18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

October 14, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ырдайт” деп аталат.


Бул поэзия кечеси үстүбүздөгү жылдын 18-октябрда Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт. Саат 17.00 башталат. Кирүү акысыз.


Акын Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында туулган. 


Ал көп жылдар Кыргыз телерадиокомитетинин (азыркы Коомдук теле, радио корпорациясы) адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк Чүй облустук «Сарыөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактору кызматын аркалаган.


1988-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.


Учурда ал Кыргыз радиосундагы жекшембилик “Кутмандуу болсун күнүңөр” радиожурналын даярдоо менен Чүй облустук телерадио компаниясында улук редактор болуп эмгек өтөөдө.


Аындын «Чырмоок» , “Коңгуроо”, “Ой, шумдук”, “Ап-Чихи!-Чүчүңүз!”, “Ачуу-таттуу аралаш” ж.б. сатира, тамсил жанрындагы китептери жарык көргөн.


Акын Мая Осмонкулова Талас районундагы Кара-Суу айылында туулган.


1981–1988-жж. Талас облустук «Ленин туусу» гезитинде эмгектенген. 1992-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. М.Осмонкулованын «Он үчүнчү ай», «Аялуу дүйнө», «Жөн келген жоксуң жигит» деген ырлар жыйнактары жарык көргөн.


Кече КР эмгек сиңирген артисти Советжан Асанкадыр, Ж.Шералиев атындагы сыйлыктын лауреаты Жаңылан Айсаракунова, обончу жана белгилүү ырчы Кубанычбек Ажыбаевдин аткаруусунда обондуу ырлар менен коштолот.