«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын геометрия боюнча Иран олимпиадада көрсөткөн ийгиликтери

November 3, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында геометрия боюнча Иран олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүп, ага 54 өлкөдөн 6 миң окуучу аралыкта катышкан. Кыргызстандан эки окуучу: Адилбек Абдырасулов күмүш медалын ал эми Барчынбек уулу Сыймык коло медалына ээ болушту. Олимпиадага көрүлгөн даярдык, түзүлгөн шарттар жана ийгиликтер тууралуу окуучулардын устаты “Келечек” мектебинин окутуучусу Мамат Ишматов жана олимпиаданын катышуучусу, күмүш медалдын ээси Адилбек Абдырасулов жана 2018-жылкы олимпиаданын жеңүүчүсү, алтын медалдын ээси Тамерлан Субанбаев менен маек курдук.