Кеннединин мурасы - кыргыз саясатчыларына «алиппе»

February 2, 2020, 06:00
Бишкекте АКШнын 35-президенти президенти Жон Кеннединин "Каармандык өрнөктөрү" китебинин кыргызча котормосунун бет ачаары болуп өттү. Аны которгон белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Тынчтыкбек Чоротегин. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду тарабынан демилгеленип, жарыкка чыкты.

Жон Кеннединин атактуу китебинин кыргызча котормосу саясатчыларга, окумуштууларга саясий ишмердиктин маданияты жана жоопкерчилиги жөнүндө ой жоруп, талкуу баштоого өзүнчө бир жем таштады. Экс-президент Роза Отунбаева Кеннединин китебин кыргыз саясатчылары үчүн өзүнчө бир "алиппе" деп атады.

"Саясатчы болом деген адамдарга суудай керектүү. Кыргызстандагы ар бир депутат жана депутат болом деген ар бир адам ушул китепти окуса болот. Ушул китепти окуганда көрөт элеңер, кандай татаал болгонун булардын саясий турмушу. Бул китептеги сегиз сенатордун баскан жолу абдан татаал учурда болгон экен",-деди экс-президент.   "Баалуулуктар шкаласы" Бет ачаарга келген белдүү саясатчылардын ичинен "Ата Мекен" партиясынын лидери Ɵмүрбек Текебаев сөз сүйлөдү. Конституциянын атасы атыккан саясий ишмер азыркы чын-жалганы аралаш маалымат кайнаган доордо кыргыз саясатчылары үчүн чыныгы моралдык баалуулуктарды адашпай табуу актуалдуу болуп жатканын айтты: "Качан адам өзүнө жоопкерчилик алып өлүмгө да барат. Качан ал өзүнүн туура иш жасап жатканына ишенгенде. Эмне коньюнуктура, эмне түбөлүктүү экенин билбей турсак, андай кадамга барбайбыз да. Роза Исаковна басып чыгарган китеп моралдык ориентир гана эмес, баалуулуктардын шкаласы". "Ыйманыңарды уккула" Китепти тажрыйбалуу котормочу которгон. Тарых илимдеринин доктору, журналист Тынчтыкбек Чоротегин өз кезегинде Кеннединин китебинде баяндалган окуялар жана адамдар жашоодо акыйкат үчүн, чындык үчүн күрөшүүнүн, баатырдык көрсөтүүнүн өзүнчө бир өрнөгү боло аларын айтты. "Ким коркпой баатыр болот? Ар бирибиз. Кеннединин ушул сөзү жакты - "ар бирибиз". Ал үчүн эмне кылыш керек? Чечүүчү учурда өзүңөрдүн абийириңерди, ыйманыңарды, ички дүйнөңөрдү уккула дагы, партиябыз бул чечимге каршы болуп жатат же жердештердин ою мындай экен, биздин уруунун акскалдарынын ою башкача экен дебей, жок, мен жалпы улуттук кызыкчылык үчүн ушундай гана кадамды туура көрөм, керек болсо карыялардын бир беткей пикирине баш ийүүдөн баш тартам деп чыга турган учур баарыбызда болот",-деди Чоротегин. Саясий көз караштарды урматтоо Жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу саясатчылардын ортосундагы өз ара урмат-сый мамилени калыптандыруу маселесин козгоп, жыйырманчы кылымдагы залкар мамлекеттик ишмер Жусуп Абдракмановдун өрнөгүн эске салды. "Кара-кыргыз автономиялуу областы түзүлөрдө анын чек арасы кандай болот, борбору кайда болот, кайсыл республиканын курамында болот деген биздин элибиздин тагдырына байланыштуу терең маселе талкууга коюлуп калган учурда Жусуп Абдракмановдун ошол замандагы айыгышкан душмандарына жасаган урмат-сый мамилесиен айтайын. Абдракмановдун күндөлүгүн окусаңыздар, "Мен барып Кудайкуловдун акыбалын сурап келдим. Ага моралдык колдоо көрсөттүм "дейт. Ошол учурдагы партиянын биринчи катчысы Шубриков деген угуп калып, эскертүү бергенде Абдракманов өзүнүн позициясынан баш тартпай, "эгер ушул маселе боюнча ызы-чуу салып, Кремлге айта турган болсоңор, анда мен кызматынан кетем" дейт. Муну мен эмнеге баса белгилеп атам: Бизде ошол саясатчылардын бири-бирине болгон урмат-сыйы, саясий көз караштарды урматтоо биз үчүн бүгүн аябай керек болуп турат". Совет заманында Кыргызстан үчүн Батыштын, асыресе АКШнын саясий ишмерлери жөнүндө китептер, маалыматтар жабык болуп келген. Эгемендик келген чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери деле кыргыз тилинде дүйнөнүн жалпы эле маданий, саясий кенчине айланган атактуулардын баскан жолу, калтырган мурасы жеткиликтүү боло элек. Бул жагынан Кеннединин атактуу китебинин кыргыз тилинде жарык көрүшү ушул өксүктү азайтуунун, кыргыз элине дүйнөлүк асыл-нарк мурастарды жеткирүүнүн өзүнчө бир жакшы салымы болуп калды.

(КС)https://www.bbc.com/