День культуры Узбекистана на выставке «Жибек Жолу»

April 18, 2019, 06:00

Бүгүн, 18-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде жүрүп жаткан «Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Өзбекстан өлкөсүнүн күн болуп өттү.

 

Иш чара керней, сурнайлардын шаңдуу үнү менен коштолгон концерттик программа менен башталды. Расмий ачылыш салтанатында КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Комил Рашидов куттуктоо сөзүн айтышты.

 

Р.Отунбаева Өзбекстан бизге эӊ жакын кошуна өлкө экендигин, бирок айрыкча балдар бул өлкө тууралуу жакшы билбегенин белгилеп, аларды Өзбекстан тууралуу музейден көп маалымат алууга үндөдү. Ал эми элчи К.Рашидов Көргөзмөнү уюштуруп жаткан КР экс-Президенти Р.Отунбаевага тереӊ ыраазылык айтып, кыргыз менен өзбек эли тили, маданияты, керек болсо тамак-ашы абдан окшош эл экенин белгиледи.

 

Андан соӊ аталган музейдин кино залында «Табассум» бий жамаатынын, эстрада ырчыларынын концерти, өзбек жана кыргыз элинин жаӊы кийимдеринин модасын көрсөтүү, өзбек салтындагы «Келин салам» тартууланды.

 

Кинозалда Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу элчиси К.Рашидов студенттерге жана мектеп окуучуларына “Эл аралык мамилелер” деген темада лекциясын окуду.

 

Ал эми “Жылдыздар китеп окуйт” иш чарасынын алкагында Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Кеңешчиси Улукбек Абдуяминов болсо балдарга жомок китептерден окуп берди

 

Чоподон жасалган буюмдардын, өзбек ашканасынын жарманкеси уюштурулду. Улуттук аспаптарда ойноо жана бий боюнча мастер класстар өткөрүлдү.

 

Ошондой эле көргөзмөгө келгендерге «Фарход ва Ширин», «Навруз», «Канатоходство», «Садоводство» тарыхый кинофильмдери жана мультфильмдер көрсөтүлдү.