Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

October 17, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү.


Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышышты.


Иш-чарада ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин жана IT Академиясынын студенттери жана угуучулары тарабынан даярдалган робототехника, 3 D моделдештирүү, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу багытында жасап жаткан эмгектери көргөзмөгө коюлду.


Конференциянын максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин “Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылына карата областтардын, райондордун активдерине, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, айыл аймактарынын башчыларына дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.