Жон Кеннединин ишмердиги тууралуу китеп кыргыз тилине которулду

February 1, 2020, 06:00
АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин өмүрү жана ишмердиги тууралуу “Каармандык өрнөктөрү”- деген китеп кыргыз тилинде чыкты. Бул “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Өмүрү өрнөк адамдар” түрмөгүнөн чыгарган 5-китеп. Аны АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин китеп которуу программасы алкагында каржылаган. Жалпы 2000 нускада басылып, учурда 1500 китеп өлкөнүн бир катар китепканасына берилгенин уюштуруучулар билдирди.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"