День культуры Пакистана на выставке «Жибек Жолу»

April 20, 2019, 06:00

Бүгүн, 20-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Пакистан өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара кыргыз, урду, англис, орус тилдериндеги саламдашуулар жана улуттук ырлар, бийлер менен башталды. Пакистан элинин улуттук кийимдери көрсөтүлдү.


Расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министринин кеңешчиси Алмаз Асанбаев, Пакистан өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Үчүнчү катчысы Тарик Али, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Роза Кайыкова жана Кыргызстандагы Эл аралык Университеттин Медицина факультетинин деканы Кубанычбек Кульбатыров сөз сүйлөштү.


Өзүнүн созүндө А.Асанбаев “Жибек жолу” көргөзмөсүнүн балдар үчүн таанып билүүчүлук, билим алуучулук чоң маанисин белгилеп, бул идеяны демилгелеп, уюштурган КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаевага ыраазычылыгын билдирди. Ал эми Тарик Али мырза да мындай масштабдуу маданий иш чараны уюштурган КР экс-Президенти Р.Отунбаевага, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна жана “Кийиз дүйнө” Коомдук бирикмесине, ошондой эле Пакистан күнүн даярдоого чоң салым кошкон Кыргызстандагы Эл аралык Университетке терең ыраазычылыгын айтты. Мындай иш чараларды мындан ары да биргелешип уюштурууга даяр экендигин белгиледи. К.Кульбатыров бүгүнкү иш чаранын көп бөлүгү Пакистандан Кыргызстанга келип окуп жаткан студенттердин күчү менен даярдалганын айтып, аларга өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.


Р.Кайыкова Көргөзмөнү уюштуруунун координатору катары иш чаранын идеяларына жана өтүп жаткан эрежелерине токтолуу менен өнөктөштөргө өзүнүн рахматын айтты.


Кинозалда Пакистан жөнүндөгү жалпы обзордук, ошондой эле тарыхый эстеликтери, билим берүүсү, айыл чарбасы тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү. Боз үйдө болсо балдар үчүн пакистандык мультфильмдер көрсөтүлдү, китеп окуп беришти. Фойеде мехенди, пакистандык урду, панджаби, паштун тилдери боюнча мастер класстар өткөрүлдү, кире бериште гилгит, паштун, сараки улуттук бийлери көрсөтүлүп, ырлар ырдалды. Ал эми кире бериштин оң жагында болсо спорттук оюндардын улуттук түрлөрү боюнча мастер-класттар өткөрүлду.


Стендде студенттер көркөм өнөр боюнча мастер класстарды көрсөтүштү,

Келген көрүүчүлөргө күн бою ушундай кызыктуу көрсөтмөлөр тынбай болуп турду.