«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

October 21, 2019, 06:00

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы сезонун ачты. Кече чоң аншлаг менен өттү.

 

Иш чара учурунда акындар ыр аркылуу алым сабак айтышып андан соң өздөрүнүн лирика ырларын окушту жана эки акындын ырларын жаш өсүп келе жаткан акындар Алтынай Рысбекова, Кеңешбек Кошкеев, Айжамал Орозбекова , Чолпон Орозалиева , Канышай Жолдубаева жана Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Эрлан Жумагазиев көркөм окуп беришти.


Ошондой эле көрүүчу катарында келишкен кыргыз журтчулугуна белгилүү Кыргыз Республикасынын Эл акындары Карбалас Бакиров менен Надырбек Алымбековдор Жолочу Рысбаев менен Мая Осмонкуловага арналган ырларын сахнадан көүүчүлөргө көркөм окуп , белек катары тартуулашты.


Жолочу Рысбаевдин сөзүнө жазылган “Сулууларга суктанууга акым бар”,”Бешик алды”деген обондуу ырларын Кубаныч Ажыбаев жана КР Эмгек сиңирген артисти Советжан Асанкадыр , ал эми Мая Осмонкулованын сөзүнө жазылган “Балеро” обондуу ырын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисткасы Гүлмира Жолдошева аткарып беришти.


Кеченин соңунда эки акын кезектешип Сатира жана Лирика ырларын , ошондой эле өздөрү которгон ырларын көркөм окуп көрүүчүлөргө тартуулашты.


Акындардын ырлары өзүнүн бийик пафосу, лирикалуулугу менен көрүүчүлөрдү поэзиянын сыйкырдуу таасирине жетелеп, жагымдуу маанай жаратты.


Адаттагыдай эле кече аяктап жатканда КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл Аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаевага жана КР маданият , маалымат жана туризм министри А.Жаманкуловго жыйынтык сөз берилди. Р.Отунбаева өзүнүн сөзүндө кеченин бөтөнчө кызыктуу жана көркөм өткөнүн белгиледи жана Ж.Рысбаевди КР маданичтына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наамы менен кызуу куттуктады жана көрүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирди . Сөз алып сүйлөгөн КР маданият , маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов бүгүнкү поэзия сезонунун ачылыш кечеси чоң ыр майрамы болгонун белгилеп, акындарга ийгилик каалап , “Р.Отунбаеванын демилгеси” фондуна терең ыраазычылыгын билдирди .


Кечени белгилүү акын , КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү , Республикалык жаштардын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты Алтынбек Исмаилов алып барды.