Махабат Садырбек: «Жардам берүү бул – көөдөнүңдөгү көксөөңдү канааттандыруу»

February 25, 2021, 12:40

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Төлөбүбү Касымалиева материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 




«Мигрант аял - өнүгүү түркүгү» долбоорунун алкагында Германияда билим алып, кесибин андан ары улантып, ошол жакта иштеп калган Махабат Садырбек айымдын ишмердүүлүгү боюнча маектештим. Махабат эже кесиби боюнча лингвист-котормочу, эл-аралык саясат таануучу жана юридикалык илимдеринин доктору. Өзү өмүрүнүн жарымын Германияда өткөрсө дагы, Кыргызстан кичи мекени менен тыгыз байланышта жашайт, өлкөгө колунан келген жардамын берет. Өзүнүн туулган аймагындагы айылдардын мектептерине, бала бакчаларына жана медицина борборлоруна 15 жылдан бери ар кандай жол менен көмөк көрсөтүп келет.

 

- Махабат эже, маегибизди сиздин ишмердүүлүгүӊүздөн баштасак, Германияда эмне иш менен алектенесиз?

- Мен учурда Германиянын Халле шаарындагы Макс Планк илимий институтунда юридикалык-антропология илиминдери боюнча илимий изилдөөчү катары эмгектенем.

-        Ал жакта жашаганыӊызга канча убакыт болду?

-        Германияда жашаганыма 22 жылдын жүзү болду. 1999-жылы DAAD стипендиясы менен германист катары стипендия утуп алып, бул жакка окууга келип, аны ийгиликтүү аяктап, андан кийин 3 жылдык дипломанттардын мектебине тапшырып, анын биринчи жарымын Германиянын Гановер шаарында, экинчи жарымын Бельгиянын Брюссель шаарында окуп, аяктагам. Еврокоммиссияда иштейин деген максатым бар болчу, ошон үчүн көп тилдерди окугам. Тилекке каршы ден-соолукка байланыштуу ал жердеги жаңы баштаган жумушумдан баш тартууга аргасыз болдум, ошондуктан кайра илимий чөйрөгө кайтып келдим: юридикалык антропология илимдери боюнча докторлук иш жазып, жактадым.

-        Германиядагы кайрымдуулук уюмдардын алкагында көп иштерди жасайт экенсиз, ал жардам кимдер үчүн?

-        2006-жылы студент кезде өзүмдүн чакан кайрымдуулук фондумду түптөгөм. Бул жактан материалдык жардам уюштуруп, аларды Кыргызстандагы айылдарга жөнөтчүмүн. Доклад жана маданий иш-чаралар аркылуу транспорт үчүн каражат тапчумун. Кийин дагы көбүрөөк жардам уюштуруу максатында Бавария Чыгыш Ассоциациясынын «Кыргызстанга жардам» деген долбооруна кошулдум. Жакында долбоордун негиздөөчүсү Ханнес Хай мырза «Оор таштарды ордунан жылдырганда» деген китеби жарык көрдү. Анда ал «Кыргызстанга жардам» гуманитардык долбоорунун алкагында он беш жылда жасаган эбегейсиз иштери, көргөн, билген жана башынан өткөргөн окуялары тууралуу баяндайт. Мен, Ханнес Хай мырза жана анын жубайы Карла Хай болуп, 11 жылга жакын гуманитардык жардам уюштуруунун жана аны мекенге жеткирүүнүн убарасын, азабын, кубанычын, кайгысын жана фрустрациясын чогуу тарттык. Бажыда, чек арада, министрликтерде жана ооруканаларда ар кандай кыйынчылыктарды, талаш-тартыштарды көрдүк, карактоого, алдоого дуушар болдук, адамдардын бийиктигине-пастыгына, жакшысына-жаманына да күбө болдук. Айрым учурда жакшы иш кылып жатам дегиң келет, бирок туура эмес системаны кошо бекемдеп, анда орун алып алгандарды колдоп, башкаларды ошого көз каранды кылып жаткандай сезимдесиң. Долбоор 2020-жылы ийгиликтүү соңуна чыкты, аягында «Нур» деген транзиттик үйгө Бишкектен имарат сатылып берилди, дагы көп каражат муктаж адамдарга кетти.

Эмнеси болсо да, бул долбоордун бир бөлүгү болуп, ал жерде басып өткөн жолдон мен абдан жакшы сабак алып, учурда жыйынтык чыгарып отурам десем болот. Эң натыйжасыз жардам – адамдын колуна оокат же акча карматуу деп айтмакмын. Анткени материалдык нерсе убактылуу гана, ал колдонулат, түгөнөт, андан кийин адам кайрадан жардамга муктаж. Ал эми эң пайдалуу жардам болсо адамды бир нерсеге үйрөтүү же бир адамды психологиялык терапия аркылуу «ойгондуруп», ага өз жашоосуна өзү ээ болууга түрткү берүү болду. Адамдарга өз мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн билим берүү керек. Ушул себектерден улам мен материалдык жардамды, маданий, социалдык жана билим жаатына которо баштадым. Жардам берүүнүн түпкү мааниси бул – көөдөнүңдүн көксөөсүн канаттандыруу дейт элем.

Германиядагы жаштар тууралуу бир-эки сөз айта кетсем: Бул жердеги мекендештер Кыргызстанга абдан жигердүү салым кошушат. Жардам уюштурган уюмдар көп, ыктыярчылар да көп, ынтымак, ич-ара жалпы түшүнүк бар. Мисалы пандемия учурунда «Jardam.KG», «BIZ e.V.» жана «Кыргызстанга үмүт» деген уюмдар абдан чоң жардамдарды уюштура алышты. Бири дүйнө жүзүндөгү доктурларды, айти адистерин чогултуп кеп-кеңеш менен аралыктан жардам кылса, экинчиси меджабдууларды, дары-дармектерди жиберип, үчүнчүсү болсо финансылык каражат чогултуп, өлкөдөгү ооруканалар менен дарыгерлерге көмөк көрсөттү.

Кыргыздардын бул жердеги артыкчылыгы – билимдери, талапка ылайык кесиптери жана өз мүмкүнчүлүктөрүнүн бардыгы. Айрым учурда долбоорлорго демөөрчү издебей өздөрү финансылык жактан камсыз кыла алышат.

-        Негизги ишиӊизден сырткары эмнеге кызыгасыз?

-        Он жылдан ашуун убакыттан бери йога менен машыгам. Акыркы 5-6 жылда зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен иштеген психологдорду коштоп жүрүп, социалдык психология боюнча тажрыйба топтодум, хобби катары башталган нерсени кошумча кесипке айланттым десем болот. Андан тышкары көркөм жана документалдуу тасмаларды, адабий жана илимий макалаларды котором. Кыргыз тилдүү контент жараталы деген жердештеримди жана башка социалдык долбоорлорду колдойм. Жалпысынан жакшы иш, жаратмандык идея жана башкаларга пайдалуу нерселердин баарына кошула дагы, жардамдаша дагы берем.

 

Чет жакка чыгып окуп, иштегиси келген жаштардын саны арбып баратат. Аларга кандай кеӊешиӊизди берээр элеӊиз?

- Эӊ башкысы тил үйрөнгүлө деп айтмакмын. Анткени тил көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Андан тышкары учурдун талабына ылайык кандай кесиптер бар, ошол кесиптерди үйрөнүп, ошол кесиптин ээси болгонго болгон аракетин жумшашы керек.

Негизсинен болсо, адам карыбы-жашпы өзүн өзү өнүктүрүп, сабаттуулукка умтулуп, маалымат алганды билип, көп окушу керек. Реалдуу максат койгон, жакшы чөйрөнү түзгөнгө аракеттенип, жакшы адамдар менен жанашкан да адамга жакшы жардам берет/

-        Сизге Германия эмнеси менен жагат?

-        Мага Германия мамлекет катары өзүнүн функциясысын жакшы аткарган, жарандарын баккан, алардын укуктарын коргогон, алардын коопсуздугуна жана саламаттыгына кам көргөн, билим алууга жакшы шарт жана мүмкүнчүлүк түзүп берген өлкө болгондугу үчүн жагат. Немис коому эркин, толеранттуу жана эрежелерди жакшы сактайт. Бул жерде адамдын эмгеги, билими, иш билгилиги бааланат. Мен үчүн Германиянын артыкчылыгы да ушунда.

-        Немистердин кыргыздыкына окшош сапаттары барбы?

-        Аябай жакшы майрамдап коюшат, ошол жагынан бизге окшош болсо керек. Кээде кеменгер, ак көӊүл жана боорукер, жардамчыл келишет, ошол жактарын бизге окшоштурам.

- Миграцияда жүргөн негизи эле кыйын да, айрыкча аял киши үчүн, бирок, ошентсе да кандай жакшы жактары бар?

- Миграция кайсы өлкөдө жана кандай шартта болгонунан көз каранды. Мисалы Германияга биз кара жумушка келбейбиз. Билим жана кесип миграциясы менен келебиз десек болот, анткени ар кандай билим алуу боюнча программалардын гана алкагында бул жерге келгенге мүмкүнчүлүк бар же бул жерде талап кылынган жогорку кесиптин аркасы менен ишке орношуп келсе болот. Келе жатканда эле башкача шартта, кайсы бир жөндөм, билимтил жана каалоо-ниеттер менен келебиз. Бул жакка келген жаштардын эӊ негизги максаты – билим алуу. Андан кийин ишке орношуу, акча табуу... Ошон үчүн келгендер бул жердеги системага аралашып, эрежелерге баш ийип, мыйзамды карманып, коомго интеграция боло баштайт. Ансыз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес.  

- Жаӊы барганда аялзаты катары кандай кыйынчылыктарга туш келгенсиз?

- Көбүнчө жалгыз болуп, бөтөн эл бөтөн жерде үйдү сагынып, кичине жылуулук жетишпегендей  болгон. Себеби, бул жакта баары индивидуалисттер, ар ким өзүнүн ишин кылып, сен болсо өз көйгөйлөрүӊ менен жалгыз жүрө бергендей сезилет. Жергиликтүү коомду, бюрократияны жана билим-илимдеги системаны түшүнгөнчө убакыт керек. Бирок алып кеткенден кийин оӊой, бир нукка түшүп алып кете бересиң. Мен келген учурда өз тилиӊде сүйлөшүп же суроолоруӊду бергенге кыргыздар абдан аз болчу. Азыр кудайга шүгүр, фейсбуктан башкалар менен бат эле байланышып, суроо-жооп алса болот. Миграцияда бул жерде аял-эркектин айырмасы деле жок. Тескерисинче кыздарга Германия абдан эркиндик берген, чектөө жок жана коопсуз өлкө. Эл бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылат, дискриминация жокко эсе. 

- Кыргызстанга кайтуу туурасында ойлоруӊуз барбы?

- Жок, бирок кичи мекеним менен маданий-руханий байланышымды сактайм жана жогоруда айтып өткөндөй өлкөмдүн билим, тил, технологиялык жана маданий жактан өнүгүүсө колумдан келген салымымды кошом.

- Маегенизге чоӊ рахмат!

Төлөбүбү Касымалиева