«Шамалдагы от» поэзия кечеси өтөт

January 20, 2020, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте  жумурай журтка таанымал  белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү  төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече  эсеп боюнча  отуз тогузунчу жана ал жаш акындар  Турдубек уулу Садырбектин жана  Касеинова Махабаттын чыгармачылыгына арналат.  


Кече  «Шамалдагы от» деп аталып, үстүбүздөгү жылдын  24-январь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында өтөт. Саат 17.00дө башталат. Кирүү акысыз.


Турдубек уулу Садырбек  Нарын облусунун Ат-Башы районунун  1-Май айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен билим алган. «Нур борбор» Эл аралык чыгармачылык Академиясынын жана «Жаӊы толкун»  адабий клубунун мүчөсү. Ал өзүнүн  «Эне жана эне тил» , «Кеп тиш кийген Жер-Эне» ырлары менен окурмандардын кеӊири катмарына тааныла алды. Садырбектин ырлары адаттагы жамакташтырылган саптарга окшобой, оор жүгү менен, салмактуулугу менен окурман шыдыр  окуп өтүп кетпес сөз айкалыштарын түзгөнү баамга урунат. Ар бир жазган темасына жасалмасыз, табигый ыкма менен маани-маңыз киргизе алганы менен күчтүү жактары бар. «Ыракета ТУС» аттуу китеби жарык көрүүнүн алдында турат.


Касеинова Махабат  Нарын облусунун Ат-Башы  районунун Талды-Суу айылында туулган.  Кыргыз-Түрк Манас университетин аяктаган.  Анын ырлары  «Саамалык»,  «Алманын мөмөлөрү», «Много языков один мир» альманахтарына жарыяланган.  «Нурборбор»  Эл аралык чыгармачылык Академиясынын жана «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү. Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фонд уюштурган  «Дебют-2008»  жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү. 2009-жылы  «Много языков один мир» Конкурсунун Поэзия жанры боюнча  биринчи орунду жеӊип алган. Ушул жылы анын «Жолдо» деген ырлар жыйнагы жарык көргөн. 2010-жылдан бери Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Бул кечени белгилүү акын  Акбар Кубанычбек уулу  алып барат.