода борборунда товар тосуп алып, товар жөнөтүп, таңгактап отурушчу. Анда таңкы 3төн кечки 7ге чейин иштейт. Күндүн бетин көрбөйт. Эл жык-жыйма. Кыйчылдаган таңгактардын үнү жанды кейитет. Сыртта кандай аба-ырайы болуп жатканын деле билбей, күндөр өтө берет. Күндүн-түндүн өткөнү билинбей, кыйналып, чарчап жүрүп жылдардын учканын билбей калат. Бир жолу жашоосуна нааразы болуп таңкы 3тө келатса, жаш кыргыз келин жаңы төрөлгөн ымыркайын кардын үстүнө жаткырып коюп, кар күрөп жүрүптүр. Күйөөсү аркы жакты күрөйт. Ошондо көзү ачылып, “өз жашоомо наалып жатсам, минтип иштегендер деле бар турбайбы” деп, кайра үйүнө барып, балдарынын кийимдерин алып келип берет. Ошондон кийин наалыганын коюп, чыйралат.

Тигүү цехин иштетүү

Ошентип, 2017-жылдын аягы Кыргызстанга биротоло көчүп келишет. Өздөрү үчүн жашаганга үй албай туруп, жолдошу экөө сүйлөшүп 3 кабат чоң үйдү сатып алып, тигүү цехин уюштурушат. Ал жерде азыр тигүүчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ичинде кийим тигүүчү жайдан сырткары, уктоочу жана тамак ичүүчү бөлмөлөрү бар. Анда 15тен 30га чейин кыз-жигиттер иштешет. Кийимдерди тигүүгө буйрутмалар Москадан, Бишкектен түшүп турат. Тигилген кийимдер “Дордой” базарына жана Россия базарларына кетет. Өзү университеттин юридика адистигин алган. Бирок миграция агымы менен Россияга кетип, ушул күнгө жеткен тагдыр-жашоосуна өкүнбөйт. Көптү көрүп, көп адамдарга аралашканына, соода тармагын өздөштүргөнүнө сүйүнөт. Бапырап, байгерчиликте жашашат.

Балдары Москвада төрөлөт

Элнуранын өзгөчөлүгү – Россияда жүрөм деп өзүн чектеп койбой, иш менен айкалыштырып, балдарды төрөй бергенинде. Алгачкы эки кызын Бишкекте төрөсө, калган 5 баласын Москвада төрөйт. Кичүү эгиз уулдары төрөлгөндөн кийин негедир Кыргызстанга келгиси келет. Өзү жаш эле көрүнгөндүктөн, 7 баланын апасы деп айта албайсың. Күйөөгө татыктуу жар, балдарга мээримдүү эне катары миграцияда жүрсө да балдарын жанынан чыгарбай багып, көп ийгиликтерге жетишти. Кызыгы, Москвада өсүп чоңойсо да балдары Кыргызстанга тез көнүп кетишти. Кыргызча үйрөнүшүп, элге ыкчам аралашты. Азыр улуу кыздары студент, кичүүлөрү мектепке барат. Эки эгиз уулдары быйыл мектепке аттанганы турушат.

Мигрант аялдар кандай өзгөрдү?

1990-жылдардын ичинде Россияга агылган кыз-келиндердин көбү кара жумуштарга барышкан эмес. Көбү соода кылганы агылышчу. Акаевдин бийлигинин учурунда Россияга барган мигранттарды кармаган учурда милициялар автобустарга салган соң “Кыргызстандын жарандары кете бергиле” дешчү экен. Ал учурда Кыргызстандан баргандарга жакшы жеңилдиктер каралган. Тажик, өзбектер дайыма ичи күйчү. Акаев кеткенден кийин кыргыз мигранттарына андай камкордук болбой калган. Кийин көчө шыпырган, пол жууган, кар күрөгөн, кара жумуштарга барган кыргыз кыз-келиндер көбөйгөн. Мезгилдин агымы менен баары өзгөрүүгө, өнүгүүгө бет алат. Акыркы 5 жылда кыргыз мигранттары абдан бутуна турушту. Өзгөчө аялдар бардык каржылык муктаждыктарын чечишкен. Чоң үйлөрдө жашашат, чоң машиналарды айдашат. Ар кайсы жерде менчик дүкөндөрү бар. Туугандарын багышат, балдарын окутушат. Россияда кыргыз кыздарды жоопкерчиликтүү, иштерман, орус тилин билишет деп жакшыраак жумуштарга, кымбат ресторандарга алышат. 

Бирок, медалдын да экинчи бети бар дегендей, көп кыздар турмушка чыкпай калышты. Жаштыгын, күчүн кара жумуштарга берип, сулуулугу суктандырбай калды. Акчасы болгону менен баласы жок же ажырашып кеткендер көп. Андыктан, жаш кыздарды сыртка чыгарбай эле  коюш керек. Кыздарга билим берип, карьерасын жасоо кажет.

Кыргызстанда жашоо жыргал

Россияда жүргөндө баш көтөрбөй эле бир жерде иштөө керек. Күндүн, жылдын кантип өтүп кеткени билинбейт. Оор жумушта ооруп калгандар ден соолугуна кайыл, канча жылдар эмгек менен өттү. Үйдө тынч жашаганга балдар да көнөт. Кыргызстанга көчүп келгени жашоолору жакшы жагына өзгөрдү. Катыш толтура, тааныш-достун арасында жашоо кызыктуу. Туугандар менен катышуу балдарга да жакшы таасирин берген. Мурда андайды көрбөгөндөр, азыр тууган-уруктарды сурап, жек-жаат эмне экенин биле башташты. Балдардын кыргызча тарбия алышына да жакшы жактары көп болду. Кыргызстанда күн абдан берекелүү. Канча иш кылып жатсаң да жетишесиң, тойго да, эс алууга да барасың. Жашоо абдан кызыктуу. Кыргыстанда туруп деле бизнес жасап, экини үч кылып алса болот. Азыр Кыргызстанда жашап эле кыргыздардын байыгандары көп. Той-аштарды эле карагыла. Көп адамдар байгер жашашат. Азыр Россияга деле документ менен барып, каттоого туруп ишке кирип жатышат. Мурдагы учурларга караганда жакшы жагына жылыштар көп.

Мага кечээги мигрант, бүгүнкү ишкер, көп бала төрөгөн баатыр эне, өзүнө ишенген ийгиликтүү айым Элнура Иманалиева башынан өткөргөн жашоосун ушинтип айтып берди. Негизгиси, ал миграциядан өзүнө керектүүсүн алды, бутуна турду, азыр өзү сүйгөн Мекенинде адамдарды жумуш орду менен камсыз кылып, өзү сүйгөн соода ишин улантып, ата-эне, балдарынын маңдайында, эл-журт ичинде, эң негизгиси өз Мекенинде жашоосун сүрүп жатат. Ал эми сыртка мигрант болуп  чыгууну өзүнө да, балдарына да каалабайт. Балдарды окутуп, өзү да окуп, билимге көңүл бурсак деген тилеги бар.

Сымбат Максутова