Биз сени унутпайбыз эл уулу Элмирбек!

April 21, 2020, 13:07

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева жана ал негиздеген «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду  Кыргыз Республикасынын Эл артисти, таланттуу төкмө акын  Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына, “Айтыш” фондуна  жана өнөр баалаган жамы элибизге  терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Э.Иманалиев  чыгармачылыгында  замандын күрөө тамырын кармай билген, өзүнүн курч ырлары аркылуу көйгөй маселелерди  таамай айтып ырдап чыккан, жарандык позициясы  бекем, мекенчил инсан эле. Бүгүн   Элмирбектей алп талантты жоготуп алганыбызга ишенип, ишенбей  кабыргабыз кайышып, дилибиз ыйлап,  ичибиз эңшерилип өксөп турабыз.  Элмирбекти  эл  өзгөчө жакшы көрчү. Ал  биздин Фонд тарабынан өткөрүлүп келаткан поэзия кечелеринин чыныгы күйөрманы болгон. Анын  ушул долбоор алкагында  уюштурулган “Ырперия” поэзия кечеси Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук  Филармониясынын Кичи залында  чоң аншлаг менен өткөнү эсибизде. Келген көрүүчүлөр залга батпай, тик туруп, анын ырларын комуз коштоосунда ырдатып, поэзия кечеси  чоң концертке айланган эле.

Арга жок, бүгүн сени жоктоп атып бул ырыңды эстедик:

“Ак жамгыр боздоп төккөндөй,
Ак бороон улуп өткөндөй,
Ала-тоонун башынан ак мөңгү эрип көчкөндөй,
Арман ай, ааламың калды томсоруп,
Асмандан айды бөлгөндөй...” 


Элмирбектин ырлары, жылдыздуу, токтоо элеси  элибиздин эсинде түбөлүккө калат, биз сени  унутпайбыз, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!