“ПОЭЗИЯ — ТЕҢДИКТИН ЖАРЧЫСЫ” аттуу поэзия кечеси өтөт

December 1, 2023, 09:28
2023-жылдын 3-декабрында саат 11:00 Чүй облусунун Ивановка айыл өкмөтүндөгү №3 башталгыч мектебинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду уюштурган “Поэзия-теңдиктин жарчысы” аттуу поэзия кечеси өтөт.

Кезектеги поэзия кечеси эл аралык “Зомбулукка каршы 16 күндүк акциясынын” алкагында, гендердик зомбулукка көңүл бурдуруу максатын көздөйт.

Иш-чарада КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер- Жыпара Исабаева, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү-Абдыжалил Бетегеев жана КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Венера Акматованын чыгармалары жаңырат.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, жарандардын маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Ивановка айыл өкмөтүндөгү Поэзия кечеси “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан,“Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.