Санарип ыкмаларын 2000ден ашык киши өздөштүрдү

January 24, 2020, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 23-январында "Санарип 50+" долбоорунун окуу курсунун катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын экс-президенти, "Роза Отунбаеванын десилгеси" Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева жолукту.


Р.Отунбаева курстун угуучуларына долбоордун мааниси, максаты, зарылдыгы жана натыйжалары тууралуу кеңири айтып берди.


Биринчи кездешүү “Санарип 50+” долбоорунун алкагында ачылган окуу борборунда болду. Окуу курсунун катышуучулары кадырлуу жаш курактагы Бишкек шаарынын тургундары, алар курстун биринчи күнүндө долбоор жөнүндө, социалдык тармактар жана электрондук почта тууралуу жалпы маалымат алышса, экинчи күнү электрондук капчык - Элсом жана финансылык сабаттуулук боюнча маалымат алышып, терминал аркылуу коммуналдык төлөмдөрдү практика жүзүндө ишке ашыра алышты.


Экинчи жолугушуу пилоттук болуп кирген Бакай-Ата жаңы конушундагы №85 мектепте өттү. Курстун катышуучулары жаңы конуштун тургундары болду.


Р.Отунбаева курстун катышуучуларына өлкөбүздө эки жылдан бери санариптештирүү жылы деп аталып, көптөгөн иштер аткарылып жаткандыгын, бирок ал дагы жетишсиз экенин айтып, мындай сабактар аркылуу бул көйгөйдөн чыкса болоорун белгиледи.


“Мындан үч-төрт жыл мурун бир маалымдама кат алыш үчүн айылдан районго келчүбүз, көптөгөн азаптар менен иштер бүтчү. Азыр эч жакка барбай туруп, ишти бүтүрүп алсак болот. Анткени бардык кызматтар электрондук форматка өтүп, адамдардын жашоосу жеңилдетилүүдө. 2018-жылы Кыргызстан боюнча мобилдик банкинг менен пайдалангандардын саны беш пайыз гана болчу. Башка өлкөлөрдө 90 пайыздан ашык. Бул колундагы смартфон аркылуу бардык төлөмдөрдү жүргүзүшөт деген сөз. Биз дагы ушул көрсөткүчкө жетсек деген ниетте ушул окутуулар жүрүүдө”, - деди Р.Отунбаева.


Белгилей кетсек, улуу муундагы адамдарды санариптик жана каржылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөтүүчү “Санарип 50+” долбоору 2018-жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленип, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы тарабынан колдоого алынган. Бишкек шаарында беш окуу борбору ачылды жана пилоттук 10 жаңы конуштун мектептеринде акысыз окуу курстар өткөрүлүүдө. Окуу курска бардык каалоочулар катыша алат.


Суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда, Кыргыз Республикасынын Коомдук-саясий документтеринин борбордук мамлекеттик архивинде, Борбордук мамлекеттик архивде, Кызыл жарым ай коомунда да окуу курстар өткөрүлдү.


Жалпысынан 2000ден ашык жарандар окутуудан өтүп, санарип ыкмаларды өздөштүрүүгө жетише алышты.