Жаңы конушка жаңы воркаут аянтча

September 9, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган воркаут аянтча ачылды.


Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.


“Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдраимакунова долбоордун өнөктөштөрүнө, конуштун жаш активисттерине, Коомдук ден соолук комитетинин мүчөлөрүнө биргеликте иш алып баргандарын баса белгилеп, ыраазычылык билдирди.


“Конуштун тургундары болбосо бул долбоор өз максатына жетпейт болчу. Силердин активдүүлүгүңөр, демилгелериңер, эл үчүн кылган эмгегиңер кайтты. Мына бүгүн конуштун эли жаштарга ыраазы болуп турушат. Балдардын жылмайган жүзүн көрүп биз дагы толкунданып турабыз. Бул иштин баардыгы ынтымактын негизинде келип жатат”, - деп айтты Ч.Абдраимакунова.


Райондук администрациянын атынан акимдин орун басары Мавлян Аскаров долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына салым кошкон “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна жана колдоого алган Бириккен улуттар уюмунун Калкты жайгаштыруу Фондуна терең ыраазычылык билдирди.


“Жаңы конуштардын ынтымагын бекемдеп, балдарга оюн, спорт аянтчаларын куруп, шарт түзүп берип жаткан бирден бир фонддор булар - Калкты жайгаштыруу жана “Роза Отунбаеванын демилгеси”. Тилекке каршы, көптөгөн фонддор бар, бирок масштабдуу түрдө конуштарда иш алып барып жаткан ушулар гана”, - деп белгиледи М.Аскаров.


Конуштун тургундары бүгүнкү көрүнүш жаштарга дем берип, аларга багытталган долбоорлорго мындан ары дагы жигердүү катышышат деген үмүттөрүн айтышты.


Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкташылган воркаут аянт конуштун жаштарынын демилгеси менен “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында салынды.