Тилинген жүрөк, тилегине жеткен ишкер айым

February 10, 2021, 12:03

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Султаналиев Сайпидин материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 



Бириккен Улуттар Уюмунун берген аныктамасына карганда мыйзамдуу же мыйзамдуу эместигине карабастан, башка өлкөдө жашап калган бөтөн мамлекеттин жарандары мигрант деп аталат.


Дүйнө жүзүндө агымы азайбаган миграция экономикалык жагдайларга байланышкан табигый процесс болуп эсептелген менен башка өлкөгө чыгып кетүүнүн башка да толгон токой себептери көп.

Биздин каарманыбыз Айгул (каармандын өтүнүчү боюнча аты өзгөртүлдү) учурда Санкт-Петербург шаарында жашайт. Өз алдынча ишкерлик менен алектенет. Пандемия учурунда өзү туулуп өскөн айылына жардам катары бир миллионго жакын каражат жумшаган. Айгүл өз жашоосунда калкы үчүн ушундай жардам берип калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болом деп үч уктаса түшунө кирген эместигин айтат.

“Кээде кыйынчылык ийгиликтүү ишти баштоого түрткү берет”- деген сөзгө таптакыр ишенчү эмесмин. Күйөөмдүн токмогун жеп, балдар үчүн гана жашап өмүр өткөрөм го деген ойдон чыга албай жүрүптүрмүн”,- деп баштады каарманыбыз.

Запкы

-1998-жылы облусубуздун борборунда жайгашкан Педагогикалык коллежди аяктадым. Окууну аяктагандан кийин айылдагы ата-энемдикине барып, өзүм окуп бүтүргөн мектепке башталгыч классатын мугалими болуп орноштум. Кийинки жылы жогорку окуу жайдан билим алууну улантсам деген максатты көздөп жүргөм.

Бирок, тагдырым ошол күздө таптакыр башка жакка буруларын анда сезген эмес экем. Бир күнү мектептен келе жатсам, белгисиз жигиттер алып качып кетишти. Канчалык каршы болгонуң менен кыз киши алсыз болот экенбиз.

Мени коңшу айылдык жигит ала качыптыр. Бирок, ал жигитти мурда таптакыр көрбөптүрмүн дагы. Балким коё беришеби деген ойдо “сүйлөшүп жүргөн жигитим бар, мени коё бергиле”,- деп ыйлаганым эсимде.Так ушул сөзүм кийин мага каршы «жебе» болуп сайылды.

Апам “эл-журтка шылдың кылбай олтуруп калсын”,-деп жеңемди жөнөтүптүр. Ал келип бардыгын түшүндүрүп кетти.

Ошентип, тааныбаган, билбеген бир жигит менен турмуш жолун баштадым. Түшкөн жеримдеги айыл мектебинде орун жок болгондугуна байланыштуу мурдагы өзүм иштеген мектепте ишимди уланттым. Ага чейинки жол 3-4 чакырым болгондуктан жөө барып-келип иштеп жүрдүм. Кышкысын бат эле кеч кирет эмеспи. Бир күнү жумуштан күүгүм-талаш үйгө келсем жолдошум “сүйгөнүң менен “свиданияда” жүрдүңбү”,- деп мени токмоктоп койду. Бети-башым көгөрүп бир жумадай жумушка чыкпай, кийинки аптада мектепке барсам, директорубуз дароо эле байкады. “Кызым күйөөңдүн кыялы эмитен мындай болсо, кийин каякка барат. Ушундайыңда бардыгын жыйыштырып салсаңчы”,-деди. Мен ыйлап-ыйлап гана тим болдум. Ары менин ал кезде 2-3 айлык боюмда бар эле.

Жыл айланбай кыздуу болдук. Күйөөм болсо ичкен сайын “бул кыз менденби же сүйгөнүңдөнбү”,- деп мени сабап салчу. Кызымды көтөрүп алып, ата-энемдикине кетип калган күндөрүм дагы болду. Артымдан жалдырап барып кечирим сураса, кайтып келем. Кайра эле ошол күндөр башталат. Ошондой азаптуу күндөр 7 жылга созулду. Үч балалуу болдук. Бирок, күйөөмдүн жаман адаты токтобой койду.

Кадам…

Бир күнү Бишкекте жашаган бир тууган таэжемдин Россияда иштеген кызы, бөлөм Чынара айылга апамдардыкына келип калып, мага учурашканы барган экен. Күйөөм адатынча кызуу болчу. Телефонундагы Россиядагы иштешкендери менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп жатса эле “сенин сүйгөнүңдүн сүрөтүн алып келиптирби, ушул “шлюха” бөлөң менен кеткиң келип жатабы, чыгып кет үйдөн”-деп сөгүнө баштады. Мен эптеп тынчтандырууга аракет жасадым. Ыза болуп кеткен бөлөм тил кайтарды эле, тамак ичип жаткан чыны менен бөлөмдү чаап жиберди. Ортого алты жашар кызым экөөбүз түшө калдык. Күйөөм кызымды ыргытып жиберип, мени тепкилеп жатып калды. Ызы-чууну уккан кошуналар келип ажыратышты.

Ошентип жүрөгүмдөн зил агып, күйөөлүү жашоону кечип, үч баламды өзүмө кошуп алып, бөлөм Чынараны ээрчип үйдөн чыгып кеткениме он беш жылдан ашты. Азыр ойлосом Чынараны мага кудай боор ооруп жөнөткөн окшойт деп кетем. Балдарды апамдыкына таштап, Бишкекке келип эки айча туруп. Анан бөлөмдүн жардамы менен Россияга иштеп кеттим.

Мигрант…

Ушунчалык жашоого нааразы болуп, аны өзгөртүүгө ашыкканымданбы же боор этимен жаралган балдарымды алыста калганына зээним кейип, кандай да болбосун өзүмдүн жаныма алып келүү далатынанбы, айтор мен ал мезгилде кадай жумуш болсо дагы иштеп кетүүгө даяр болчумун. Эки-үч ай эркектерге кошулуп алып курулушта иштедим. Аябай оор болду. Кечинде бутумду тартаарга алым келбей жатып калчумун. Балдарымды эстегенде эч кимге көрсөтпөй бугумду чыгара ыйлачумун. Эртеси эл катары жумушка чыкмай.

Суук түшө баштаганда базарга сатуучу болуп орноштум. Курулушта иштеп жүргөн мен үчүн сатуучунун аткарган иши тозоктон бейишке келип калгандай эле болду. Дал ошол жерден мага “мен деле соода кылсам болот турбайбы”- деген ой пайда болду.

Жыл айланбай алган айлыгымды топтоп жатып, мен да өз соода түйүнүмдү иштете баштадым. Андан киреше таба баштаганымда, алгач улуу кызымды алып келдим. Андан соң балдарымды алдырып, мектепке киргизип алдым.

Күн-түн тынбай иштедим. Кыз киши акылга тез кирет деген чын. Эң улуум кыз болуп калганына сүйүнөм. Ошол кызым менин ордумду басып бөбөктөрүн чоңойтту. Колума кол, бутума бут, белиме бел болуп берди. Азыр студент. Келечекте мыкты дарыгер болсом деген тилеги бар.

Азык-түлүк саткан дүкөн иштетебиз. 2020-жылы бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, соода түйүндөр жабылганда продукты сатканыбызга байланыштуу биздин дүкөнүбүз иштеп жатты. Тактап айтканда, бизнес артка кеткен жок.

Мындай кырдаалды эч ким күткөн эмес да. Көпчүлүк карапайым калк кыйналды. Айылдаштарыбыздын кыйналып жатканын укканыбызда биз да четте калбайлы деп колдон келген каражатыбызды жөнөтүп жаттык. Кийин уксак, айылдын тың уул-кыздары биригип чогулткан акчанын жарымына жакынын биздин үй-бүлө бериптирбиз. Айыл үчүн ушунча жардам бере алам деп таптакыр ойлогон да эмесмин.
Чынын айтсам Кудай алдында күнөөгө баткым деле келбейт. Өз атымды чыгаргандан да алысмын. Эң негизгиси балдарым аман-эсен болуп, мендей кыйынчылыкты көрбөй бактылуу болушса экен деп Кудайга жалбарам.

Россиянын жараныбыз. Бирок, “Жүрсөм да денем чет элде, жүрөгүм менин Мекенде”, – дегендей өз киндик каныбыз тамган мекенибизге болгон сүйүүбүз баа жеткис.

Айылдаштарыбызга колдон келген жардамыбызды берип келебиз, мындан кийин да берип турабыз. Ал эми Кыргызстанга кайтып баруу жөнүндө азырынча ойлоно элекпиз. Негизгиси элибиз аман болуп, өлкөдө тынчтык болсо болду.

Сайпидин Султаналиев