«Шамалдагы от» поэзия кечеси болуп өттү

January 27, 2020, 06:00
2020-жылдын 24-январында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган “Шамалдагы от” аттуу отуз тогузунчу поэзия кечеси болуп өттү.

Кече жаш акындар Махабат Касеинова менен Турдубек уулу Садырбектин чыгармачылыгына арналды. 

Төкмө акын Чынгысхан Кожошев кеченин ачылаар алдында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун акындарга жасап жаткан мамилеси тууралуу жана кечелери өтүп жаткан жаш таланттар жөнүндө төкмө ырлары менен коноктордун маанайын көтөрдү.

Махабат Касеинова менен Турдубек уулу Садырбек өз ырларын окуп берип жатканда Узак Урмат уулу роялда жандуу музыкалар менен коштоп турду.

Андан сырткары жаш акындарыбыздын ырларынан, калемгерлер Бердибек Жамгырчиев, Венера Акматова, Калича Жакыпова, Нурбек Маамытбаев, Музфира Мамытова, Эрмек Чилде уулу, Алина Абдыкеева жана Максат Жангазиев сахнага чыгып окуп беришти.

Микрофонго Узак Урмат уулу Чопо чоор жана Сыбызгы менен “попури” күүлөрдү чертип көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, узак кол чабууларга татыктуу болду.

Ошондой эле кечени Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актерлору Эржан Осмонов, Жылдызбек Касеинов, Өмүрбек Израилов, Таалайбек кызы Анара, Изабелла Музурбаева жана Азиза Боронбаева ыр окуп коштоп турушту.

Кече чоң аншлаг менен өттү. “Шамалдагы от” поэзия кечесин белгилүү акын Акбар Кубанычбек уулу алып барды.