Роза Отунбаева: Пришло время изменить отношение к ребенку

April 15, 2020, 21:23

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева карантин маалында ата-энелерди бош убакыттан пайдаланып, балдарына ынак болуп, алардын үнүн угуп, баарлашууга чакырды. Азыркы учурду экс-президент балдарга мамилени өзгөртө турган, аларды жаңыча тарбиялай турган маал деп мүнөздөдү.

Отунбаева карантин убагында өспүрүмдөр өз жанын кыйганын коомдун трагедиясы деп атап, бул көрүнүш бай же кедейди тандабай турганын белгиледи:

«Демейде биз, жумушка барып, ээн-эркин басып жүргөн адамдар, азыр 24 саат бою үй-бүлөбүз менен бирге, бир жерде, бир үйдө байланып отурган кезибиз. Ушундай кырдаалда алсыздык сезимдер агрессияга айланып, эмоция менен кара күчтү алсыздардан, ошонун ичинде жакындардан чыгарган кез экен. Өспүрүмдөрдүн кетиши – бул алардын туугандарына, жакындарына таарынычы, кайгысы, жазасы. Азыр балдарга мамилени өзгөрткөнгө убакыт келди. Мекендештер, убакытты балдарыбыз менен бирге өткөрөлү, аларга китеп окуйлу, угалы, сүйлөшөлү, оюн ойнойлу. Ушундай оор кырдаалда балдарга келечекти көрсөтүп тургандар – биз, чоң кишилер болобуз. Ошондуктан ушул убакытты пайдаланып, кучагыбызды ачып, балдарды канчалык жакшы көрөрүбүздү көрсөтүшүбүз керек».

Ошону менен катар экс-президент мээрим бекер, жеткиликтүү, эч бир жоон капчыкка байланбаган сезим экенин кошумчалады.

Кыргызстанда акыркы апталарда өз жанын кыйган балдар көбөйдү. Ушу тапта милиция он чакты окуяны иликтеп жатат.

Коронавируска байланыштуу көпчүлүк аймактарда 15-апрелге чейин жарыяланган өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектеп жана башка тарбия, окуу жайлары да жабык турат.


Азаттык