«Гений» радиоуктуруу: Балдар үчүн «Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланды

January 27, 2020, 06:00

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп белгиленди. Албетте, балдарды коргоо багытында, аларга эрте жаштан билим берүү, Кыргызстандын региондорун таанытуу, жаратылышты жакшы көрүп аны коргоо жаатында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2019-2020-окуу жылында “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз” аттуу эки тилдеги усулдук колдонмо менен дидактикалык материалдан турган Билим сандыгы Бишкек шаарынын бала бакчаларына жана мектептерине тартууланды.


Билим сандыгында эмне кызыктар бар экендиги жана ал бала бакчалардын тарбиячыларына кандай жардам болуп жаткандыгы тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ программалык ассистенти Нурзат Жээмбаева жана №181 бала бакчасынын усулчусу Гульзат Кыдырбаева менен маек курдук.