Изучаем наш Кыргызстан

July 22, 2024, 13:02
Жайкы каникул саякатка чыгуу үчүн эң сонун убак! Биз “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” китебинин (авт. А. Капалованын) каармандары Эркинай менен Бекжанга жана алардын ата-энесине кошулуп өлкөбүздүн 7 облусуна саякаттап, бул аймактар үчүн “визиттик карточка” болгон кызыктуу, көзгө урунарлык жактары, өзгөчөлүктөрү менен таанышууну чечтик. Бул иште бизге китепти окуп жана ар бир бөлүмдүн соңунда сынактарды жарыялаганга белгилүү жана таанымал инсандар жардам беришти.

Ошентип, ар бири 8-10 мүнөттөн турган, өлкөбүздүн кооз картасы түшүрүлгөн 9 роликти жасадык.

Бул китеп сиздин балаңыз үчүн Кыргызстандын биомаданий ар түрдүүлүгүнүн кооз дүйнөсүнө карай жетелеген алгачкы жол баштагыч болсун.

Күн сайын биздин өлкөнүн жаңы аймагы менен таанышабыз, кулактандырууларды байкаңыздар!!!
Биздин саякаттын урааны: «Мекениңди тааны, сүй жана сакта!»
Китептен окуганды жанынан барып көргөн андан да сонун эмеспи, андыктан онлайн саякатыбызды баштап Кыргызстаныбызды кыдырууга чогуу даярданалы!!!