Вечер памяти: Толомушу Окееву исполнилось бы 80 лет

September 16, 2015, 06:00

11 сентября в Национальной филармонии имени Т.Сатылганова состоялся вечер, посвященный памяти Народного артиста СССР, кинорежиссера, постановщика, дипломата Толомуша Океева.


Почтить память великой личности кыргызского народа пришли экс-президент КР Роза Отунбаева, вице- премьер министр КР Дамира Ниязалиева, министр культуры, информации и туризма Максутов Алтынбек и гости из России и Узбекистана. После выступления всех гостей открылась концертная программа, в которой выступали дети и внуки режиссера.

 




Целое поколение зрителей выросло на фильмах Океева. Многие воспринимали их как часть собственной истории, узнавали в героях себя, переживали вместе с ними. Вот это и есть мастерство великого художника, истинного творца. Он сумел по средством кинематографии передать зрителю самобытность, менталитет, переживание, мечты, чаяние и грезы своего народа. Именно по этой причине фильмы Т.Океева, снятые много лет назад, и по сей день на фоне современных исторических событий смотрятся по-прежнему свежо, живо и актуально. Каждая картина Океева несет в себе протест автора против несправедливости, лжи и лицемерия. Каждый кадр пропитан его жизненной силой, верой и справедливостью, его любовью к своей родине и человечеству.

 

Картины Океева неповторимы: «Небо нашего детство», «Улан», «Красное яблоко» и «Потомок Белого Барса» неоднократно представляли нашу страну на многих международных кинофестивалях и удостоились самых высоких наград, поднимая престиж нашей страны. Благодаря его творчеству иностранные зрители открывали для себя быт, культуру и невероятную красоту кыргызского народа. Океевские фильмы – это часть великого наследия не только нашей страны, но и часть мировой культуры и искусства.


 

Мы должны беречь это достижение и черпать из него уроки жизни, мудрость, терпеливость и взаимоуважение. И пока каждый из нас будет стремиться познавать прекрасное, Океев будет жить. Также он живет в каждом кинопроизведении, в сердцах зрителей и почитателей его творчества.

  Limon.KG


Текст выступления экс-президента КР Р.И.Отунбаевой на вечере,

посвященном памяти Народного артиста СССР, кинорежиссера, постановщика, дипломата Толомуша Океева



Маркум Толомуш Океевдин

80 жылдыгына арналган кечеде

сүйлөнгөн сөз,

11-сентябрь, 2015-жыл

 

 

Урматтуу ушул эскерүү кечесинин коноктору,

Урматтуу Жумаш-эже, Азиза, Имкен, Алима, Токемдин неберелери!

 

Турдакун Усубалиевдин кечеги куну о дуйного аттанышы менен өткөн доордун эшиги эми биротоло жабылгандай болду. Бүгүн биз чогулган Филармониябыз ошол социализм заманында курулуп бүгүнкү күдөрдө да кыргыз элинин эң салтанаттуу, жогорку жыйындарынын очогу болуп кызмат кылып жүрөт.

Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгы, атактуу кинотасмалары да негизинен ошол заманда жаралган. Океевдин ленталары дайыма духу кучтуу, фактурага бай, мазмуну курч, эң сезимтал, коомдун көйгөйлөрүн таамай чагылдырат. Тарыхты терең билип, байыркы доорлор менен сен деп сүйлөшүп, турмуштун кыйчалыш кезеңдерин китептен эмес, өзүнүн жан дүйнөсүнөн өткөрө билип, кату кармап, уучунан чыгарбай, Т.Океев бир топ унутулгус «Кыргыз керемети» деп аталган кыргыз киносунун берметтей жаркыраган тасмаларын жаратып кетти. Канчалаган идея, сценарий ошол бойдон кала берди!


Токсонунчу жылдары турмуш оор болуп, баары кыйрап, кино-өндүрүшү токтоп, режиссер-операторлор туш тарапка кетип, киностудия жүдөп калган кез болучу. Биз ошол убакта Тышкы иштер министрлигинде Туркияга Атайын жана Ыйгарым Элчи болуп дайындалган Толомуш Океевди биздин чыгаан кинорежиссерубуз, СССРдин эл артисти, айтылуу кинотасмалардын автору, легендарлуу парламенттин депутаты катары элдин арасында таанылган жана урматталган агайыбызды жан дил менен кабыл алганбыз.


Кыргызстан менен Туркиянын карым-катнаштары романтицизм доорунан отуп жаткан кез эле. Данкы алыска угулган Тургут Озал, Сулейман Демирель баш болгон лидерлер Кыргызстанга байма-бай каттап, биздин жазуучулар, окумуштуулар, артисттер, киночулар Туркияга барып, биздин мин-миндеген студенттер ал жердин университеттерин каптап жаткан чагы эле.


Төкөм түрк элине абдан чон сый-урмат корсотуп, эки тараптан бир бирине карай жакындап, таанышабыз, бирге иштейбиз деген жүздөгөн делегациялар менен кызуу иштешти. Океевдин фильмдери Кыргызстанды кузгудой көрсөтүп, визиттик карта сымал биздин өлкөгө түрк достор үчүн терезе болуп, аларды абдан суктандырды. Ал гана эмес, Анкарадагы дипкорпустун баары тамашакой, тили курч, көз-карашы кенен Төлөмүш Океевичтин тегерегинде дайыма чогулганына мен бир нече жолу өзүм күбө болгом. Сөздүн ток этери, Т.Океев Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык карым-катнаштарынын башында туруп, ал өлкө, түрк эли менен түбөлүктүү, терен, ар тараптуу мамилелерди түзүүгө эбегейсиз зор салым кошуп, пайдубалын түптөгөн десем жанылышпайм.


Дегеле Толомуш Океевичтин ал элге мамилесин көрүп, угуп, сезип, накта элчи болуштун бир топ эрежесин эстейсин: ар бир элчи барган өлкөсүн билип, жүрөгү менен терең кабыл алып, анын эң жакшы сапаттарын өз мекенине тартууга аракет кылса, ошол элчи мыкты деп саналат. Ал кишини угуп-тыншап жүрүп, боордош элге жылуу сезимдерди өзүмдөн байкадым.


Элчиликтин жамаатын талыкпай, күжүрмөн иштетип, балдарды барктап, көтөрмөлөп, колдоп, тамашакой мүнөзү менен бакыт-урматка бөлөп салчу эле. Биздин ТИМдин чоң жыйындарына келип, жаш дипломаттар менен баарлашып; алар мына ушундай залкар Ч. Айтматов, Т.Океев баш болгон залкар адамдар менен бир заманда иштештик эле деген ой сактап, сүйүнүп, көкөлөп калышат эле. Ээ, кайран заман!


Т.Океев айылда өсүп, элеттин элин, турмушун жакындан билген инсан. Ар бир фильм – бул режиссердун биографиясы деп озунун бир айтканы бар. Быйыл жайда кинематография департаменти менен биз иштетип жаткан жайлоо бала-бакчаларында Океевдин «Бакайдын жайыты» тасмасын баягы эски замандай кылып бутубуз жеткен жайыттарга чейин алып барып, күүгүм киргенде, ачык асмандын алдында көрсөттүк. Өшол учурлар миң чамалуу баланын эсинде унутулгус тун болуп калды деп ишенем.


Өткөн доордо он миллион малыбыз бар болуп, жылда 100 мин тонна этти өкмөткө тапшырып, Советтик Кыргызстан малчылардын эмгегине таянып, буткул союздук казынага озубуздун улушубузду узбой кошуп, элибизди бакканбыз. Азыр деле кыргыз мал менен байып жатканына баарыбыз кубобуз. Малдын саны кайрадан он миллиондон ашып, кыргыз туугандарыбыз акчасын банкка салбай, инфляция, девальвациясынан алысыраак, андан көрө каражатын малга салып, иштетип, малды акчага которуп, ошентип жан сактап, бизнесин гүлдөтүп келе жаткан кези. Ошол кездеги малчылардын накта турмушун Токем суроттогондой тасма али жокко эсе десем жанылбасмын. Ошол кездеги вертолет алыскы жайыттарга жетип, малчыларды тейлегенин коруп бугунку адамдар созсуз тан калышат! Толгоосу бышып калган аялдарды вертолет атайын учуп барып аска тоолуу жайыттардан райондук төрөт үйүнө жеткирээр эле. Артисттердин агитбригадалары, автолавка менен китептер, аларды коштоп акын-жазуучуларыбыз, кинодвижок барып чабандарды «агартып» келчү эле. Айырмасы эмне: мал менчикке өткөнү менен, совет заманындагыдай сандагы койлорду жалданган гана малчылар багып жүрүшөт! Аларда мурдагыдай бардыгы шайма-шай болбосо да бүгүнкү күндө биз малчылардын балдарын окутуп, аларды өнүктүрүүгө аракет жасайлы деп жайлоо бала-бакчаларын ачканыбыздын бир максаты ошондо.


Тоо арасында жай салкын, күндө жаан, кээде нөшөрлөп жаайт, мөндүр жүрүп кетек, карышкырлар көп, азыркы жыргалдын бир да жок. Ал заман менен азыркы замандын айырмасын дароо эле байкайсыз: Бакайды көчүп кеткиле, бул жайытты кесип жол өтөт десе, ичи күйүп-бышып жатса да, эч ызы-чуусуз оокатын чогултуп, аксакал үй-бүлөсү менен башка конушка кетип жатканын фильмден көрөбүз. Азырчы?! Жерүйдү ачтырбайбыз деп инвестордун ишин токтотуп, элди көтөрүп улам-улам эле каршы чыгып жаткан топторго эмне дейсиз!


Бирок чынында Төкөм акыйкат, чындык, тендик учун жанын бере турган инсан эле. Билгендердин баары аны Көкжал деп аташчу. Токсонунчу жылдары бийлик демократияны жамынып алып, автократиялык, үй-бүлөлүк башкарууга жылып, балчыкка батып бара жатканыбызды көрүп, биз четке сүрүлүп, кантсе туура болот эле деп көп сүйлөшөт элек. Теңтуш досторунун арасында эң чынчыл, кайраттуу, отко күйбөс, кошоматчылыка жакын жолобогон, сөзү оозунан түшпөгөн, бетке айткан Толомуш Океев - Ата-мекенинин патриоту, улгулуу, намыскөй Атуулу. Кыргыз десе Океевдин элеси ар дайым эсиме тушөт!


Төкөм кыргыз киносунун өлбөс-өчпөс классиги деген татыктуу наамга ээ болгон профессионал. Бир топ мыкты киночу кесиптештери менен биздин кинону дүйнөлүк денгээлге жеткирип «Кыргыз керемети» деген атка кондурушкан. Бүгүн биз аны кыргыз бренди, өлкөбүздү ааламга таанытуучу эң сапаттуу продуктубуз деп алаканыбызга көтөрөбүз. Дүркүрөп өсүп келе жаткан кыргыз кинематографиясынын жаңы жаралуу толкуну менен келе жаткан жүздөгөн кинорежиссер-операторлор үчүн Океевдин киносу бир сөз менен айтканда «үлгү–калып», орусча айтканда жогорку планка, англисче «бенчмарк» болуп тура берет.


Ким болбосун дүйнөдөн эрте кайтса, аны билгендерге, артында калгандарга өтө эле өкүнүчтүү, түгөнгүс арман болот экен. Бирок жазуучу, кинорежиссер, дегеле чыгармачыл, жаратман адам эрте кетсе орду толгус жоготууга туш келет экенбиз. Алар менен бирге дүйнө сүрөтү, асыл баалуулуктардын чечмеленгени, миндеген образдар, каармандар өчүп, барса-келбес дүйнөгө биротоло кетет экен. Төлөмүш Океевич мага бир топ даяр сценарийлерин көрсөткөн эле: мен дүйнөлүк деңгээлдеги эң татаал эпикалык идеяларды көтөргөнгө, аларды ишке ашырганга ушул киши гана жарай турганына аларды окуп, баалап терең ишенгем. Анда Чынгыз ханды монголдор али актай элек кезинде Темучиндин дүйнөнүн жарымын багынткан күчүн, анын шумдуктай образын чагылдырган тасманы тартып баштап да калган. Туркия менен Россияны ичинен терен билген адам катары, бул эки жумуруяттын ортосундагы эзелтен келе жаткан татаал карым-катнаштарынын тарыхын чечмелейин деген аракети да бар болучу. Мындай эпикалык полотнолор жарыкка чыкса – бир гана кыргыз кинорежиссеру Толомуш Океевдин колунан чыкмак!


XXI кылымда, бүгүнкү Кыргызстанда, дегеле дүйнөдө Төкөмдөй профессионал-киносүрөтчүлөр абадай жетишпей турат. Азыркы дүйнөнүн эң актуалдуу «туруктуу өнүгүү» көйгөйлөрүн чагылдырууда, түшүнүүдө, аларды чечмелөөдө «Ак илбирстин тукуму», «Бакайдын жайыты» аттуу тасмалардын ролу өтө зор. Толомуш Океевдин жалындуу Уркуя жөнүндөгү тасмасын көрүп, артка кайтып жаткан жокпузбу деп коркосуң?! Бүгүнкү күнгө жетиш үчүн, элибиздин жарымынын потенциалын иштетүү үчүн кандай оор, кылымга тете жолдон өттүк! Кандай адамдар ак жеринен күйүп, киши колдуу болуп кетти! Бүгүн дүйнөнүн баары алдыга умтулуп, эң бай, мусулмандын мусулманыбыз деген Кувейтте XXI кылымдын соңку беш жыличинде биринчи жолу аялдарды парламентке шайлаганга укук берилип, Саудиялык Аравияда айымдарга унааны айдаганга уруксат эми гана берилип жатса, биздеги белгилүү күчтөр аялдарды четке сүрүп чыгарууга аракет кылып, кайра артка тарытп жатканы жалганбы?! Анан Төкөмдөй Кокжаалдардын азыр арабызда болбогонуна кантип өкүнбөйсүң?! Кыргыздын ар бир кызы кичинекейинен баштап Уркуя Салиева, Ольга Мануйлова, Бубусара Бейшеналиева, Динара Асанова, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу жаркын эжелерин туурап өсүшү керек деп чакырам! Аялдарга арнаган унутулгус тасмаларыңыз үчүн Сизге, Төке, рахмат! Бүгүнкү кечеде ушул сахнада дүйнөлүк сахналарда Төкөмдүн атын чыгарып жүргөн уул-кыздары, неберелери бизге татыктуу концерт тартууламакчы, бул да ал кишинин, Жумаш эженин өчпөс тарбиясынын бир үлгүсү деп кабылдайбыз.


Талантыңыз, акылыңыз, тажрыйбаңыз бүгүн өлкөбүзгө өтө керек болуп турган учуру, Төкө! Калтырган рухий байлыгыныз элибиз үчүн баа жеткис кенч! Элибиз мындай уулун эч качан унутпайт! Эстеген сайын анын эмгегинде калган экинчи өмүрү узара берет.