Тил бар жерде — эл бар!
September 23, 2025, 08:18
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамына ылайык, кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алган.
Эне тил — бул биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз жана улутубузду сактап келген байлык. Ар бирибиз кыргыз тилин күнүмдүк жашообузда колдонуп, анын өркүндөшүнө салым кошуу менен келечек муунга чоң мурас калтырабыз.
Тил бар жерде — эл бар!
"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду бардык мекендештерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!