Спешите! Предновогодняя распродажа уникальных изданий!

December 14, 2020, 21:37

Как насчёт подарков на Новый год? Уже успели купить что-нибудь для своих друзей, родных и коллег? Если нет, то сейчас самое время узнать их пожелания и составить список. А перед тем, как превратиться в Деда Мороза, предлагаем заглянуть в нашу книжную коллекцию. В ней вы найдёте уникальные книги  для детей и родителей,  а художественно-биографических книги, рассчитанные на массовую аудиторию, из серии «Жизнь замечательных людей» — удивят Вас и порадуют ваших друзей, родных, коллег.


Также, у нас можно приобрести уникальные Новогодние открытки, которые были выпущены Фондом совместно с художником Шимовой Х.Ф. 

 

  

 Только до 25 декабря мы объявляем предновогоднюю распродажу!


Китептердин аталышы жана автору

Мазмуну

Цена со скидкой

«Манас в рисунках»

 

Автор- Б.Жакиев

З.Илипов

 

Эпос «Манас» - это уникальный код кыргызского народа, хранящий не только его историческую память, но и духовный потенциал для будущего: формулу единства, силы и устойчивости, мобильности нации вопреки всем мировым ветрам. 

Чтобы донести до каждого ребенка историю Манаса, познакомить вкратце с миллионами строк эпоса, авторы прибегли к жанру японской манги и написали сжатый текст в иллюстрациях. После знакомства с «Манасом в рисунках» читатель сможет обратиться к более глубокому изучению эпоса или трилогии в целом. 

На кыргызском и русском языках

700 сом

“Досторум конокко чакырат”

 

Автору: Алтын Аман

Сүрөтчүсү: Джум Гунн

 

Бул китеп Кыргызстанда жашаган ар түрдүү этностордун маданиятына жасалган чакан саякатты чагылдырат.  Китепте Бекжан аттуу бала   өзүнүн  кайсы достору  менен  бирге  бири- биринин  үйүнө коноко барып, ар кайсы элдин   бай салттуу маданияты менен жакындан таанышат.

 Ошондуктан бул эмгек өспүрүмдөр үчүн жаңы билимдерге жасалган мыкты саякат болуп эсептелет. Бул китепти окуп чыккандан кийин окуучунун курчап турган дүйнөгө болгон мамилеси оң жагына өзгөрүлөт, сезимталдыгы  артат. Классташтарды, досторду, кошуналарды урматтоо менен мамиле кылууга үйрөтөт. Мамлекетибиздеги эң маанилүү баалуулук болгон тынчтыкты жана достукту өнүктүрүүгө үндөйт.

200 сом

“Үч жаштан кийин кеч”

Автору: Масару Ибука,

Орус тилинен которгон:  А. Жоодонбеков

 

Бул китептин автору Масару Ибука Жапониядагы атактуу  “Сони” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал  бала менен  төрөлгөн күндөн тартып эле өтө дыкат алектене баштоо  зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук тажрыйбаларынын негизинде  жалпак тил менен айтып берет. Нобель сыйлыгынын ээси, экономист Джеймс Хикман адамдардын орто жөндөмдүүлүктөрү кенже куракта пайда болуп, алар менен системалуу иштөөнү канчалык эрте баштасак, ошончолук майнаптуу болоорун аныктаган. Ал тургай, ал экономикалык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган бир доллардын кайтарымы 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын аныктап чыккан.

Ошондуктан бул эмгекте балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасалат.

 

200 сом

“Балдарга базарлык”

Автору: Алым Токтомушев.

Бул  эмгек жаш жеткинчектерге арналат.  Китепте Адамзаттын тарыхындагы эң табышмактуу окуялар, даңктуу инсандар, легендарлуу Тигр-Ефрат өзөнүндөгү байыркы мамлекеттер, фараондор, эзелки китепканалар жөнүндөгү  маалыматтар камтылган.  Байыркы элдердин тагдыры, ошондой эле башка көптөгөн кызыктуу окуялар чагылдырылган.  Китеп балдарга  байыркы мурастардын сырларын ачууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 

200 сом

“Балерина”

Автору: Шагапова Нурия,

Сүрөтчүсү: Жылдыз Бекова

 

Китеп  өз  өлкөсүн  бүткүл дүйнөгө тааныткан, тоонун этегиндеги айылдын кызы,  атактуу биринчи кыргыз балеринасы  Бүбүсара  Бейшеналиеванын  балалыгын чагылдырат.  Кооз  иллюстрациялар  жаш  окурмандарды балет  дүйнөсү, балет   өнөрүнүн  кээ бир  түшүнүктөрү жана  терминдери менен тааныштырат. 

 Улуу балеринанын  90 жылдык маарекесине арналган.

 Кыргыз жана орус тилдеринде

300 сом

Башталгыч мектепке саякат

Автору: Д.Кендирбаева

Сүрөтүсү: Б.Жайчибеков

Китеп мектепке бара турган балдар  менен иштөө үчүн колдонмо катары пайдалануу сунушталат. Китеп жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен жазылган. Китептеги маалымат баланын жаш өзгөчөлүгүн ылайыкташкан жана жамааттагы анын ролун аныктоого, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандырууга максатын коёт

120 сом

“Мектепке даярдык”

Автору: Д.Кендирбаева

Сүрөтүсү: Б.Жайчибеков

Китеп балдарды алгачкы жолу мектепке барууга даярдыктарды көрүү жана таанып билүүсүн калыптандырууга арналат. Биринчи жолу мектепке бара жаткан балдар көнүп калган абалдан өзгөрүшүнөн кооптонот жана тааныш эмес айлана чөйрөдөн чоочуркап коркуу сезими пайда болот

60 сом

“Ынтымак сыры”

Автору: Д.Кендирбаева

Сүрөтүсү: Б.Жайчибеков

Бул китепте Кыргыз Республикасында жашаган көп улуттуу элдердин ортосундагы достук мамиленин маанилүүлүгү чагылдырылган. Сууну жана жаратылышты сактоо жана коргоо боюнча окуучулардын жана балдардын көз карашы, бири-бирине жана жаратылышка аяр, камкор мамиле кылгында гана жакшы маанай өкүм сүрүп, жашоо көңүлдүү, кызыктуу улана тургандыгы баяндалат

120 сом

“Кыргызстаныбызды Кыдырабыз”

Автор: Алтын Капалова

Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган Региондорду өнүктүрүү жылында жөн гана таанып билүүчү китеп чыгарылды, ал саякат-аңгеменин кызыктуу жана жеткиликтүү формасында жазылган. Кең-кесири географиялык карталар, ачык жана кооз сүрөттөр, ар бир областтын ажайып жерлерине милдеттүү түрдө басым жасоо, балдар үчүн тапшырмалар жана ата-энелер менен педагогдор үчүн сунуштамалар – ушулардын бардыгы бул басылманы кайталангыс кылат. Кыргыз жана орус тилдеринде.

350 сом

“Бешик ыры”

Кыргыз элинде баланы тарбиялоодо бешик ырынын мааниси жогору болгон. Ыр аркылуу эне мээримин балага төккөн жана баланын айлана чөйрөну таанып билүүсүн эртелеткен. Бешик ырын уккан баланын угуу, туюу сезимдери бат калыптанып, тилинин так чыгышы, кеп байлыгынын өөрчүшү.

150 сом

“Юристанбек неге юрист болбой калды”

Автор: Э.Прояева

Китепте сүрөтчү Юристанбек Шыгаев атынан анын өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө, адамга дүйнөнү таанып билүү кубанычын тартуулаган живопись өнөрү жөнүндө баяндалат. Аңгемени түшүнүү үчүн зарыл терминдер жөнөкөй тил менен  чечмелеп берилет. Алар алкакка алынып, түс менен бөлүп көрсөтүлгөн. Түшүндүрмөлөр белгилүү картиналардын, алардын катарында Ю. Шыгаевдин да картиналарынын репродукциялары жана фото сүрөттөр менен коштолот. Окурманды дилгирлентип, көнүлүн буруу үчүн практикалык кеңештер-тапшырмалар берилет. Аларды аткарып жатканда жаш окурмандар  живопись өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүшөт. Кыргыз жана орус тилдеринде.

200 сом

“Муратбек жана анын Музыкага чапкан жолу”

Автору: А.Абетекова

Бул Муратбек аттуу баланын кичинекей кезинен эле музыканы жакшы көрүп, ага бүт өмүрүн арнагандыгы жөнүндө китеп. Музыканы жакшы көргөндүгү аны композитор деген ушундай кызыктуу, ажайып кесипке жетеледи.  “ Муратбек жана анын музыкага чапкан жолу” китебин “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду”Заманбап искусство-балдарга” долбоорунун алкагында даярдап чыгарды. Кыргыз жана орус тилдеринде.

200 сом

“Исмаилдин керемет үнү”

Автору: Д.азимова

Китеп опера деген эмне экендигин, ырчылык үндөрдүн кандай түрлөрү болорун жана белгилүү опера ырчысы Исмаил Жалилов бала чагында жана улан кезиндеги турмушу жана чыгармачылыгы жөнүндө баяндалат. Кыргыз жана орус тилдеринде.

200 сом

“Айман. Биринчи скрипка”

Автору: Р.Мусахаджаева

                Д.Азимова

Бул китеп кичинекей белгилүү казах скрипачы Айман Мусаходжоеванын таланты, эмгекчилдиги жана өжөрдүгү менен өз өлкөсүнүн эң мыкты скрипачы болууга жетишкендиги жөнүндө китеп. Кыргыз жана орус тилдеринде.

200 сом

“Пеледен Мурзаевге чейин. Футбол дүйнөсүнө саякат”

Автору: Иван Марченко, көркөмдөп сүрөттөгөн: Надежда  Хабачевская

“Пеледен Мурзаевге чейин. Футбол дүйнөсүнө саякат” китеби биринчи кезекте балдарга арналган. Бирок чоңдорго да кызыктуу болушу мүмкүн. Анда футболдун тарыхы жана эрежелери, мурдагы жана азыркы мыкты оюнчулар, атактуу машыктыруучулар, даңазалуу командалар менен стадиондор жөнүндө сөз болот. Соңку жылдарда ыкчам өнүгө баштаган кыргыз футболуна өзгөчө орун берилет. Китеп эки тилде басылып чыгарылган жана

 

Кыргызча-200 сом

Орусча -200 сом

“Кыз китеп”

Автору: Бактыгүл Чыныбаева, Көркөмдөгөн: Надежда Хабичевская, Сүрөт жаратакан: Елена Кисенкова

“Кыз китеп” 8 жаштан 18 жашка чейинки кызга багытталган. Табият берген дене-түзүлүшүңдү жана  кыздын өсүп-өнүгүүсүн туураа  баамдоо аркылуу өзүндү кабыл алууга жана жакшы көрүүгө, ошондой эле бул  сага берилген аманат экенин түшунүү менен ден-соолугуңа кам көрүү, өзүңдүн кайталангыс жана өзгөчө экениңди дайыма эстеп жүрүүгө (унутпоого), ден соолугуңа кам көрүүнүн негиздерин билип, аларды сактоо,  туура тамактануу, өспүрүм курагыңдагы өзгөрүүлөрдү туура кабыл алууга арналган эмгек. Ошондой эле бул китеп бардык жаштагы окурмандаргада кызыктуу болот деп ишенебиз. Китептин автору Бактыгүл Чыныбаева, көркөмдөгөн Надежда Хабичевская, сүрөт жаратакан Елена Кисенкова

 

350


Давайте с любовью дарить друг другу хорошие книги!



Стоимость Новогодних открыток - 40 сомов.  Посмотреть ассортимент открыток можно ниже в слайдере.


По вопросам приобретения изданий звоните или пишите Whatsapp 0555004240