«АтаМЕНен» долбоорунун алкагында Нарын шаарында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча тренинг болуп өттү.

June 24, 2022, 06:12

2022-жылдын 14-15-июнда «АтаМЕНен»  долбоорунун алкагында Нарын шаарында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча тренинг болуп өттү.


Тренингге областтык жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү лидерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.


Эки күндү тренингде катышуучуларга долбоордун максаттары тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү Чынара Абдраимакунова, Арстанбек Сагынтай уулу жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясынан Венера Токтогонова жана Мамыткожоев Рахатбек маалымат беришти.


Ошондой эле тренер Калмурзаев Мирбек, эксперттер Мусаева Анара жана Балакунова Айнура  катышуучуларга социалдык-экономикалык өнүгүү, инклюзивдик өнүгүү тууралуу жана ченемдик-укуктук негиздер жөнүндө маалымат беришти.


Тренингдин катышуучулары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда балдардын кенже курактан өнүгүүсүн жана социалдык-гендердик сезимтал саясатты эске алуу абдан маанилүү экенин түшүнгөнүн белгилешти.


“Азыр коомдо зордук зомбулук, криминал көбөйүп жатат, ушуларды алдын алуу боюнча кичинекей нерседен башташыбыз керек экен. Ар бирибиз тарбия берсек балдар жакшы инсан болоооруна көзүм жетип жатат. Муну баарыбыз жайылтышыбыз керек экен, бүгүн көзүм ачылып жатат”-деди тренингдин катышуучусу Дүйшөнбиев Жумакадыр Ак-Муз аксакалдар сотунун мүчөсү.


Ошондой эле тренингдин дагы бир катышуучусу Байыш Абдыбеков долбоор алкагында өз салымын кошууга даяр экенин билдирди: “Эки жылдык долбоор экен, иш пландарды түзүп бекитип жатабыз, күздүн башталышы менен атанын ролунун мааниси тууралуу элге түшүндүрмө иш жүргүзүүгө даярбыз”-деди Байыш Абдыбеков.


Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова долбоордун максаты келечек муундун өнүгүүсүнө салым болгондон кийин мамлекеттик органдар тарабынан да колдоо болооорун белгиледи: “Долбоордун максаты жакты, биз ушундай долбоорлор менен биргеликте кенже куракта балдарды өнүктүрүүнүн маанисин ата-энелерге жеткирип, аталардын балдарына тарбия берүүсүнө катышуусун жогорулатуу үчүн чогуу иш аракет жасашыбыз керек”-деди Элмира Садыкова.


Тренингдин жыйынтыгында Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Орозказиева Анара сөз алып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. “Бизге да бул маалыматтар жетишсиз болуп жатат, ушул жерден алган маалыматтарды өзүңөрдүн жашоодо, айылдарда пайдаланып, бала бакчаларда да пайдаланасыздар деп ойлойм. Ар бирибиз ушул маалымат менен коомго пайда келтиребиз деп ишенем”-деди Анара Орозказиева.


“АтаМЕНен” долбоорунун максаты- балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү, аталардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана аялдарга жана балдарга карата зомбулукту азайтуу. Долбоор Нарын облусунун Ат-башы районунун Казыбек айыл өкмөтү жана Ак-Муз айыл өкмөтүндө, жана Нарын райондорунун Миң Булак айыл өкмөтү жана Учкун айыл өкмөтүндө ишке ашырылмакчы.


Долбоор Ага Хан Фонду менен биргеликте  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.