Энелер күнү кут болсун!

May 18, 2024, 23:10

"Эне жүрөгү"

Асман жактан кат-кат булут калдайып,
Адыр-жонду имерчиктей айланып,
Чакмак чагып, чарт-чурт этип чагылган
Кара нөшөр төккөн турат камданып.

Ачык күндүн бүркөлгөнүн карачы,
Көйнөк кийбей ойноп кеткен баласы.
Ушул нөшөр жаабаса деп уулума
Үйдөн тынбайт энесинин санаасы.

Булут тарап асман чайыттай ачылды,
Күн желкеден теше тиктеп чакыйды.
Эми уулумдун этине ысык өтөт деп,
Энесинин капааттыгы ашынды.

Уулу келди бүркөлгөнсүп кабагы,
Ошол кезде даяр эле тамагы.
Куюп берип чоң ууртаса кубанып,
Курган эне калбай жатты жан-алы.

Уулу уктады, төшөгүнө жай жатты,
Ошондо да эне тынчып калмакпы?...
Кыңкыстаса кыймылдатат акырын
Кулунумду бастыбы деп «албарсты».

Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен
Бизди тууган энелердин жүрөгү.

(Байдылда Сарногоев)

Урматтуу энелер, сиздерди чын жүрөктөн Энелер күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге ден соолук, бакубат жашоо жана тынчтык каалайбыз. Ар бир уул кыздын кубанычына бөлөнүп, жүрөгүңүздөр сүйүнүчкө толуп турсун!

Урматыбыз менен
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду