Пресс-центр Жаңылыктар

15.04.2015

15-апрелде Экологиялык билим күнү белгиленет

15-апрелде Экологиялык билим күнү белгиленет, аны дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө майрамдашат. Ал демейде ар бир өлкөдө улуттук жаратылышты коргоо уюмдарынын демилгеси боюнча белгиленет. Майрамдын тарыхы 1992-жылы башталган, ал учурда Рио-де-Жанейродо БУУнун Курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча конференциясы өткөн. Экологиялык майрамдардын катарында бул күн өзгөчөлүү. Анын негизги милдети – экологиялык билимдерди алга илгерилетүү жана ...
15.04.2015

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» китеп окуусунун экинчи борбору ачылды

2015-жылдын 11-апрелинде саат 14.00дө Айтматов китеби китепканасында экинчи «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» борбору ачылды. Иш-чаранын меймандары Ч.Айтматовдун туугандары болду, алардын арасында анын бир тууганы Ильгиз Айтматов, Фонддун, Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, борбор шаардын билим берүү мекемелеринин окутуучулары, мектеп окуучулары бар. Иш-чарага «жылдыз» катары телекөрсөтүүнүн алып ...
09.04.2015

Роза Отунбаеванын «Ханс Зайдель Фондунун» президенти Урсула Мэннле менен жолугушуусу болуп өттү

Жакында, 2015-жылдын 8-апрелинде, саат 19.00дө Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын «Ханс Зайдель Фондунун» президенти Урсула Мэннле менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда өлкөнү өнүктүрүү маселелери жана эки фонддун кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.   Маалымдама. «Ханс Зайдель Фонду» 1967-жылы негизделген. Ал немецтик саясий фонд болуп саналат, ал өзүнүн максатын «Демократиянын, тынчтыктын жана өнүгүүнүн ...
08.04.2015

Отунбаева: Биз тандаган жолубуздан кайтпашыбыз керек

Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы Апрел ыңкылабы жана анын жыйынтыктарына карата кандай көз карашта? Кыргызстанда 2010-жылкы окуялардын кийин түптөлгөн парламенттик башкаруу канчалык калыптана алды жана анын келечеги кандай? Экс-президент Роза Отунбаева ушул жана башка суроолордун тегерегинде “Азаттыкка” маек курду.Айзада Касмалиева жана Улан АсаналиевАзаттык
08.04.2015

Роза Отунбаева: «Сабырдуу, рационалдуу жашашыбыз керек»

Кыргызстандын мурдакы президенти Роза Отунбаева апрель революциясы аталган окуялардын беш жылдыгынын алдында Би-Би-Сиге маек куруп, кыргыз коомун өткөн окуяларды дүйнө менен салыштырып карап, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болууга чакырды. Би-Би-Си: Кыргыз эли акыйкат коомду курууну макcат кылып, эки революцияны баштан өткөрүп жиберди. Бүгүнкү коомдук-саясий абалды карап туруп, революция көздөгөн максаттар ушундай эле деп айта ...
07.04.2015

Президент Алмазбек Атамбаев: «7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!»

Бүгүн, 2015-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында өткөрүлгөн Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышты.   Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана ...
07.04.2015

Демилге улантылууда: «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсү Берлинде

Берлиндин ортосунда Бранденбург дарбазасынан алыс эмес жерде «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Көргөзмө 2015-жылдын 1-апрелинде ачылган жана 22-апрелге чейин уланат. Ачылыш аземине көптөгөн саясатчылар, элчилер жана коомдук ишмерлер катышты. Бундестагдын вице-президенти Й.Зингхаммердин сүйлөгөн сөзүн белгилеп кетүү керек.   Көргөзмөнүн меймандарына Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль да ...
06.04.2015

Эми Билим берүү фестивалынын жаңылыктарына көз салуу оңой болуп калды – долбоордун өзүнүн сайты бар

Билим берүү фестивалы – балдар үчүн ар жылдагы Билим берүү фестивалы 2013-жылдан бери Бишкек шаарында өткөрүлүп келет. Бул долбоор өзүнө балдар жана мектепте билим берүү чөйрөсүндө ярмаркалардын, эс алуу борборлорунун, балдардын чоң майрамынын жана кесипкөй форумдун форматын айкалыштырат. Фестивалдын башкы максаты – балдарда билимдерге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, аларга маалымат менен иштөөнү каныктыруу. Ошондой эле эң кенже куракта эле өз ...
06.04.2015

Р.И.Отунбаеванын Кризистерди четтетүү боюнча эл аралык топтун Президенти Жан-Мари Гуенно менен жолугушуусу болду

Бүгүн, 2015-жылдын 6-апрелинде 16-00дө Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Кыргызстанда жумушчу визит менен жүргөн Кризистерди четтетүү боюнча эл аралык топтун Президенти Жан-Мари Гуенно менен жолугушуусу болду. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын басма сөз кызматы т.0772 85 57 10  
06.04.2015

Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусуна иш сапарынын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер

Жалал-Абад шаарынын Т.Тыныбеков атындагы филармониясында 3-апрелде экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен аялдардын региондук форуму өттү.   Жолугушуунун негизги тематикасы – Кыргызстандын өнүгүшүнө айымдардын салымы жана алардын азыркы коомдогу ролу. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар аялдардын билимге жеткиликтүүлүгү, алардын жарандык коомдогу ролу, экономиканы өнүктүрүүгө салымы менен байланышкан маселелерди, ошондой эле балдар менен ...
05.04.2015

Экс-президент Р.Отунбаева: Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде жана табигый кен чыккан жерлерде иштей албайт?

Эмне үчүн кыргыз айымдары ГЭСтерде, Иштамберды жана Бозымчак кендеринде иштей албайт? Бул жөнүндө 3-апрелде Жалал-Абадда аялдардын региондук форумунда экс-президент Роза Отунбаева форумдун катышуучуларына кайрылуу менен айтты.   Роза Отунбаеванын айтымы боюнча, Жалал-Абад облусу – жаратылыш ресурстарына бай регион. «Бул өнөр жайлуу регион, ал жаратылыш ресурстарына жана энергия булактарына бай. Биздин айымдарды геологиялык чалгындоо, нефть-газ өнөр жайы менен ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»