«Гений» радиоберүүсү: Балдарды мектепке туура даярдоо боюнча кеңеш

September 13, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында балдарды мектепке туура даярдоо жөнүндө сөз болду.

 

Жаңы окуу жылы башталаарда, айрыкча 1-класска бара турган баланы психологиялык жактан даярдоо керектигинин маанилүүлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын психологу Абдужапарова Элиза, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башталгыч класстар боюнча адиси Мурсаева Айнура жана №96 мектебинин башталгыч класстардын мугалими Субанбекова Айнура менен маек курдук.