Вечер поэзии "Вечерняя лира"

May 25, 2023, 09:47

2 июня 2023 года в 18:00 в парке «Ынтимак-2» г.Бишкек Фонд «Инициатива Розы Отунбаевой» проведет «Вечер поэзии» в новом формате.

На мероприятии будут представлены произведения Алтынбека Исмаилова - лауреата литературной премии имени А.Осмонова, лауреата премии «Золотое перо» Национального союза писателей, Улукбека Омокеева - лауреата республиканской литературной премии «Золотое перо», Нуркыз Рыскул - лучшего работника культуры, которые  будут сопровождаться мелодичными песнями. Кроме того, во время  мероприятия среди собравшихся будут розданы книги Фонда «Инициатива Розы Отунбаевой» и подарки от компании «АсылМЕД».


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду көп жылдардан бери уюштуруп келген “Поэзия кечелери” демилгесин улантууда!

“Поэзия кечелери” Кыргызстандын белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган. КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке демилгеси менен Фонд 2016-2020-жылдары Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы белгилүү акын жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын эл-журтка кеңири тартуулап келген. Бул аралыкта 100 акын катышкан 40 поэзия кечесине 15 миңден ашык адам акысыз катышты.

2020-жылы COVID19 Пандемиясынан улам “Поэзия кечелери” үзгүлтүккө учурап калган. Учурда Фонддун демилгеси кеңири жайылтылып, көптөгөн поэзия кечелери өз алдынча өткөрүлүп жатат.

2023-жылдын 2-июнунда саат 18:00до Бишкек шаарынын «Ынтымак-2» паркында жаңы форматта “Поэзия кечеси” өтөт. Иш-чарада А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси-Алтынбек Исмаилов, Республикалык "Алтын калем" адабий сыйлыгынын лауреаты-Улукбек Омокеев, Маданияттын мыкты кызматкери-Нуркыз Рыскул кызынын чыгармалары жаңырып обондуу ырлар менен коштолот. Иш-чарада көрүүчүлөр арасында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду чыгарган китептер жана “АсылМЕД” компаниясынан белектер ойнотулат.