День снежного барса прошел на выставке «Жибек Жолу»
April 14, 2019, 06:0014-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Ак илбирс күнү болуп өттү.
Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө ак илбирс тууралуу видео ролик көрсөтүлүп, балдар арасында ак илбирсти билүү боюнча викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө чакан белектер берилди. Фото капкан тууралуу кенен маалымат берилип, ал залда отургандарды сүрөткө тартып алгандарын кайра балдарга көрсөтүштү.
Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде, КР Эл артисти Жамал Сейдакматова “Ак илбирс” музыкалык, пластикалык спектаклын коюп, аны Тунгуч жаштар театрынын студиясынын тарбиялануучулары, Бишкек шаарынын орто мектептеринин 10 жаштан 17 жашка чейинки окуучулары аткарышты.
Жаш акындар Мамбеторозо уулу Мамбеттокто менен Бакыт Шаршеналиевтен ак илбирс жөнүндө айтышы болду.
Көргөзмөнүн интерактивдүү зонасында балдар пластилинден ак илбирсти жасашып, сүрөт тартып, ар кандай мастер класстар уюштурулду.
Шахмат боюнча Азия чемпиону Айжан Съездбекова менен келген коноктор шахмат ойноп жатышты.
Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсү тууралуу сыналгыдан угуп Талас шаарынан, чоң энеси менен келген Айдиншер пластилинден ак илбирсти жасоо боюнча мастер класс өткөрдү. Алыстан сапар тартып келген Айдиншерге да чакан белек берилди.