День культуры Индии на выставке «Жибек Жолу»

April 21, 2019, 06:00

Бүгүн, 21-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара индия бийлерин бийлөө менен башталды.


Расмий ачылышында Эл аралык Медицина Жогорку Мектебинин ректору С.М. Ахунбаев, «ISM Edutec”директору, доктор Сонал Поту , “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Роза Кайыкова сөз сүйлөштү.


Р.Кайыкова “Жибек жолу” көргөзмөсү башталгандан бери бүгүн 12- ирет өлкөлөрдүн күнү белгиленип, көрүүчүлөр активдүү катышып жатканына токтолду. С.М.Ахунбаев өзүнүн сөзүндө Көргөзмөнү уюштурган КР экс-Президенти Роза Отунбаевага, ал негиздеген “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондуна өзүнүн ыраазылыгын билдирип, мындай иш чаралар өлкөлөрдүн маданиятын терең таанытаарын баса белгиледи. Атайын ушул иш чарага катышуу үчүн Индиядан келген «ISM Edutec”директору, доктор Сонал Поту Көргөзмөгө келгендерге өзүнүн куттук сөзүн арнады.


Кинозалда Индия өлкөсү жөнүндөгү “Табышмактуу Индия” документалдуу фильми көрсөтүлдү. Андан соң концерт тартууланды. Концертте көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган Индиянын мыкты фильмдеринен ырлар аткарылды. Ошондой эле балдарга “Рамаяна” эпосунун негизинде тартылган мультфильм көрсөтүлдү.


“Бхаратнатьям” (бий), “йога” жана улуттук кийим - сарини кандай кийүү, мандалдарды тартуу, михенди (кыздардын колуна хна менен сүрөт тартуу), “ранголи” – полго же дубалга тартылган бакыт сүрөтү, чатуранга (шахмат ойноо) жана лила (стол үстүндөгү байыркы индия оюну) боюнча мастер класстар өткөрүлдү. Масала чай жана башка индия даамдары менен көргөзмөгө келгендер ооз тийди.


Индия ырларынан караоке жаңырды.

Ошондой эле Индия товарларынын, татымалдарынын жана чайларынын жарманкеси да уюштурулду.