Миграция балдарды эне мээриминен ажыратты

February 15, 2021, 12:11

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Сымбат Максутова материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 



Кыргызстандын миграция агымы 1990-жылдардын биринчи жарымында союз тарагандан кийин башталган. Завод-фабрикалардын жабылышы миңдеген адамдарды жумушсуз калтырып, кыргыз жарандары жумуш издеп, чет мамлекеттерге чыгууга аргасыз болушкан. жээрге наны жок олтуруп калганда аргасыз агылышкан. Өзгөчө аялдар үй-бүлөсүн сактап калуу, балдарын багуу үчүн алыскы жолго сапар тартышкан. Алар барганда короо шыпыргыч, пол жуугуч, үй жыйнагыч, тикмечи, көбүнчө базарга соода иштерине чыгышкан. Ысыкта тердеп, суукта тоңуп, ар кимден тил угуп, милициядан качып, жалтак болгон кыргыз аялзатынын өңүн элестетип көрүңүз. Биринин документи болсо, бириники жок, биринин үстүнө бири кирип жашап, эки киши жатчу жерге он экиси тыгылып, эне катары балдарын сагынып, эмчеги зыркырап, тапкан акчаларын тынбай бала-чакасына жөнөтүп турушкан. Зордукталганы, зомбулук көргөнү канча?

Бирок, аттиң-аттиң… Миңдеген балдар эне мээримине зар болуп, көкүрөгү зилге, көөдөнү муңга толуп, энесин көрбөй элесин сагынып, эшикке чыгып эчкирип ыйлап, үйгө кирип үңүлдөп сыздап, башканын айтканы баары бир болуп, окууга көңүл койбой, кичине жүрөгү жанчылып, жакшылыктан эрте ажырап, жашоонун жагымсыз жактарына жаштайынан малынып калганын кантип, кантип танабыз?! Аларга акча эмес, эне керек. Энеси жанында турса курсагы да ток, көөдөнү да ток. Ошондо ал сабакты да жакшы окумак, ата-энеси жанында жүргөн балдардай көп ийгиликтерге жетишмек, алдыңкы орундарды алмак. Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим. Энең турса эркелейсиң. Энең жок кимге эркелейсиң? Ички сырыңды, досторуңду, мектептеги окуяларды кимге айтасың?

Эне мигранттар өздөрү туюп-сезбей мына ушундай өксүктөрдү жаратты. Кудай энеден баланы ажыратпасын. Эне турган жерде гана бейиш болоорун энеге эркелеп өскөн балдар билээр. Биз миграция агымы менен жүз миңдеген балдарга мээрим бере албай калганыбыз чындык. Энеси жок оорулуу болуп калган, мектептен куулган, зордукталган, зомбулук көргөн балдар жөнүндө далай мисалдарды жаздык. Ошол мигранттардын балдарынан кылмыштуулук көп катталды. Алар көкүрөгүндө мээрими жок, катып калган жүрөгүн катуу иштерге жумшаганын мойнубузга алышыбыз керек. Миграция канча баланын жүрөгүн жаралады, эненин, атанын көкүрөгүн зилдетти. Акча мындай калып эле балдарды тарбиялоо өксүгүнөн көптөгөн проблемаларды жаратып алдык. Ал мамлекетке өтө чоң кедергисин тийгизди. Азыр да миграция маселеси курч бойдон турат. Завод-фабрика, өндүрүш, кызмат көрсөтүү иштери жанданбаса адамдардын жакшы акча табууга агылганы агылган…

Мигранттардан жылына 2,6 млрд доллар акча келет деген статистика бар. Ошол бир туугандарыбыздын эмгек күчү 2,6 млрд долларды өз өлкөсүндө иштеп тапса кандай сонун болмок. Ушул акчанын жарымын аял мигранттар берээрин изилдөөлөр көрсөткөн. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары аялдар акча табуунун абройлуу жолдоруна түшө башташты. Тил үйрөнүп, өз бизнестерин ачып, ошол өлкөнүн толук кандуу жаранына айланып, теңата сүйлөшүү, иштешүү укуктарына ээ болуп жатышат. Түштүк Кореяда, Дубайда, Түркияда, Америкада, Россияда иштегендердин жумуштары туруктуу, байымдуу болуп жатканын байкоого болот. Биз аялдардын миграциясы жөнүндө Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына кайрылып, суроо салдык.

Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:

  • Союз тарагандан кийин 1990-жылдан баштап миграциянын биринчи толкунунда эркектер кетишкен. Бирок алардын көбү туруктуу иштей албай кайра кайтышты, айрымдары кордук көрүп жүрүп  көнүп кетишти. Экинчи толкунунда аялдар көбүрөөк кетти. Бул 1992-1996-жылдардын ичинде болду. Ал жерде иш издеп, жатчу жай таап алуу абдан кыйын болду. Аялдар оор сумкаларын көтөрүп, балдарын апаларына, кайненесине, күйөөлөрүнө таштап кетишти. Кыргыз аялдары өтө бир тырышчаак, чыдамкай келет. Бир квартирада ондой аял жашап, кыйынчылыктарды тартышты. Элибиз 6,5 млн адам болсо, анын 1 миллиондойу Россияда жүрөт. Ушул учурда Москвада жүргөн мигранттардын 80%ы аялдар деп эсептейм. Эркектер кийин үчүнчү толкунга кошулуп барышты. Аларды дагы аялдары чакырышты. Документи жок барып, эптеген жумуштарга орношуп, аз айлыкка иштеген аялдардын укугу корголбой келатат. Эсибизде, Россиядагы бир басмаканада иштеген 14 кыргыз кыз-келин тирүүлөй өрттөнүп кайтыш болушту. Ошонун бирөөсүнүн эле ишкана менен эмгек келишими бар экен. Калгандарынын келишими жок иштеп, ошол жерде чогуу жашап жүрүшкөн. Казакстанга барганыбызда ал жерде иштеген аялдар көбүнчө кийим, бут кийимдерди сатышат экен. Москвада, Санкт-Петербургда, Дубайда кыргыз кыз-келиндер кызмат көрсөтүү ишинде мисалы, мейманканаларда, ресторандарда, барларда иштешет. Кыздар азыр ар кайсы шаарларда ун жана сүт азыктарын өндүрүүчү, кийим тигүүчү цехтерде, таңгактоо жумуштарында иштешүүдө. Анан аялдар көбүнчө соодага киришти. Бишкектен эле кийимдерди тиктирип алып чоң-чоң базарларда сатышууда. Аларга жардамчы болуп күйөөлөрү бул жерден жөнөтүштү, барып сатууга жардамдашты. Сырткы мигранттардан келип жаткан акчалардын көбүн дагы аялдар жөнөтүшөт. Анткени аялдар абдан үнөмчүл келишет. Чынында мигрант аялдардын өлкөгө кошкон салымы эбегейсиз.

Дастан Бекешов, Жогорку Кеңештин депутаты:

  • Пандемияга байланыштуу көптөгөн мигранттар, алардын ичинде кыз-келиндер өз үйлөрүнө келишти. Биздин кыздар Түркияда карыларды багат, Дубайда мейманканаларда иштешет. Ал эми Россияда негизинен соода кылышат. Аялдардын укуктарын Миграция кызматы менен Россиядагы ИИМдин бөлүмү караш керек. Кыргызстандын элчилиги биздин мигранттарга эмгек келишимдерин түзүп иштеш керектигин, ал кандай түзүлөөрүн айтып турушу, элчиликтин алдындагы юридикалык кызмат күчтүү болушу керек. Башкалар эмес, ошол жерде дагы кыргыз балдары кыздарды кыйнаган, зордуктаган учурлар бар. Биз кабыл алган “Миграция жөнүндө” мыйзам ишке кирген. “Мекендештер жөнүндө” мыйзам бар, бирок ал эскирди, нормалары талапка жооп бербейт. Аны кайрадан иштеп чыгыш керек. Бизде мигранттар менен диаспоралар өтө тыгыз иштешет. Дайыма эле импорт товарларды ала бербей, өзүбүздөн экспортко чыга турган товарлар көбөйсө, жумушчу орундар көбөйүп, мигранттар кайтып келмек”.

Миграция маселесин канча жазсак да түгөнчүдөй эмес. Жыл өткөн сайын миграция улам күч алып, улам сыртка чыгып кеткендердин саны көбөйдү, эгерим азайган жок. Демек, миграцияда маселе көп. Ыйлаган бала, сыздаган эне, акча алып жаткан ата-эне, ал акчага өткөрүлүп жаткан тойлор, курулуп жаткан үйлөр адегенде эле көз алдыңа келет. Арасында тапкан акчасына өз өлкөсүндө бизнес ачып жаткандар, кафе-ресторан куруп, соопчулук иштерди жасап жаткандар көбөйө баштады. Миграция кыргыз аялдарын курчутуп отуруп, өзүнүн эмес, өлкөнүн да экономикасына салым кошуп келгенин баса белгилешибиз керек.

Сымбат Максутова