«Күттүргөн жаз» поэзия кечеси

April 27, 2020, 23:14

21-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониянын Кичи залында «Күттүргөн жаз» деп аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү.


Кече акындар Бактыгүл Курманалиеванын, Айсалкын Сыдыкбекованын жана  Турдубек Токтосуновдун чыгармачылыгына арналды. «Күттүргөн жаз» поэзия кечеси сахнанын улуттук колориттеги жасалагасы менен өзгөчөлөнүп, аны акын Алтынбек Исмаилов алып барды.

 

Бактыгүл Курманалиева Ош облусунун Өзгөн районунунда төрөлгөн. «Макмал-Креатив» чыгармачылык бирикмесинин жетекчиси жана негиздөөчүсү. “Ак булуттар” жана “Аалам босогосу” аттуу эки китеби жарык көргөн.Көптөгөн обондуу ырлардын автору.Чүй телевидениесинин “Жылдын мыкты акыны “наамына ээ болгон. 2019-жылы “Эркин Тоо” газетасынын “Кыргыздын алдыңкы айымы” төш белгиси менен сыйланган. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү. Үй-бүлөлүү , 8 баланын энеси.

 

Айсалкын Сыдыкбекова Талас облусунун Кара -Буура районуна караштуу Чат-Базар айылында туулган. Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

 

Эмгек жолун Тоң районундагы “Эмгекчил” гезитинде кабарчылыктан баштап, кийин Ак Өлөң, М.Горький, А.С Пушкин атындагы орто мектептеринде мугалимдик кесипти аркалаган. “Ишеним”, Ыр-белек” аттуу китептердин автору. Ырларына Абас Чикеев, Нуркан Турсунбаев, Өмүрбек Рахманов, Сулайман Рыспаев, Жолдошбек Исраилов, Ильич Шамбетовдор обон чыгарышкан.“Макмал-Креатив” чыгармачылык бирикмесинин жооптуу редактору.

 

Токтосунов Турдубек Нарын облусунун Ат Башы районуна караштуу Казыбек айлында туулган. Чыгармачылыка бала күнүнөн кызыгып келет. “Тоодогу эргүү” аттуу китептин автору. “Данакер ЛИНГВО” маданий - илимий коомунун төш белгисинин ээси. Кыргызстан журналистер союзунун мүчөсү. “Макмал-Креатив” чыгармачылык бирикмесинин жооптуу катчысы.

 

Кече КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айнура Абдырахманова, белгилүү ырчылар Алтынай Эгембердиева жана Женгиз Мырзакуловдун аткаруусунда обондуу ырлар менен коштолду.


Сценарийин даярдаган «Нурборбор» Эл аралык чыгармачылык Академиясынын жетекчиси Нурбек Маамытбаев.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов Турсунбектин чыгармачылыгына арналат.