Айыл өкмөттөрүндө окутуулар өткөрүлөт

January 12, 2021, 22:22

2021-жылдын 12-январында  «Коомчулукту инклюзивдүү жана  тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө  миграцияга дуушар болгон  аялдардын жана кыздардын  укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү»  долбоорунун, (кыскача аталышы  “Мигрант аял –өнүгүү түркүгү”) алкагында пилоттук айыл өкмөттөрүндө мастер класстарды, жолугушууларды жана лекцияларды өткөрүү  башталды.


Эскерте кетсек, долбоордун   ишмердиги  пилоттук катары Ош облусунун  Ноокат районундагы Төөлөс, Бел айыл өкмөттөрүн,  Жалал-Абад облусунүн Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүн,Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы Орозбеков, Ак-Турпак айыл өкмөттөрүн  жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы  Кара-Буура айыл өкмөтүн жана  Кызыл-Адыр айылын  камтыйт.        


Долбоор алкагында жергиликтүү жамааттар менен иштөө айылдын элине, мектептин жогорку класстарынын  окуучуларына  маалыматтык, агартуучулук багытындагы  тематикалуу  окутууларды өткөрүүнүн зарылдыгын көрсөттү.


Мындай  иш чараларды өткөрүү  долбоордун жумушчу планына да киргизилгенин белгилеп кетебиз. Буга ылайык  2021-жылдын  январь, февраль айларында айылдардагы активисттерге, мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына  IT кесибинин учурдагы мааниси, каржылык сабаттуулук,  репродуктивдүү ден-соолукту сактоо,  коопсуз миграция,  бизнести ачуу жана өнүктүрүү, критикалык- стратегиялык ой жүгүртүү,  ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле,  үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын-алуу,  ынтымакты, тынчтыкты бекемдөө жана БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1325 Резолюциясы жөнүндөгү,  ж.б. темаларды камтыган  мастер-класстар, лекциялар жана вебинарлар өткөрүлөт. 


Азыркы учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды  эске алып, окутуулар онлайн форматында уюштурулат. 



Долбоор БУУнун тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, Эл аралык миграция уюму,  БУУнун Аялдар түзүмү, Эл аралык Эмгек уюму жана  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жатат. 


Координатор Чынара Абдыраимакунова  +966705500586, chinturgun@mail.ru

Ассистент  Кулипа  Эсенбекова +996770007638 e.k.a_1991@mail.ru

 Ассистент  Бердибек Алсейитов +996709960005 berdi.alseiitov@gmail.com