День культуры Монголии в рамках интерактивной выставки «Жибек жолу»

April 9, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Монголия күнү болуп өттү. 

 

Көргөзмөгө КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, КРдагы Монголия Республикасынын башкы консулу Тогтох Ганболд катышты. 

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркул Кендирбаева сөз сүйлөп, Жибек Жолу көргөзмөсү балдар жана ата-энелер үчүн 15 өлкөнүн каада-салты, маданияты менен тереңинен таанышып чыкканга ыңгайлуу аянтча экенин баса белгилеп, Монгол консулдугунун өкүлдөрүнө дагы көрүлгөн даярдык үчүн ыраазычылык билдирди. 

 

Көрүүчүлөргө Монголия Республикасынын башкы консулдугу тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, жандуу ырлар, монгол элинин улуттук бийлери менен коштолду, Цоггэрэл Баттулга “Энекем ай” ырын кыргыз тилинде ырдап берди. 

 

Боз үйдө монголдордун ЮНЕСКОго киргизилген “MORIN KHUUR” музыкалык аспабы тууралуу тасмасы көрсөтүлүп, интерактивдүү бөлүгүндө балдарга мастер класстар өтүлүп турду,монголдорун “гэр”, бизче боз үйдү куруу боюнча, “оньсон тоглоом” логикалык балдар үчүн оюндары жана “шагай”, бизче чүкө оюндары көрсөтүлдү. 

 

Консул Зориг Гомбосурэн бөбөктөргө жомок окуп берди. КР экс-Президенти Роза Отунбаевага жана көргөзмөнүн бардык каалоочуларына байыркы монгол тамгасы менен өз ысымдары кагаз бетине түшүрүлүп белекке берилди.