Положение о республиканском конкурсе колыбельных песен (на кыргызском языке)

June 7, 2017, 06:00


«Бешик ырлары» республикалык сынакты өткөрүүнүн

 

ЖОБОСУ (долбоор)




Сынактын уюштуруучулары:


«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу

Сынакты өткөрүү мөөнөтү 2017-жылдын 5-июнунан 1-ноябрына чейин.


Негиздеме:


Сөзүндө балага карата жакшы тилек, ошол бала уктаар учурдагы кырдаал жана башка ар кандай социалдык мотивдерди чагылдырган бешик ырларын энелер көбүнчө өздөрү ойлоп таап, обонго салып ырдашкан, же башкалардан үйрөнгөн ырларды баласына арнап ырдаган. Бешик терметкен эне сөзсүз үнүн чыгарып, уктап жаткан баласына алдей айткан. Алдей ыры баланы көшүлтүп, анын тынч уктоосуна өбөлгө болгон. Эненин үнү наристеге кубат берип, эне менен баланын ортосундагы бири бирине байланышын камсыздаган. Бала үчүн энесинин ырын угуп жаткандан артык ырахат жок. Анткени эненин үнү наристени камкордукка, мээримге бөлөп, коопсуз экенин сездирип, магдыратып уйкуга жетелеген. Бешик ырын дайыма угуп уктаган бала ага көнүп, энеси ырдай баштаганда эле уктоого аракетин жасайт.


Тилекке каршы, учурда коомдун тез өзгөрүүсү менен баланын артыкчылыктуу керектөлөрү эске алынбай калды. Миңдеген ата энелер бешик ырын жана анын зарылдыгын билишпейт. Мамлекет тарабынан атайын элдик жана жаңы ырларды жайылтууну демилгелөө жокко эсе.


Бала тарбиялап, чоӊойтуудагы маанилүү жагдайлардын бири болгон бешик ырлары элдин турмушунан улам барган сайын жоголуп баратат. Бүгүн миӊдеген наристелер бешик ырын укпай чоӊойууда. Энелер-аталар наристеси менен аз сүйлөшөт, айрыкча энелер ымыркай менен сүйлөшүүнүн кандай кажети бар дешет. Бешик ырын ырдаган энелерибиз саналуу гана. Ошондуктан , эне менен баланын, ата менен баланын ортосундагы өз ара мамилелерди канчалык жакын, эмоцияга бай уюштура алсак, бул баланын өнүгүүсү үчүн баа жеткис каражат экенин, бала тарбиялоодо чоӊ сапаттык секирик болоорун адистер белгилешкен.


Кыргыз элинде баланы тарбиялоодо бешик ырынын мааниси жогору болгон. Ыр аркылуу эне мээримин балага төккөн жана баланын айлана чөйрөну таанып билүүсүн эртелеткен. Бешик ырын уккан баланын угуу, туюу сезимдери бат калыптанып, тилинин так чыгышы, кеп байлыгынын өөрчүшү ылдамдаган. Ыр аркылуу баарлашуу баланын кабыл алуусун, эс тутумун эрте калыптандырууга өбөлгө тузгөн. Бешик ырлары көчмөн жашоодогу кыргыз элинин турмушун чагылдырып, бала тарбиялоодогу салттуу эрежелердин маанилүү элементи болгон.


Азыркы учурда элибиз күтүлгөн жана күтүлбөгөн ар кандай атаандаштыктарга чыдамдуу болсун десек, баланы төрөлгөндөн 3 жашка чейинки курагында тарбиялоого бөтөнчө көӊүл буруу маселеси турат. Бешик ырлары дал ушул мезгилде наристелерди өнүктүрүп, өстүрүүдө маанилүү каражаттардын бири болуп саналат. Биз кыргыз радиосунун «Алтын фондунда» сакталган композиторлор жана акындар биргелешип жараткан жана ырчылар ырдап чыккан бешик ырларын угуп көрүп, бул ырлар балдарды уктатуу үчүн эмес, сахнада көрүүчүлөр жана угуучулар үчүн ырдалганына ынандык. Бирок ошол эле учурда эл ичинде эч кандай музыкалык коштоосуз эле энелерибиз ырдап жүргөн бешик ырлары көп экенин билебиз. Ошондуктан, бүгүнкү күндө наристелерге бешик ырларын ырдоону жандандыруу жана жайылтуу, жаӊы баскычка жана сапатка көтөрүү максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен биргеликте мыкты бешик ырларына сынак жарыялайт.


Конкурстун максаты: Салттык (элдик) жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин эртелеп өнүгүүсү үчүн көмөк берүү.


Сынакка катышуучу бешик ырларына коюлуучу эреже-талаптар:


• Сөздөрүнүн бала үчүн тилек айтууга,аны сооротууга жана уктатууга багытталышы

• Ырдаган үндүн назик жана жагымдуулугу

• Ырдын уккулуктуулугу, жумшактыгы

• Ырдагы мээримдин төгүлүп турушу

• Ырдын эне менен баланын , ата менен баланын ортосундагы эмоциялуу жакындыкты камсыздоосу

• Музыкалык инструменттердин коштоосун колдонбоо

• Ырдын тексти 3 куплеттен кем болбоого тийиш

 

Сынакка Кыргызстанда жашаган бардык чыгармачыл инсандар, энелер, чоӊ апалар, тайэнелер катыша алышат. Ырдын тили чектелбейт.

Бешик ырлары эки номинация боюнча кабыл алынат:

1. Эл ичиндеги салттуу (элдик) бешик ырларын ырдоо

2. Авторлор аркылуу жаӊы жаратылган бешик ырларын ырдоо

Эскертүү: бир эле адам кааласа эки номинация боюнча да катыша алат.

Сынакка келип түшкөн ырлар атайын адистерден турган жюри тарабынан каралып, тандалып алынат.


Сынакка катышуунун шарттары: Бешик ырларын ырдап, аны CD же DVD дискке жазып, сөзүн өзүнчө кагазга жазып, аларды ковертке салып «сынакка» деп жиберүү керек. Ошондой эле конверт ичине сынакка катышып жаткан адамдын фамилиясы, аты-жөнү, дареги, ким болуп иштегени, мобилдик телефонунун номери көрсөтүлгөн маалымат да салынышы керек. Сынакка катышууну каалагандар бешик ырларын Бишкек шаары, Чүй көчөсү 106, 108-бөлмө дарегине жиберсе болот. Сурап-билүү телефону 0312 66 03 82.

Же бешик ырын, анын текстин жана сынакка катышуучу тууралуу маалыматты төмөнкү электрондук дарекке салса да болот: beshik.yry@gmail.com


Бешик ырларын конкурска тегиз кабыл алуу туру 2017-жылдын 1-ноябрына чейин жүргүзүлөт. 1-ноябрдан 10—ноябрга чейин сынактын экинчи туру болот. Бул мезгилде жюри мүчөлөрү тандалып алынган ырларды авторлордун аткаруусунда жандуу үн менен угушат жана жыйынтыгын чыгарышат.

Конкурстун жеӊүүчүлөрү атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.