Жаңы конушка жаштардын демилгеси менен универсалдуу спорттук аянтча салынды

September 25, 2019, 06:00

Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда универсалдуу спорттук аянтчанын ачылышы болду.

 

Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

 

Алгач “Ынтымактуу конуштар” долбооруна активдүү катышкандыгы үчүн конуштун бир катар тургундары Муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Жаштардын эмгегин конуштун тургундары баалап, алардын иштерине ийгилик каалап өтүштү.

 

Атайын даярдалган чакан концерттик программа тартууланып, Ак-Тилектин жаш спортчуларынан мастер класс көрсөтүлдү. Буга чейин Воркаут Федерациясынын “Барсбек” командасы менен бирге конуштун жаштары машыгып келишкен жана мындан ары да кызматташтык уланып, ал Федерациянын мүчөлүгүнө киришти.

 

Айта кетсек, универсалдуу спорттук аянтча “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында, конуштун жаштарынын демилгеси менен салынды.